08/11/2026
Акча Психология 1-поток өткөрдүк
Ичинде координатор катары тапшырмаларды берип, анан аларды текшерип жатканда бир кызыктуу парадокс байкадым.
Бизде негизи 3 тариф бар.
Эң популярдуусу $350 Gold. Ал жакта резиденттер жумасына бир жолу жолугуп, Бакыт менен бирге Zoom live сабактарды өтүшөт. Бул группага $1500 төлөгөн Diamond тарифиндегилер дагы кошулуп отурушат. Андан тышкары, аларда 1:1 жекеме-жеке жолугушуулар бар.
Ал эми $100 Standard алгандар эртеси күнү өткөн жолугушуунун записин алышат.
Калганынын баары дээрлик окшош. Бир платформа, бирдей маалымат жана бирдей тапшырмалар берилет.
Эми бул жерден мен байкаган парадокс.
Эч кандай ойлоп чыгуу жок, жөн гана фактыларды көрүп жазып атам.
Diamond тарифиндегилер тапшырманы ошол замат аткарып башташат жана биринчилерден болуп бүтүрүшөт экен.
Эч кандай отмазка жок. Коркуу же сомнения жок.
Кандай айтылса, так ошондой жасап баштоо.
Баардыгы 100% аткарат.
Gold тарифиндегилердин жарымы тапшырманы аткарып баштайт, калган жарымы калып кетет экен.
Бирок алар кийинки сабак баштала турган күнү, башкача айтканда 1 күн калганда аткарышат.
Ал эми Standard тарифиндегилердин 30% гана кыймылдап, бир аз аракет көрсөтүшөт.
Группада активдүүлүк дээрлик көрсөтүшпөйт. Бирок личкасына жазып, сурасаң, жакшы инсайттарды алып, өз алдынча акырын кыймылдап беришет экен.
Мага кызыгы ушул болду.
Маалымат бирдей.
Тапшырмалар бирдей.
Платформа бирдей.
Бирок адамдардын мамилеси жана аракет кылуу ылдамдыгы таптакыр башка.
Эмнеден улам ушундай болуп жатат?
Менин жообум болсо мындай.
Адам канча көп акча төлөсө, ошончо көп аракет көрсөтөт экен.
Анткени адамда “мен бул үчүн акча төлөдүм” деген жоопкерчилик пайда болот.
Акча төлөдүм, демек сабакты калтырбашым керек. Тапшырманы аткарышым керек. Мүмкүнчүлүктү колдонушум керек.
Ошондуктан алар тапшырмаларды созбой, дароо аткарып башташат.
Балким, ошол себептен алар ийгиликке дагы батыраак жетишет.
Бул менин биринчи потоктон байкаган нерсем.
Кийинки потоктордо дагы байкап көрөм.