ЖАМУ ЖАГУ JASU

ЖАМУ  ЖАГУ  JASU

Share

Б.Осмонов атындыга Жалал-Абад мамлекеттик университети

27/05/2026

Курман айт майрамы менен ректордун куттуктоосу

Урматтуу Жалал-Абад мамлекеттик университетинин окутуучулары, кызматкерлери, студенттери жана жалпы мекендештер!

Сиздерди мусулман элинин ыйык майрамдарынын бири болгон Курман айт майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктайм!

Курман айт боорукерликтин, кайрымдуулуктун, сабырдуулуктун жана ынтымактын майрамы. Бул күндөрү ар бир адам жакшылыкка умтулуп, муктаждарга жардам берип, бири-бирине жылуу сөз айтып, кечиримдүүлүккө кадам таштайт.

Элибиздин биримдиги бекем болуп, ар бир үйдө тынчтык, береке жана бакыт өкүм сүрсүн. Эч бир мусулмандын башына кайгы-капа жетпесин! Эч качан башыбыздан бакыт, үйүбүздөн тынчтык, коломтобуздан жылуулук, ортобуздан достук, жамаатыбызда ынтымак, ЖАМУдан береке кетпесин!

Өлкөбүздө тынчтык орноп, жаштарыбыз билимдүү, мекенчил болуп өсө берсин. Жараткан баарыбызды ыйманда, ибадатта бекем кылып, өзү жакшы көргөн пенделеринин катарынан кылган болсун! Кыямат күнүндө жүзүбүздү жарык кылып, баарыбызга бейишке кирүүнү насип кылсын!

Курман айт майрамыңыздар маарек болсун!

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин ректору

Усенов Кеңешбек Жумабекович

26/05/2026

Кыргыз-корей кызматташтыгынын жаңы этабы: университетке King Sejong Institute Foundation фондунун өкүлдөрү келди
Толук маалымат👇👇👇
https://jagu.edu.kg/kg/categories/196/contents/8090

Photos from ЖАМУ  ЖАГУ  JASU's post 24/05/2026

ЖАМУнун студенти Эрлан Марс уулу Азия чемпиону аталды

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Дене тарбия, спорт жана аскерге чейинки даярдык кафедрасынын ДТ-1-23 тайпасынын студенти Марс уулу Эрлан грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпиону аталды.

Вьетнам Социалисттик Республикасынын Да Нанг шаарында өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча жаштар арасындагы Азия чемпионатында (U-17 жана U-23) Кыргыз Республикасынын курама командасы 6 медаль жеңип алышты.

Алардын арасынан Эрлан Марс уулу ЖАМУнун студенти, ал 82 кг салмак категориясында күч сынашып, алтын медаль тагынды.

ЖАМУнун жалпы жамааты Азия чемпиону болгон Марс уулу Эрланды куттуктайт жана мындан аркы мелдештерде дагы ийгиликтерди багындыруусун каалайт.

21/05/2026

ЖАМУда өткөн “Модель СНГ” студенттик конференция

21/05/2026

Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги жаңы илимий долбоорлорду тандоо башталышы жөнүндө жарыялайт.
https://egov.kg/kg/ministry/science/news/22650

20/05/2026

Сулайман Рысбаевдин “Кыргыз наркы” китебинин бет ачаары

Жалал-Абад мамлекеттик университетинде жазуучу, педагогика илимдеринин доктору, профессор жана башталгыч класстар үчүн “Алиппе” китебинин авторлорунун бири Сулайман Рысбаевдин “Кыргыз наркы” китебинин бет ачаары болду.
Толук маалымат👇👇👇
https://jagu.edu.kg/kg/categories/274/contents/7888

Want your school to be the top-listed School/college in Shymkent?

Click here to claim your Sponsored Listing.

Location

Address


Р. Азимова 49
Shymkent