Туйту Каракеев атындагы орто мектеби

Туйту Каракеев атындагы орто мектеби Contact information, map and directions, contact form, opening hours, services, ratings, photos, videos and announcements from Туйту Каракеев атындагы орто мектеби, Education, Tokmok.

Мамлекеттик тил күнүбүз куттуу болсун! Жергебизде тынчтык, токчулук, молчулук болсун!🇰🇬🇰🇬🇰🇬
23/09/2025

Мамлекеттик тил күнүбүз куттуу болсун! Жергебизде тынчтык, токчулук, молчулук болсун!🇰🇬🇰🇬🇰🇬

Туйту Каракеев атындагы орто мектебинин мугалимдеринин эс алуусу. Бул жылы Чуңкурчак жайлоосу, “Архар” эс алуу жайына ба...
06/07/2025

Туйту Каракеев атындагы орто мектебинин мугалимдеринин эс алуусу. Бул жылы Чуңкурчак жайлоосу, “Архар” эс алуу жайына барып эс алып келишти

Туйту Каракеев атындагы орто мектебинде 9-11-класстардын кыргыз тили жана математика предметтеринен мамлекеттик экзамени...
02/06/2025

Туйту Каракеев атындагы орто мектебинде 9-11-класстардын кыргыз тили жана математика предметтеринен мамлекеттик экзамени өтүп жатат.

Чүй-Токмок Билим берүү бөлүмү уюштурган “15-март - Аталар күнүнө” карата уюштурулган дубагезиттер жана сүрөт тартуу сына...
14/03/2025

Чүй-Токмок Билим берүү бөлүмү уюштурган “15-март - Аталар күнүнө” карата уюштурулган дубагезиттер жана сүрөт тартуу сынагында Туйту Каракеев атындагы орто мектебинин 4-классынын окуучулары 3-орунга ээ болушту. Окуучулар Токмок мэриясынын депутаттары тарабынан грамота жана балуу сыйлыктар менен сыйланышты. 😍😍😍😍📚📚📚
Окуучуларга үйдөн жардам берген ата-энелерге терең ыраазчылык билдиребиз!

Мектепте 2 жумада 1 жолу мектеп парламенти тарабынан окуучулардын күндөлүгү, формасы боюнча рейддер жүрүп турат📚
01/03/2025

Мектепте 2 жумада 1 жолу мектеп парламенти тарабынан окуучулардын күндөлүгү, формасы боюнча рейддер жүрүп турат📚

Бүгүн 24.02.2025 Чүй районунун мектептери арасындагы “Достук форумунун” 2-турунда Кош-Коргон айылындагы Туйту Каракеев а...
24/02/2025

Бүгүн 24.02.2025 Чүй районунун мектептери арасындагы “Достук форумунун” 2-турунда Кош-Коргон айылындагы Туйту Каракеев атындагы орто мектеби 1-орунга ээ болду. Биздин мектепке “Өзбек тили” жеребъе аркылуу тийген эле. Окуучулардын өркүнү өссүн, даярдаган мугалимдерге жана ата-энелерге мектеп жамаатынан терең ыраазычылык билдиребиз! 🥇🥇🥇
Окуучулар барган кароо-сынактарында ар дайым жеңиш менен кайтышсын!🏆🏆🏆

Бүгүн 12.02.2025 Кош-Коргон айылындагы Туйту Каракеев атындагы орто мектебинде “Ооган согушу - тарыхта калган кара так” ...
12/02/2025

Бүгүн 12.02.2025 Кош-Коргон айылындагы Туйту Каракеев атындагы орто мектебинде “Ооган согушу - тарыхта калган кара так” деген темада ачык класстык саат өтүлдү. Класстык саатка Ооган согушунун ардагерлери келип катышып, окуучулар кызыккан суроолорун узатышты.
5-а класстын класс жетекчиси - Джунушалиева Кенжегуль Насирдиновна📚

“Эне тилсиз эл болбойт” демекчи, бүгүн 30.01.2024 Туйту Каракеев атындагы орто мектебинде “Достук форуму” болуп өттү🌎Фор...
30/01/2025

“Эне тилсиз эл болбойт” демекчи, бүгүн 30.01.2024 Туйту Каракеев атындагы орто мектебинде “Достук форуму” болуп өттү🌎

Форумда катышуучулар бөлүнгөн улуттардын каада-салтын, үрп-адатын, тамак-ашын жана маданиятын көрсөтүп беришти. Форумга 5-10-класстар катышты.

Жыйынтыгында ортоңку звенодон:
6-а класс - 1-орун (Өзбекстан)
6-б класс - 2-орун (Индия)
7-класс - 3-орун (Дунган улуту)

Жогорку звенодон:
8-б класс - 1-орун (Кыргызстан)
10-класс - 2-орун (Татарстан)
8-а класс - 3-орун (Түркия) ээлешти.

Даярдаган класс жетекчилергежана мектеп парламентине ыраазычылык билдиребиз.

Ал эми калыстар тобундагы мугалимдерге жана ата-энелерге калыстыгын көрсөтүп, туура баалагандыгы үчүн терең ыраазычылык!
Жергебизде ар дайым тынччылык жана улуттар арасында ынтымак болсун!⭐️⭐️⭐️

Биздин кыздар мыктылардын мыктысы!Туйту Каракеев атындагы орто мектебинде волейбол боюнча балдар жана кыздар арасында ли...
25/01/2025

Биздин кыздар мыктылардын мыктысы!

Туйту Каракеев атындагы орто мектебинде волейбол боюнча балдар жана кыздар арасында лига болуп, кыздар командасы 1-орун, ал эми балдар командасы 2-орунга ээ болушту. Даярдаган дене тарбия мугалими - Салмоорбеков Байзак агайга терең ыраазычылык билдиребиз! 🏆🏆🏆🏆

Туйту Каракеев атындагы орто мектебинде “Бир адамдан бир китеп” долбоорунун негиздөөчүлөрү тарабынан 7-11-класстарга жан...
25/01/2025

Туйту Каракеев атындагы орто мектебинде “Бир адамдан бир китеп” долбоорунун негиздөөчүлөрү тарабынан 7-11-класстарга жана ата-эне, мугалимдерге семинар болуп өттү. Семинардын башкы максаты балдар менен ата-энелердин ортосундагы мамилени китеп окуу аркылуу күчөтүү, китеп окууну айыл ичинде жайылтуу болду.
Семинарда окуучуларга суроолор берилип, кызыктуу белектер тапшырылды. Мектептин китепканасына 28 китеп белекке берилди.📚📚📚😍😍😍 Уютуруу тобу биздин мыкты бүтүрүүчүлөр:
_

Жана эртеден-кечке чейин кызматта болгон .karakeev_parliament

Мектепти майрамдык шаңга бөлөгөн “Балаты майрамы” биздин мектепте😍😍😍Бүгүн 27.12.2024 Туйту Каракеев атындагы орто мектеб...
27/12/2024

Мектепти майрамдык шаңга бөлөгөн “Балаты майрамы” биздин мектепте😍😍😍

Бүгүн 27.12.2024 Туйту Каракеев атындагы орто мектебинде “Балаты майрамы” болуп өттү. 11-класстын окуучулары бөбөктөрүн жомок дүйнөсүнө алып барып, майрамды шаңга бөлөштү.

Address

Tokmok

Opening Hours

Monday 08:00 - 17:00
Tuesday 08:00 - 17:00
Wednesday 08:00 - 17:00
Thursday 08:00 - 17:00
Friday 08:00 - 17:00

Alerts

Be the first to know and let us send you an email when Туйту Каракеев атындагы орто мектеби posts news and promotions. Your email address will not be used for any other purpose, and you can unsubscribe at any time.

Shortcuts

Share

Category