klub.dostuk

klub.dostuk

Share

Contact information, map and directions, contact form, opening hours, services, ratings, photos, videos and announcements from klub.dostuk, Education, Tash-Kumyr.

Photos from klub.dostuk's post 06/10/2022

Мугалимдик бийик кесип чынында
Илим жатат анын тупку сырында.
Ак эмгегин даназалап жазышкан,
Канчалаган калемгерлер ырында!


"ДОСТУК тынчтык клубу "


#сапаткоомдукфонду

01/10/2022

Элибизде "Карысы бардын ырысы бар" деген кеп бекеринен айтылбаса керек.Ошондой эле "Карынын кебин капка сал" дейт эмеспи , ак сакалдуу аталардын кеби, ак элечектүү апалардын акылы туңгуюктан жол таап, келечекти көрө билүүсү менен жаш муундарды туура жолго тарбиялап келишет. 1-октябрь карылар күнүнө карата Таш-Көмүр шаарындагы №5 В.И.Ленин атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинде ачылган "Достук" тынчтык клубу : Сиздерди жылдар улгайтса дагы,мамлекетине пайдасы тийип,жаш муундарды тарбиялоодо чоң салым кошуп жаткандарына ыраазычылыктарыбызды айтабыз.

#сапаткоомдукфонду

Photos from klub.dostuk's post 25/09/2022

МАМЛЕКЕТТИК ТИЛИБИЗГЕ 33 ЖЫЛ!


•Тил майрамына карата "БИЛИМ МАРАФОНУ" өтүлдү.
• #сапаткоомдукфонду

24/09/2022



Бүгүн 23-сентябрь Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнү.1989-жылы 23-сентябрда Кыргыз-тили мамлекеттик тил деген статуска ээ болуп, ошондон бери бул күн өлкөбүздө тил майрамы катары белгиленип келет. Андыктан баардык мекендештеримди бүгүнкү «Улуу майрамы» менен чын дилден куттуктап кетмекчимин! 
Ооба, улуу майрам деп айтууга толук негиз бар. Анткени ар бир улуттун өзүнүн ыйык өзгөчөлүктөрү болот. Алардын эң башкысы бул –тили. Бүгүн тилин жоготкон эл, эртең элдүүлүгүн жоготот. А элдүүлүгүн жоготкон элде эч качан мамлекеттүүлүк деген түшүнүк болбойт. Башка элдерге сиңип жок болуп кетет. Карт тарыхта жүздөгөн элдердин башка элге сиңип, жок болуп кеткени баарыбызга мааалым. Ошонун баары алгач тилин жоготкон, андан соң дилин жоготкон, анан барып элдүүлүгүн жоготкон. Демек тилибизди көздүн карегиндей сактап, улам байытып, өнүктүрүп өстүрүп туруу ар бир Кыргыз атуулунун ыйык милдети!

Тил жоголбойт,
Жоголсо, жоголот дил!
Уулуң да, кызың дагы жоголот, бил!

03/09/2022

Таш-Комур шаарындагы В.И.Ленин атындагы номер 5 орто мектебинде "ДОСТУК"тынчтык клубу ачылды.

Тынчтык клубдун координатору: Суеркулова Назира Турсунбаевна.

Тынчтык клубдун лидери-Турдукулова Айтунук.

#САПАТкоомдукфонду

Want your school to be the top-listed School/college in Tash-Kumyr?

Click here to claim your Sponsored Listing.

Location

Category

Website

Address


Tash-Kumyr