02/01/2025
Бүгүн, 2025-жылдын 2-январында, "Сапат" эл аралык билим берүү мекемесинин жалпы мүлкү, мөөрү расмий ээлик кылуучу "Маариф" түрк фондуна өткөрүлүп берилди. Мындан аркы ишмердүүлүк боюнча бардык юридикалык жоопкерчилик "Маариф" фондуна тиешелүү экендигин билдиребиз.
01/01/2025
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин интернет сайтында түн жарымда (31.12.24 саат 00.24) чыккан каттоо маалыматы аркылуу мекемебиздин Маариф фондуна өткөндүгү тууралуу кабардар болдук. Сайттагы маалыматтарга ылайык, 3 ээлик кылуучу мекеме көрсөтүлгөн.
Алар:
1. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги
2. Эл аралык Маариф билим берүү мекемеси
3. Түркия Маариф фонду.
Жетекчиси катары Түркия Республикасынын жараны Хүснү Биржан жазылган.
Буга чейин соттун чечими аркылуу “Сапаттын” 4 түзүүчүсүнүн бири болгон Орхан Инанды куруучулардын курамынан чыгарылган, ал эми экинчи түзүүчүсү М. Ж. өз ыктыяры менен “түзүүчүлүктөн баш тартты” делген. Ошону менен “Сапаттын” түзүүчүлөрүнүн курамында КР Билим берүү жана илим министрлиги менен дагы бир түзүүчү А.С. калган. КР Билим берүү жана илим министрлиги А.С. мырзаны түзүүчүлөрдүн курамынан чыгаруу үчүн сотко кайрылган. Сот аталган ишти 2024-жылдын 30-декабрында кароого коёт, бирок А.С. мырзанын башка мамлекетте болгондугуна байланыштуу, ишти кароону 2025-жылдын 21-январына жылдырган. Тагыраак айтканда, А.С. мырзанын түзүүчү укугу мыйзам түрүндө уланып жаткан.
“Сапат” эл аралык билим берүү мекемесинин кийинки соттук отурумду күтпөстөн, чукул арада Түркиянын “Маариф” фондуна өткөрүлүшү мекеме жетекчилиги, мугалимдер, окуучулар жана ата-энелер үчүн күтүүсүз болду. “Сапаттын” мыйзамдуу түзүүчүлөрү катары өз укугубузду КР мыйзамдарынын негизинде жана эл аралык укук талаасында коргоо боюнча аракетибизди көрөбүз.
Өлкөбүздүн жана жаштарыбыздын келечеги сапаттуу билим менен өнүгө турганына терең ишенген билим берүүчүлөр катары 32 жылдык эбегейсиз эмгектин мөмөсү болгон мектептерибиздин сапатынын үзгүлтүксүз улануусу негизги тилегибиз.
“Сапат” эл аралык билим берүү мекемесинин жалпы жамаатын эч кандай провокацияга алдырбастан, сабырдуулук менен окуучуларыбыздын билим алуу процессин үзгүлтүккө учуратпай өз ишин улантууларына чакырабыз.
08/11/2024
Жакында!
Скоро!
Soon!
sapatinternationalschools #сапат #сапатэларалыкбилимберүүмекемеси #сапатлицейлери
01/11/2024
📌1-чейрек боюнча жашыл карта жыйынтыгы.
✅Баарыңыздарга маалым болгондой, окуучулардын билими үчүн баа, ал эми, тарбиясы үчүн жашыл карточка системасы колдонулуп келет.
👏🏻Эң жогорку упайды алган окуучулар аныкталды жана белектер менен сыйланды.
🎉7-класс
1. Бегалиев Ырыскелди
2. Серикбаев Аңсар
3. Азейнкулов Алмазбек
🎉8-класс
1. Турдуматов Батырхан
2. Эркинов Данияр
3. Бообеков Камбар
🎉9-класс
1. Турсунбеков Адыл
2. Абдыкеримов Кубаныч
3. Өскөнбаев Алишер
🎉10-класс
1.Таштаналиев Байел
2.Асанов Тилекбай
3.Чокоев Атай
🎉11-класс
1. Чокоев Айтилек
2. Нишамбаев Дастан
3. Аманбеков Алихан
4. Сагынбаев Нурдан
5. Атабеков Бектемир
Окуучуларды куттуктайбыз жана 2-чейректе да мыкты жетишкендиктерди көрсөтүшөт деп ишенебиз!🥳
17/09/2024
Жакшы жаңылыктарды бөлүшүүнү улантабыз.🥳
Биология боюнча Казакстанда өткөн Эл аралык "IBO-2024" олимпиадасында биздин 2023-2024-жылы бүтүргөн окуучубуз Карыпжанов Байзакты президентибиз Садыр Жапаров 100 000 сомдук сертификат менен сыйлады. 🎉
Бул медаль көп окуучуларга дем берип, мугалимдерди кубандырды. Окуучунун мыкты жетишкендиктерин көрүү - мугалими үчүн бакыт. Сени тарбиялаган ата-энеңе терең ыраазычылык билдиребиз. Ал эми, билим берген агай-эжелерибизге алкыш айтабыз. Дүйнөгө өлкөбүздүн желегин дагы да желбиретип, мекенге кызмат кылып жүрө беришиңди каалап кетебиз.👏🏻👏🏻👏🏻
16/09/2024
Информатика боюнча Египетте өткөн Эл аралык "IOI-2024" олимпиадасында биздин 2023-2024-жылы бүтүргөн окуучубуз Майрамбеков Байтөрөнү президентибиз Садыр Жапаров 100 000 сомдук сертификат менен сыйлады. 🎉
Бул жеңиш бир гана лицей үчүн эмес, жалпы өлкө үчүн чоң сыймык. Байтөрөнү тарбиялап өстүргөн ата-энеси, окуткан мугалимдерине ыраазычылык билдиребиз. Ал эми Байтөрөгө мындан аркы жашоосунда да көп жеңиштерге ээ болуп, өлкөсүнө кызмат кылган сыймыктуу уулдардан болушуна тилектешпиз.
07/09/2024
Өлкө тарыхында эң мыкты жыйынтык!🥳
Информатика боюнча Египетте өтүлгөн Эл аралык "IOI-2024" олимпиадасында лицейибиздин окуучусу Майрамбеков Байтөрө коло медаль ээси болду.🎉
Байтөрөнү куттуктайбыз жана келечекте өлкөбүз үчүн чоң кызматтарды кылат деп ишенебиз!👏🏻👏🏻👏🏻
31/08/2024
Эгемендүүлүк майрамыбыз кут болсун!🎉
30/08/2024
"Манас Ата" Талас лицейине 2024-2025 окуу жылы үчүн Мурзаматов Жоомарт агай мүдүр болуп дайындалды.💎
Лицейибизди ийгиликке жетелеген, жалпы мугалимдер жамаатына жана окуучуларга өрнөк болгон мыкты жол башчы болооруна ишенебиз жана ийгилик каалайбыз!🎉
24/08/2024
🔹Урматтуу “Манас Ата” Талас лицейинин жалпы бүтүрүүчүлөрү!
🔸️Сиздерди салтка айланып калган “Бүтүрүүчүлөрдүн жолугушуу кечесине” (плов күнүнө) чакырабыз.
🔹️Лицейиңиздерге келип ага-инилер, достор жана мугалимдер менен жүз көрүшүп, көңүл ачып, чер жазып кетиңиздер.
🔹Биз баарыңыздарды эмес, ар бириңиздерди күтөбүз!
14/07/2024
Казакстандын Астана шаарында болуп өткөн Биология боюнча дүйнөлүк олимпиадада Кыргызстандан барган Талас "Манас Ата" лицейинин окуучусу Карыпжанов Байзак 3-орун алды. 80 өлкөдөн 800дөн ашык окуучу катышкан бул эл аралык иш-чарада коло медал тагынып , Кыргызстаныбыздын желегин дагы бир жолу желбиретти. Окуучубузду мындан ары дагы албан-албан ийгиликтер коштосун.
22/06/2024
Талас "Манас Ата" лицейинин окуучусу Карыпжанов Байзак Жалпы республикалык тестирлөө сынагында 226 балл топтоп, Алтын сертификат алды. Байзакты бул ийгилигибиз менен чын жүрөгүбүздөн куттуктайбыз. Өзүнө, ата-энесине жана окуучуну даярдаган мугалимдерине ыраазычылык билдиребиз. Талас "Манас Ата" лицейинин администрациясы