18/07/2026
Билим жана аракет дайыма чоң ийгиликтерге жеткирет!
Эсиңиздерде болсо, Талас облустук жатак-мектебинин окуучулары класс жетекчиси Баялиева Айнур менен биргеликте Евразия уюмунун «Классная дружба» долбооруна катышып, өздөрүнүн активдүүлүгү менен жеңүүчү аталышкан.
Бүгүн болсо биздин алдыңкы окуучуларыбыз жана мугалимибиз эмгегинин үзүрүн көрүп, Россиянын Краснодар аймагындагы Кара деңиздин жээгинде орун алган эл аралык «Смена» балдар борборунда эс алууда жүрүшөт. Учурда алар деңиз бойлой саякаттап, кызыктуу программаларга катышып, унутулгус күндөрдү өткөрүүдө.
Биздин класс менен сыймыктанабыз жана мындан да чоң ийгиликтерди каалайбыз! Уюштуруучуларга терең ыраазычылык!