10/04/2019
Алтын. Кымбат баалуу металл. Аны жашообузда кымбат адамдарыбызга, ыйык туткан нерселерибизге эпитет катары колдонуп келебиз. Алардын бири "Алтын калем" сыйлыгы. Калем алтындан жасалбашы анык, балким жасалгандыр, а бирок анын алтындыгы - ошол калем менен жазылган чыгарма бир адамды чоң адашуудан кайтара алганы, бир адамды жакшылыкка баштап, дагы бирөөсүнө жан эргиткен ырахат тартууласа, кай бирин көпкө чейин ойго салып жүргөнү...Биздин т.а., "ЖИГЕР" ЧЖБнын мүчөлөрүнө мына ушундай улуу жана ыйык милдет КРдин Улуттук Жазуучулар Союзу тарабынан тапшырылды! Ийинибиздеги бул жоопкерчиликтүү, ары жагымдуу түйшүктү чогуу тарталы, Жигерчилер!