01/06/2026
Ош мамлекеттик университетинин Теология факультетинде расмий дин тармагында эмгектенип жаткан аял дин кызматкерлери үчүн 72 сааттык квалификацияны жогорулатуу курсу башталды.
Курска Ош облусу жана Ош шаарынан жалпы 51 дин кызматкери катышууда.
Аталган долбоор Ош мамлекеттик унивеситетинин, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттик, Түркия Диянет Вакфы жана Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын кызматташуусунун негизинде уюштурулду.
Окуу программасында салттуу ислам түшүнүгү, Ханафий мазхабы, Матуридий акыйдасы, диний экстремизмдин алдын алуу, дин жана укук, мамлекеттик иш кагаздарын жүргүзүү жана башка актуалдуу темалар камтылган.
Курстун ачылышында Теология факультетинин деканы, доцент Н. Арипов катышуучуларды куттуктады. Ал Ош мамлекеттик университетинин ректору, профессор К. Г. Кожобеков жана квалификацияны жогорулатуу борборунун директору Т. А. Жороевдердин атынан салам жолдоп, окуунун пайдалуу жана ийгиликтүү өтүшүнө болгон жакшы каалоо-тилектерин билдирди.
Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттигинин түштүк аймактык бөлүмүнүн башчысы Фархатбек Адилбек уулу, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын Ош шаарындагы өкүлү Самидин ажы Атабаев, анын орун басары, Түркия Диянет Вакфынын Кыргызстандагы өкүлү Махмут Демир жана курсту уюштуруучуларынан Финансы-юридикалык колледжинин Теология бөлүмүнүн башчысы Ж. С. Апазов сөз сүйлөп, катышуучуларга ийгилик каалашты.
01/06/2026
2026-жылдын 30-май күнү ОшМУнун Теология факультетинде студенттер менен бүтүрүүчүлөрдүн жолугушуу кечеси жылуу маанайда өткөрүлдү.
Кечеге Ош мамлекеттик университетинин ректору, профессор К. Кожобеков, Түркия Республикасынын Элчилигинин дин иштери бөлүмүнүн кеңешчиси Салих Сезик мырза, теология факультетини деканы, доц. Н. Арипов, декандын орун басары доц. Махмуд Демир баштаган факультет жетекчилиги, факультеттин профессордук окутуучулук курамы, 1998-жылдан берки жалпы бүтүрүүчүлөр жана студенттер катышышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер тарабынан маданий-концерттик программа тартууланып, бүтүрүүчүлөр өздөрүнүн тажрыйбалары жана мотивациялык кеңештери менен бөлүшүштү. Бул жолугушуу билим, тажрыйба жана достукту бекемдеген өзгөчө аянтча болду.
Кеченин өткөрүлүшүнө колдоо көрсөтүп, каржылык жардам берген Түркия Дианет Фондуна терең ыраазычылык билдиребиз. Ошондой эле чакыруубузду кабыл алып катышкан урматтуу конокторго, бүтүрүүчүлөргө жана иш-чаранын ийгиликтүү өтүшүнө салым кошкон жалпы жамаатка чын дилден рахмат айтабыз.
🤝 «Билим – жол, биримдик – күч». Студенттик жылдарда башталган байланышыбыз мындан ары да бекем улана берсин! #ОшМУ #ТеологияФакультети #СтудентБүтүрүүчүЖолугушуусу #БилимЖанаБиримдик
15/05/2026
14.05.2026-ж.
🔶️Ош мамлекеттик университетинин Теология факультетинде уюштурулган спорт жумалыгы өз жыйынтыгына келип, жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи өткөрүлдү. Апта ичинде студенттер спорттун ар түрдүү түрлөрү боюнча күч сынашып, активдүү катышуу менен өздөрүнүн шамдагайлыгын, ынтымагын жана спортко болгон кызыгуусун көрсөтө алышты.
Жыйынтыктоочу аземде кыздар жана балдар арасында өткөн мелдештердин жеңүүчүлөрү аныкталып, аларга дипломдор жана атайын сыйлыктар тапшырылды.
Кыздар арасында:
🏅 Кол күрөш
🥇 Мансурова Нуриза
🥈 Мухаммадтухлиева Хуршида
🥉 Асанова Перизат
🏅 Аркан тартыш
🥇 Бакалавр
🥈 Колледж 1-курс (9 база 9-1-25)
🥉 Колледж 1-курс (11 база 11-1-25)
🏅 Стол теннис
🥇 Асанова Перизат
🥈 Жумабекова Айсулуу
🏅 Волейбол
🥇 1-курс
🥈 4-курс
🥉 2-курс
Балдар арасында:
🏅 Волейбол
🥇 Колледж
🥈 1-курс
🥉 2-курс
🏅 Футбол
🥇 2-курс
🥈 Колледж 1-курс
🥉 Колледж 3-курс
🏅 Теннис
🥇 Шамшибеков Абай
🥈 Тойчиев Ороз
🥉 Мамадамин уулу Мухаммед
🏅 Кол күрөш
🥇 Ураимов Кабылан
🥈 Уросбеков Данияр
🥉 Закиров Атабек
🏅 Аркан тартыш
🥇 3-курс
🥈 2-курс
🥉 Колледж 11-база 1-курс
🏅 Гира көтөрүү
🥇 4-курс
🥈 2-курс
🥉 3-курс
Факультет жетекчилиги спорттук иш-чарага активдүү катышкан бардык студенттерге ыраазычылык билдирип, мындан ары да сергек жашоо образын карманууга чакырды. Спорт жумалыгы студенттер арасында достукту, ынтымакты жана биримдикти бекемдеген маанилүү иш-чаралардын бири болду.
15/05/2026
14.05.2026-ж.
🔶️ОшМУнун Теология факультети тарабынан уюштурулган “40 хадис” жарышы жогорку деңгээлде өткөрүлдү. Жарышка 1-курс, 2-курс, 3-курс жана 4-курс студенттери активдүү катышып, өз билимдерин, жаттоо жөндөмдөрүн жана хадистерге болгон кызыгуусун көрсөтүштү.
Иш-чаранын негизги максаты — студенттердин диний билимдерин тереңдетүү, Пайгамбарыбыздын ﷺ хадистерин үйрөнүүгө болгон кызыгуусун арттыруу жана адеп-ахлактык баалуулуктарды жайылтуу болду.
Жарыштын жыйынтыгында:
🥇 1-орун — 1-курс студенти Кочконев Айбек
🥈 2-орун — 4-курс студенти Музаффар кызы Дилафруз жана 3-курс студенти Нуралиева Насыйкат
🥉 3-орун — 1-курс студенти Балтабаева Азиза ээлеп өз сыйлыктарын алышты
Катышуучулар хадистерди так жана көркөм айтууда өз өнөрлөрүн көрсөтүп, калыстар тарабынан жогору бааланды.
Ошондой эле жарыштын жеңүүчүлөрүнө баалуу сыйлыктарды тартуулаган Türkiye Diyanet Vakfı фондуна терең ыраазычылык билдиребиз. Жаштардын илим алуусуна, руханий өнүгүүсүнө жана диний билимдин жайылышына көрсөтүп жаткан колдоолоруңуздар үчүн чоң рахмат айтабыз.
Мындай пайдалуу иш-чаралар жаштардын илимге болгон сүйүүсүн арттырып, руханий тарбиясынын бекемделишине чоң салым кошот.
15/05/2026
🔶️14-майда Казакстандын Түркстан шаарында "Түрк дүйнөсү жана Ясави мурасы: цивилизациялардын кесилишиндеги маданий мурас" аттуу эл аралык конференцияда ОшМУнун теология факультетинин Дин таануу жана гуманитардык предметтер кафедрасынын доценти, PhD Али Жусубалиев "Ясавийликтин кыргыз маданиятына таасирлери", ал эми окутуучу, PhD Өскөнбай Зууридинов "Манас эпосу менен Дивани хикматтагы окшоштуктар" аттуу темада доклад окушту. Конференцияга Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Азербайжан жана Түркиядан изилдөөчүлөр катышты.
12/05/2026
12.05.2026-ж.
🔶️Кыргызстан Маариф фонду жана Сапат эл аралык билим берүү мекемесинин академиялык иштер боюнча координатору Рахми Орал жана анын орун басары Асилбек Абдуганиев Ош мамлекеттик университетинин Теология факультетине зыярат жасап, факультеттин деканы, доцент Ниязали Арипов баштаган профессордук-окутуучулар курамынын өкүлдөрү менен жолугушту. Жолугушууда өзгөчө бүтүрүүчүлөр менен кызматташуу маселелерине көңүл бурулду.
Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү, студенттердин өндүрүштүк жана педагогикалык практикаларын “Сапат” эл аралык билим берүү мекемесинин филиалдарында уюштуруу, бүтүрүүчүлөрдү «Диндердин өнүгүү тарыхы» сабагы боюнча мугалимдикке жана тарбиячылык кызматтарга жумушка орноштуруу, ошондой эле окуучуларды университетке багыттоо маселелери талкууланды.
Мындан тышкары, билим берүү тармагында биргелешкен тарбиялык иш-чараларды өткөрүү боюнча өз ара макулдашууларга жетишилди.
12/05/2026
🔶️Биздин Ош мамлекеттик университетинин Теология факультетинин 3-курсунун студенти Асан уулу Кудаяр Борбор Азия өлкөлөрүнүн жаштар саясатын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн Инновациялык билим берүү борбору тарабынан «Жаңы Казакстан» республикалык инновациялык борбору менен биргеликте уюштурулган «Борбор Азиянын мыкты студенти» эл аралык сынагында I даражадагы диплом менен сыйланды.
Студентибизди жетишкендиги менен чын жүрөктөн куттуктайбыз! Мындан аркы окуусуна жана ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди, жаңы бийиктиктерди каалайбыз!
09/05/2026
09.05.2026
🇰🇬🎖️ОшМУнун эмгек жамааты менен бирге теология факультетинин өкүлдөрү “Өлбөс-өчпөс полк” жүрүшүнө активдүү катышты.
Жүрүштүн активдүү катышуучулары согуш ардагерлеринин сүрөттөрүн, Кыргыз Республикасынын, Ош шаарынын жана университеттин желектерин желбиретип борбордук аянтты көздөй жүрүштү.
Жеңиш күнү майрамыңыздар менен!
Асманыбыз ачык, өлкөбүздө тынчтык болсун!
26/04/2026
Фергана мамлекеттик техникалык университети тарабынан уюштурулган республикалык илимий-практикалык конференцияда Ош мамлекеттик университетинин Теология факультетинин «Дин таануу жана гуманитардык предметтер» кафедрасынын доценти Ниязали Турдалиевич Арипов баяндама жасады.
Ал өз сөзүндө «Кыргызстанда айыл чарбасын исламдык принциптердин негизинде каржылоонун өзгөчөлүктөрү» темасына токтолуп, өлкөдө исламдык каржылоонун өнүгүү динамикасын, агрардык сектордогу ролун, ошондой эле мурабаха, салам, мудараба сыяктуу негизги инструменттердин колдонулушун талдап берди.
Ошондой эле баяндамада тармактагы негизги көйгөйлөр белгиленип, аларды чечүү боюнча илимий негизделген сунуштар айтылды.
Конференция аймактык деңгээлде тажрыйба алмашууга өбөлгө түзүп, исламдык каржылоону өнүктүрүү багытындагы кызматташууну чыңдоого мүмкүнчүлүк жаратты.