05/04/2026
Менеджмент предмети боюнча VI Эл аралык студенттик олимпиадада ОшМУ ЭБиМ командасы 3-орунду ээледи.
2026-жылдын 26-мартында Бишкек шаарында И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин экономика жана бизнес жогорку мектебинин «Менеджмент» кафедрасы тарабынан «Менеджмент» предмети боюнча ЖОЖдор ортосунда VI Эл аралык студентик олимпиадасы өткөрүлдү. Анда Россиядан 2, Казакстандан 1, Узбекстандан 1, Кыргызстандагы 13 ЖОЖдун ичинен ОшМУнун ЭБиМ командасы 3-орунду ээледи.
«Сыйлык сизге – сыймык бизге» чакырыгы алкагында «Менеджмент», «Бизнести башкаруу», багытынын студенттери Абдимиталипов Алмаз, Каримов Салимбай, Маматалиева Айгерим, Салиева Айжананы жана аларды жетектеп барган «Менеджмент жана маркетинг» кафедрасынын доценти К.Ш. Сакибаевди жараткан ийгилиги менен куттуктайбыз.
Команда ОшГУ ЭБиМ заняло 3 место на VI международной студенческой олимпиаде по предмету «Менеджмент».
26 марта 2026 года в городе Бишкек в Кыргызском государственном техническом университете имени И. Раззакова прошла VI Международная межвузовская студенческая олимпиада по предмету «Менеджмент» организованная кафедрой «Менеджмент» Высшей школы экономики и бизнеса. На этом олимпиаде среди 2-х из России, 1-го из Казакстана и Узбекистана и 13-ти ВУЗов из Кыргызстана команда ЭБиМ ОшГУ заняло 3 место.
Поздравляем наших студентов и их руководителя доцента кафедры «Менеджмент и маркетинг» Сакибаева К.Ш., Абдимиталипова Алмаз, Каримова Салимбай студентов по направлению "Управление бизнесом", Маматалиеву Айгерим, Салиеву Айжана студентов по направлению "Менеджмент".
Желаем успехов и достижений в любых начинаниях.
19/03/2026
Нооруз майрамыңыздар менен!
Урматтуу кесиптештер жана студент достор!
Сиздерди жадырап кирип келген Нооруз майрамыңыздар менен чын жүрөктөн “Менеджмент жана мамлекеттик башкаруу” кафедрасынын профессордук окутуучулук курамы куттуктайт!
Нооруз майрамы ар дайым элибизге жакшылыктарды ыроолоп, жергебизге кут, береке тартууласын. Ынтымакты чыңдаган, тынчтык менен мээримдүүлүктүн, достуктун белгиси болгон Нооруз майрамыбыз куттуу болсун!
Кафедранын ГМУ(б)-1-23 тайпасы тарабынан уюштурулган Сармерден майрамдык кечеси Сиздерге майрамдык маанай тартууласын, анда эмесе сүрөттөр сүйлөсүн.
19/03/2026
Тажрыйба алмашуу багытын күчөтүү.
2026-жылдын 9–16-март күндөрү Ош мамлекеттик университетинин делегациясынын курамында Экономика, бизнес жана менеджмент институтунун «Менеджмент жана мамлекеттик башкаруу» кафедрасынын доценти Сакибаев К.Ш. Балыкесир университетинде (Турция) тажрыйба алмашуу максатында иш сапарда болуп келди.
Иш сапар алкагында аталган университеттин «Экономика жана башкаруу илимдер» факультетинин студенттерине коноктук лекция өтүп келди. https://www.instagram.com/p/DVvSKqIjD0o/?igsh=MTM2Nnllb2NscXZ6bQ==
Укрепление обмена опытом.
С 9 по 16 марта 2026 года в составе делегации Ошского государственного университета Сакибаев К.Ш., доцент кафедры «Менеджмент и государственного управления» Института экономики, бизнеса и менеджмента, совершил рабочий визит в Балыкесирский университет (Турция) с целью обмена опытом.
В рамках рабочего визита для студентов факультета экономики и менеджмента университета Балыкесир была проведена гостевая лекция по соответствующим темам.
https://www.instagram.com/p/DVvSKqIjD0o/?igsh=MTM2Nnllb2NscXZ6bQ==
18/12/2025
12-декабрда Кыргыз элинин улуттук адабиятына салым кошкон залкар акын-жазуучуларды даназалоо, өзгөчө, Чыңгыз Айтматовдун жана Алыкул Осмоновдун чыгармаларын пропагандалоо Экономика, бизнес жана менеджмент институтунда «Адабият — нарктуулуктун башаты» аттуу салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Иш-чара факультеттер аралык практикалык орус тили курсу кафедрасынын окутуучулары Шавралиева Г.К., Эргешова Г.С., Кыдыкеева А.А. жана Тентикеева Э.Н. тарабынан уюштурулду.
Бул иш-чара руханий-адептик багыт берүүчү түбөлүк мурас калтырган көрүнүктүү жазуучуларга жана акындарга арналды. Ош мамлекеттик университетинин Экономика, бизнес жана менеджмент институтунун биринчи курсунун студенттери активдүү катышып, жогорку деңгээлдеги даярдыгын, эрудициясын жана чыгармачыл ой жүгүртүүсүн көрсөтүштү.
Калыстар тобу экономика илимдеринин кандидаты, «Менеджмент жана маркетинг» кафедрасынын доценти Бабаева А.Д.нын төрагалыгы алдында, ошондой эле башка калыстар тобунун мүчөлөрүнүн катышуусунда конкурсанттардын чыгыштарын калыс жана ар тараптуу баалады.
Иш-чаранын жыйынтыгында байгелүү орундарды ээлеген катышуучулар институттун маданий-билим берүү чөйрөсүн өнүктүрүүгө кошкон активдүү катышуусу жана олуттуу салымы үчүн ардак грамоталар жана дипломдор менен сыйланышты.
Факультеттер аралык практикалык орус тили курсу кафедрасынын окутуучулары Шавралиева Г.К., Эргешова Г.С., Кыдыкеева А.А. жана Тентикеева Э.Н. жогорку кесипкөйлүгү жана иш-чараны үлгүлүү деңгээлде уюштурганы үчүн, ошондой эле биринчи курстун студенттерине — демилгелүүлүгү, конкурстун бардык түрлөрүнө активдүү жана чыгармачыл катышканы, руханий жана интеллектуалдык өнүгүүгө умтулуусу үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдирилет.
12 декабря в Институте экономики, бизнеса и менеджмента состоялось торжественное мероприятие на тему «Литература — источник нравственности», организованное преподавателями межфакультетской кафедры практического курса русского языка Шавралиевой Г.К., Эргешовой Г.С., Кыдыкеевой А.А. и Тентикеевой Э.Н.
Мероприятие было посвящено дню национальной литературы выдающимся писателям и поэтам Ч. Айтматова и А. Осмонова, чьё бессмертное наследие служит духовно-нравственным ориентиром для подрастающего поколения. Активными участниками стали студенты первого курса Института экономики, бизнеса и менеджмента Ошского государственного университета, проявившие высокий уровень подготовки, эрудиции и творческого мышления. Жюри под председательством кандидата экономических наук, доцента кафедры «Менеджмент и маркетинг» Бабаевой А.Д., а также при участии других членов жюри, объективно и всесторонне оценило выступления конкурсантов. По итогам мероприятия участники, занявшие призовые места, были награждены почётными грамотами и дипломами за активное участие и значительный вклад в развитие культурно-образовательной среды института. Выражается искренняя благодарность преподавателям межфакультетской кафедры практического курса русского языка Шавралиевой Г.К Эргешовой Г.С., Кыдыкеевой А.А. и Тентикеевой Э.Н. за высокий профессионализм и безупречную организацию мероприятия, а также студентам первого курса — за инициативность, творческую активность во всех видах конкурса и стремление к духовному и интеллектуальному развитию.
15/12/2025
2025-жылдын 15-декабрь күнү ОшМУнун экономика, бизнес жана менеджмент институтунда, “9-ДЕКАБРЬ КОРУППЦИЯ МЕНЕН КҮРӨШҮҮ КҮНҮНӨ” карата институттун ДИРЕКТОРУ, э.и.д., ПРОФЕССОР Т.М.ИСРАИЛОВ МЕНЕН менен СТУДЕНТТЕРДИН ортосунда
“ТАЗА ОЙ, ТАЗА АРАКЕТ – ТАЗА КООМ”
аталышында иш-чара болуп өттү.
Жолугушуунун максаты:
1. Студенттерде таза ойлоону, туура чечим кабыл алуу маданиятын калыптандыруу.
2. Адеп-ахлак, чынчылдык, адилеттүүлүк сыяктуу моралдык баалуулуктарды бекемдөө.
3. Коомго пайдалуу, жоопкерчиликтүү жана активдүү жаран болууга багыт берүү.
4. Жаштардын жүрүм-турумунда тартипти, тазалыкты жана үлгүлүү мамилени калыптандыруу.
5. Билим берүү мекемесинде ачыктык, ак ниеттик жана тазалык принциптерин жайылтуу.
6. Директор менен студенттердин ортосунда түз, ишенимдүү жана ачык диалог түзүү.
7. Коррупцияга каршы туруучу ой-жүгүртүүнү жана таза аракет маданиятын өнүктүрүү.
8. Таза коомду курууда жаштардын ролун, жоопкерчилигин жана катышуусун күчөтүү.
Жолугушуунун жүрүшүндө:
1. Жаштарды позитивдүү жана сынчыл ой жүгүртүүгө үйрөтүп, шайкешсиз пикирлердин таасирине алданбаган, кырдаалды туура баалап чечим чыгара алган инсан болууга багыт берилди;
2. Студенттердин ички маданиятын көтөрүп, коом үчүн маанилүү болгон адилет мамиле, акыйкатчылдык жана адамгерчилик сыяктуу сапаттарды турмуштук принципке айландыруу боюнча кеп-кеңештер айтылды;
3. Жаштарды социалдык жашоодо активдүү болууга, коомго кызмат кылууга, жарандык позициясын так көрсөтүүгө жана жалпы өнүгүүгө салым кошууга шыктандыруучу чакырыктар айтылды;
4. Университетте жана коомдо тартипти сактоо, жеке жана коомдук мейкиндикти таза кармоо, аракетинде маданияттуулукту көрсөтүү — булар үлгүлүү студент образын түзөөрү айтылды;
5. Бардык окуу процесстеринде айкындыкты камсыз кылып, студенттер менен мугалимдер ортосунда ишенимди бекемдөө, акыйкат мамилени куруу жана таза чөйрөнү түзүүгө багыт берилди;
6. Студенттер үчүн жетекчилик менен болгон баарлашууну жеңилдетүү, маселелерди ачык сүйлөшүүгө шарт түзүү жана өз ой-пикирин эркин билдирүү маданиятын өнүктүрүүгө шарт түзүлдү;
7. Жаштарда коррупцияга каршы принципиалдуу көз карашты калыптандыруу, ар бир кадамда адилеттүүлүктү сактап, мыйзам чегинде иш алып баруунун маанисин түшүндүрүлдү;
8. Коомдук өнүгүүнүн башкы кыймылдаткычы жаштар экенин белгилеп, аларды демилге көтөрүүгө, лидер болууга жана коомдук жакшылыктарга өз салымын кошууга чакырыктар айтылды;
9. Директор менен студенттердин ортосунда “Ачык микрофон” пикир алмашуу мүмкүнчүлүгү түзүлүп берилди.
Жолугушуунун жыйынтыгында:
1. Эң жакшы берилген суроолорго институттун директору тарабынан белектер тапшырылды;
2. Институттун директору менен бирге эстелик үчүн фото сессия уюштурулуп ошол эле учурда “ОшМУ билим ордосу” аталышындагы ОшМУнун гимни жаңыртылып эстелик үчүн видеого алынып иш-чара жыйынтыкталды.
15/12/2025
2025-жылдын 11-декабрь күнү ОшМУнун экономика, бизнес жана менеджмент институтунда, 9-ДЕКАБРЬ КОРУППЦИЯ МЕНЕН КҮРӨШҮҮ КҮНҮНӨ карата институттун
ДИРЕКТОРУНУН ОРУН БАСАРЛАРЫ менен СТУДЕНТТЕРИНИН
ортосунда
“ИЛИМ, БИЛИМ ЖАНА ТАРБИЯ — БИР МАКСАТ, БИР БАГЫТ”
аталышында иш-чара болуп өттү.
Жолугушуунун максаты:
1. Билим сапатын жогорулатуу боюнча студенттер менен жетекчилердин ортосунда ачык диалог түзүү;
2. Студенттердин окуу процессине активдүү катышуусун камсыз кылуу;
3. Окуу жайдагы академиялык маселелерди аныктоо жана чечүү жолдору боюнча пикир алышуу;
4. Жетекчилер менен студенттердин ортосунда ишенимдүү жана кызматташтык мамилесин калыптандыруу;
5. Билим берүүдөгү жаңы методикаларды, инновацияларды талкуулоо;
6. Студенттердин керектөөлөрүн, сунуштарын жана пикирлерин угуу;
7. Сапаттуу билимге жетишүүгө тоскоол болгон факторлорду азайтуу;
8. Жогорку билимдин сапатын өркүндөтүүдө биргелешкен аракеттердин маанисин түшүндүрүү.
Жолугушуунун жүрүшүндө:
1. Студенттер менен биргеликте билим берүү процессиндеги көйгөйлөр талкууланды.
2. Студенттерди сунуш айтуу, ой бөлүшүү жана биргелешип чечим кабыл алууга тартууга аракет болду;
3. Окуу программасы, сабактын сапаты жана студенттик жетишкендиктерди жакшыртуу айтылды.
4. Жетекчилер менен студенттердин ортосундагы өз ара түшүнүү жана колдоону бекемдөө орун алды.
5. Заманбап окутуу ыкмаларын киргизүүгө багыт алуу үчүн студенттер менен пикир алмашуу болду.
6. Студенттердин окуу процесси боюнча сунуштарын жана пикирлерин угуп (күтүүлөрүн) эске алынды.
7. Тоскоол болгон факторлорду азайтуу боюнча дисциплина, катышуу, мотивация жана шарттар боюнча маселелерди студенттер менен бирге карап чыгуу сунушу айтылды.
8. “Жетекчилик + студент” моделинин натыйжалуулугун бекемдөө =з максатына жетти.
9. Суроолорду берүү жана пикир алмашуу мүмкүнчүлүгү орун алды.
Жалпы орун басарлар менен бирге эстелик үчүн фото сессия уюштурулуп ошол эле учурда “ОшМУ билим ордосу” аталышындагы ОшМУнун гимни жаңыртылып эстелик үчүн видеого алынып иш-чара жыйынтыкталды.
15/12/2025
Ош мамлекеттик университетинин профессордук-окутуучулук курамы жана кызматкерлеринин ортосунда өткөрүлүп жаткан # # СПАРТАКИАДАДА Экономика, бизнес жана менеджмент институтунун курама командасы мыкты жыйынтыктарды көрсөтүп, чоң ийгилик жаратты.
Атап айтканда:
🏐 Волейбол (агайлар, 40+) — I орун
♟ Шахмат (эжекелер) — I орун
♟ Шахмат (агайлар) — II орун
🏀 Баскетбол (эжекелер, 40+) — II орун
Бул жетишкендиктер — командабыздын биримдигин, жогорку спорттук чеберчилигин, тайманбас мүнөзүн жана жеңишке болгон умтулуусун даана далилдейт. Ар бир оюнчуга жана машыктыруучуларга терең ыраазычылык билдиребиз.
Сиздерге чың ден соолук, түгөнгүс энергия, мындан да чоң ийгиликтерди жана жаңы жеңиштерди каалайбыз!
Институтубуздун намысын ар дайым бийик көтөрө бериңиздер! 🌟💪
11/12/2025
2025-жылдын 10-декабрь күнү ОшМУнун экономика, бизнес жана менеджмент институтунда, 9-ДЕКАБРЬ КОРУППЦИЯ МЕНЕН КҮРӨШҮҮ КҮНҮНӨ карата институттун КАФЕДРА БАШЧЫЛАРЫ менен СТУДЕНТТЕРДИН ортосунда “ИЛИМ, БИЛИМ ЖАНА ТАРБИЯ — БИР МАКСАТ, БИР БАГЫТ” аталышында иш-чара болуп өттү.
Жолугушуунун максаты:
1. Билим сапатын жогорулатуу боюнча студенттер менен жетекчилердин ортосунда ачык диалог түзүү;
2. Студенттердин окуу процессине активдүү катышуусун камсыз кылуу;
3. Окуу жайдагы академиялык маселелерди аныктоо жана чечүү жолдору боюнча пикир алышуу;
4. Жетекчилер менен студенттердин ортосунда ишенимдүү жана кызматташтык мамилесин калыптандыруу;
5. Билим берүүдөгү жаңы методикаларды, инновацияларды талкуулоо;
6. Студенттердин керектөөлөрүн, сунуштарын жана пикирлерин угуу;
7. Сапаттуу билимге жетишүүгө тоскоол болгон факторлорду азайтуу;
8. Жогорку билимдин сапатын өркүндөтүүдө биргелешкен аракеттердин маанисин түшүндүрүү.
Жолугушуунун жүрүшүндө:
1. Студенттер менен биргеликте билим берүү процессиндеги көйгөйлөрдү талкуулоо болду.
2. Студенттерди сунуш айтуу, ой бөлүшүү жана биргелешип чечим кабыл алууга тартуу аракети орун алды;
3. Окуу программасы, сабак сапаты жана студенттик жетишкендиктерди жакшыртуу боюнча кеп кеңештер берилди.
4. Жетекчилер менен студенттердин ортосундагы өз ара түшүнүү жана колдоону бекемдөө колго алынды.
5. Заманбап окутуу ыкмаларын киргизүүгө багыт алуу үчүн студенттер менен пикир алмашуу болду.
6. Студенттердин окуу процесси боюнча сунуштарын жана пикирлерин угуп (күтүүлөрүн) эске алынды .
7. Тоскоол болгон факторлорду азайтуу боюнча дисциплина, катышуу, мотивация жана шарттар боюнча маселелерди студенттер менен бирге карап чыгуу каралды.
8. “Жетекчилик + студент” моделинин натыйжалуулугун бекемдөө өз максатына жетти.
9. Кафедра башчылар менен студенттердин ортосунда ачык микрофон уюштурулуп, кенен форматта суроо-жооптор орун алып пикир алмашуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү.
Жолугушуунун жыйынтыгында:
5. Эң жакшы берилген суроолорго КАФЕДРА БАШЧЫЛАР тарабынан белектер тапшырылып, студенттерге мотивация берилди;
6. Жалпы КАФЕДРА БАШЧЫЛАР менен бирге эстелик үчүн фото сессия, видео сессия уюштурулуп ошол эле учурда “ОшМУ билим ордосу” аталышындагы ОшМУнун гимни жаңыртылып иш-чара жыйынтыкталды.
Урматтуу институттун КАФЕДРА БАШЧЫЛАРЫ!
Студенттерге кам көрүп, талыкпай эмгектенип, иш-чаранын жүрүшүндө берген кеп-кеңешиңиздер үчүн терең ыраазычылык билдиребиз!
09/12/2025
2025-жылдын 09-декабрь күнү ОшМУнун экономика, бизнес жана менеджмент институтунда, 9-ДЕКАБРЬ КОРУППЦИЯ МЕНЕН КҮРӨШҮҮ КҮНҮНӨ карата институттун ИЛИМПОЗ ДОКТОРЛОРУ жана ПРОФЕССОРЛОРУ менен СТУДЕНТТЕРИНИН ортосунда “УСТАТТАР КЕҢЕШИ – СТУДЕНТТЕРДИН КЕЛЕЧЕГИ” аталышында иш-чара болуп өттү.
Жолугушуунун максаты:
1. Студенттерге илимий жана кесиптик тажрыйба берүү;
2. Муундар ортосундагы диалогду чыңдоо;
3. Келечек кесип тандоого багыт берүү;
4. Мотивация берүү жана илимий ой жүгүртүүнү өнүктүрүү;
5. Студенттик демди жана илимий чөйрөнү өнүктүрүү.
Жолугушуунун жүрүшүндө:
1. Илимдин докторлору жана профессорлор өздөрүн тааныштыруу менен бирге илимий билимдерин жана тажрыйбаларын бөлүшүү менен биргеликте студенттерди илимге кызыктыруучу акыл насааттарын айтышты;
2. Докторлор менен студенттердин ачык баарлашуусу аркылуу ой-пикир алмашуу мүмкүнчүлүгүн түзүлдү;
3. Студенттердин кесиптик өнүгүүсүнө стимул берүү жана карьералык жолдор боюнча кеңеш берүү орун алды;
4. Студенттерди илимий долбоорлорго жана илимий изилдөөлөргө катышууга шыктандыруучу кеп-кеңештер айтылды;
5. Институттун жаш муундарынын илимий потенциалын баалоо жана колдоо аркылуу окуу жайдын илимий маданиятын күчөтүү аракети жолго салынды;
6. Илимпоздор менен студенттердин ортосунда ачык микрофон уюштурулуп, кенен форматта суроо-жооптор орун алып пикир алмашуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү.
Жолугушуунун жыйынтыгында:
3. Эң жакшы берилген суроолорго ИЛИМПОЗДОР тарабынан белектер тапшырылып, студенттерге мотивация берилди;
4. Жалпы ДОКТОРЛОР, ПРОФЕССОРЛОР менен бирге эстелик үчүн фото сессия, видео сессия уюштурулуп ошол эле учурда “ОшМУ билим ордосу” аталышындагы ОшМУнун гимни жаңыртылып иш-чара жыйынтыкталды.
Урматтуу институттун ИЛИМПОЗДОРУ!
Ар дайым ден-соолукта болуңуздар. Сиздердин кеп-кеңешиңиздер студенттер үчүн ТАБЫЛГЫС БАЙЛЫК болуп эсептелет!
09/12/2025
Конок лекция
2025-жылдын 3-декабрында МТ(б)-1-24 жана УБ(б)-1-24 тайпаларынын 2-курс студенттери үчүн ЖАК «Финка банкынын» директорунун орун басары Абдуллажанова Умидахан Усарбаевнанын катышуусунда конок лекция өткөрүлдү. Иш-чара «Бизнес аналитика» дисциплинасы боюнча «Ресурстук анализ» жана «Инвестициялык башкаруу» дисциплинасы боюнча «Финансылык инвестициянын өзүнчө инструменттеринин инвестициялык сапаттарын баалоо» темаларынын алкагында уюштурулду. Лекцияда темалардын мазмуну кеңири ачылып, практикалык мисалдар менен бекемделди. Студенттер тарабынан берилген суроолор ар тараптуу талкууланып, түшүндүрмөлөр толук берилип, иш-чара жогорку кесиптик деңгээлде өттү.
Конок лекцияны уюштурууда көрсөткөн колдоосу жана салымы үчүн «Менеджмент жана маркетинг» кафедрасынын доценти А.Д. Бабаевага жана улук окутуучу О.А. Кыдыралиевге ыраазычылык билдирилет.
Ошондой эле конок лекцияны өткөрүп бергендиги үчүн ЖАК «Финка банкынын» директорунун орун басары Абдуллажанова Умидахан Усарбаевнага терең ыраазычылык билдиребиз.
Гостевая лекция
3 декабря 2025 года для студентов 2 курса групп МТ(б)-1-24 и УБ(б)-1-24 была организована гостевая лекция с участием заместителя директора ЗАО «Финка банк» Абдуллажановой Умидахан Усарбаевны. Лекция была проведена в рамках дисциплины «Бизнес-аналитика» по теме «Ресурсный анализ», а также в рамках дисциплины «Инвестиционный менеджмент» по теме «Оценка инвестиционных качеств отдельных финансовых инструментов». В ходе лекции представленный материал был детально раскрыт и подкреплён соответствующими практическими примерами. Студентам были предоставлены всесторонние разъяснения на заданные вопросы, что обеспечило высокое профессиональное качество мероприятия. Выражаем благодарность доценту кафедры «Менеджмент и маркетинг» А.Д. Бабаевой и старшему преподавателю О.А. Кыдыралиеву за организацию лекции. Отдельная благодарность адресуется заместителю директора ЗАО «Финка банк» Абдуллажановой Умидахан Усарбаевне за проведение содержательной и информативной гостевой лекции.
09/12/2025
2 декабря 2025 года была проведена гостевая лекция, организованная доцентом Талайбек уулу Т. и старшим преподавателем Бекиевой Э. Ж.
В качестве приглашённого лектора выступила директор консалтинговой компании Own Space, консультант Европейского банка реконструкции и развития, член бизнес-сообщества She Community и лауреат премии «Мырза Айым» республиканского журнала «Жетиген» — Бапыева Алина Замирбековна.
Лекция была проведена для студентов групп УБ(б)-1-23, УБ(б)-1-24, МТ(б)-1-24, а также всех желающих.
В рамках дисциплин «Маркетинговые исследования» и «Маркетинг» гостьей были раскрыты темы:
• «Этика в маркетинговых исследованиях»
• «Товарная политика в маркетинге»
Студенты получили ценные знания о современных подходах к проведению маркетинговых исследований, принципах профессиональной этики и особенностях формирования товарной политики в компаниях.
Благодарим Алину Замирбековну за интересную и практикоориентированную лекцию!
2025-жылдын 2-декабрында доцент Талайбек уулу Т. жана улук окутуучу Бекиева Э. Ж. тарабынан уюштурулган конок лекция өткөрүлдү. Конок лектор катары Own Space консалтинг компаниясынын директору, Европа кайра куруу жана өнүгүү банкынын консультанты, She Community бизнес-коомчулугунун мүчөсү жана республикалык «Жетиген» журналынын «Мырза Айым» сыйлыгынын ээси — Бапыева Алина Замирбековна.
Лекция УБ(б)-1-23, УБ(б)-1-24, МТ(б)-1-24 группаларынын студенттери жана бардык каалоочулар үчүн өткөрүлдү.
«Маркетингдик изилдөөлөр» жана «Маркетинг» дисциплиналарынын алкагында конок төмөнкү темаларды камтып өттү:
• «Маркетингдик изилдөөлөрдөгү этика»
• «Маркетингдеги товардык саясат»
Студенттер маркетингдик изилдөөлөрдү жүргүзүүнүн заманбап ыкмалары, кесиптик этиканын принциптери жана компанияларда товардык саясатты калыптандыруунун өзгөчөлүктөрү боюнча баалуу маалыматтарга ээ болушту.
Алина Замирбековнага мазмундуу жана практикалык багыттагы кызыктуу лекциясы үчүн ыраазычылык билдиребиз!