17/11/2025
Кыргызстандын түштүк аймагында аялдар арасында жугуштуу эмес оорулардын, анын ичинде жүрөк-кан тамыр жана эндокринологиялык оорулардын алдын алууга арналган конференция болуп өттү. Иш-чарага саламаттыкты сактоо тармагындагы адистер, коомдук уюмдардын өкүлдөрү жана жогорку окуу жайлардын окутуучулары катышты.
Конференциянын жүрүшүндө Клиникалык дисциплиналар 1 кафедрасынын окутуучусу, медицина илимдеринин кандидаты Рысбекова Г.С. «Ош облусундагы аялдар арасында кант диабетинин жайылышы» аттуу илимий докладын сунуштады. Доклад чоң кызыгуу жаратты жана талкууларга өбөлгө болду.
Иш-чаранын соңунда Рысбекова Г.С. аялдардын саламаттыгын жакшыртууга кошкон зор салымы үчүн Ош облустук аялдар кеңешинин төш белгиси менен сыйланды.
Мындан тышкары, конференцияга кафедранын окутуучулары Мадраимова В.С., Мусаева Б.С. жана Абдилазизова А.Р. активдүү катышып, талкууларда өз пикирлерин билдиришти. В южном регионе Кыргызстана состоялась конференция, посвящённая профилактике неинфекционных заболеваний среди женщин, включая сердечно-сосудистые и эндокринологические патологии. В мероприятии приняли участие специалисты сферы здравоохранения, представители общественных организаций и преподаватели высших учебных заведений.
В рамках конференции преподаватель кафедры клинических дисциплин №1, кандидат медицинских наук Рысбекова Г.С. выступила с научным докладом на тему: «Распространённость сахарного диабета среди женщин Ошской области». Доклад вызвал большой интерес и стал основой для последующего обсуждения.
По итогам мероприятия Рысбекова Г.С. была удостоена нагрудного знака Ошского областного совета женщин за значимый вклад в укрепление здоровья женщин региона.
В конференции также активно приняли участие преподаватели кафедры Мадраимова В.С., Мусаева Б.С. и Абдилазизова А.Р., которые внесли свой вклад в обсуждение актуальных вопросов женского здоровья.