18/12/2025
📚 12-декабрь – Улуттук адабият күнү
⠀
Ушул маанилүү күндүн алкагында уюштурулган "Айтматов ааламы жана бүгүнкү күн" аталышындагы видеоролик тартуу сынагы жыйынтыкталды.
⠀
Биздин мектептин окуучулары бул сынакка жигердүү катышып, Ыраазычылык баракчага ээ болушту! 👏
⠀
🎬 Бул мүмкүнчүлүк аркылуу окуучулар улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын жаңыча түшүнүп, анын идеялары бүгүнкү күндө да канчалык маанилүү экенин өз көз караштары аркылуу чагылдыра алышты.
⠀
Адабият — дүйнө таануунун, акыл-эстин жана руханий байлыктын булагы!
⠀
💐 Бул ийгиликтин артында эмгектенген чыгармачыл мугалимдерге терең ыраазычылык билдиребиз!
#АйтматовАаламы
#УлуттукАдабиятКүнү
#ЧыңгызАйтматов
#ЖашТаланттар
#МектепЖаңылыктары
jashtar.komiteti