01/06/2026
Бүгүн 1-июнь "Балдарды коргоо" күнүнө карата жана Балдардын чыгармачылык борборунун жылдык жыйынтыктоочу "Чыгармачыл бала өлкөнүн келечеги" аталышындагы отчёттук концерттик кечебиз болуп өттү. Кечеде таланттуу окуучуларыбыздын өнөрлөрүнө күбө болуп, майрамдык куттуктоолор айтылды. Жыйынтыгында 2025-2026- окуу жылында ийрим сабактарына, борбордо өткөрүлгөн сынактарга активдүү катышкан окуучуларга Ардак грамоталар тапшырылды. Майрамдык кечеге келген ийрим окуучуларына таттуулар таратылды.
#Ийрим #РУМЦЭВ #Балажан #БЧБ