Ош билим берүү институту

Ош билим берүү институту Ош билим берүү институнун фейсбук баракчасы

23/09/2026
23-сентябрь — Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнү.Бул күн — эне тилибиздин тарыхын, бүгүнкү ордун жана келечегин...
23/09/2026

23-сентябрь — Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнү.

Бул күн — эне тилибиздин тарыхын, бүгүнкү ордун жана келечегин дагы бир ирет аңдап, тилге болгон жоопкерчилигибизди бекемдей турган маанилүү дата.

Ош билим берүү институтунда мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө, анын кадыр-баркын көтөрүүгө жана жаш муундарга туура, таза сүйлөө менен ой жүгүртүүсүн өстүрүү, жазуу маданиятын калыптандырууга багытталган иштер системалуу жүргүзүлүп келет.

Ар бир окуу курсунда угуучулардын чыгармачылык жөндөмүн өстүргөн ар түрдүү класстан тышкаркы иш-чаралар уюштурулуп турат. Мыкты, насаатчы тилчилер менен жолугушуулар, интеллектуалдык таймаштар, мастер-класстар, адабий-музыкалык кечелер жана башка чыгармачылык иш-чаралар аркылуу угуучулардын мамлекеттик тилди өздөштүрүү менен өнүктүрүүгө шарт түзүлүүдө.

Мамлекеттик тилдин келечеги — аны үйрөнгөн, урматтаган жана күнүмдүк турмушунда кеңири колдонгон муундун колунда.

Улуу элдин урпактары, кыргыз элим, жана улуу максатта эмгектенип жаткан кесиптештерибизди жана жалпы билим берүү тармагынын өкүлдөрүн 23-сентябрь — Мамлекеттик тил күнү менен чын жүрөктөн куттуктайбыз.

#мамтил
#Ошбилимберүүинституту
#Агартууминистрлиги

16/09/2026
04/09/2026

«ДООР ӨЗГӨРТКӨН БИЛИМ: ЖАРАТМАН МУГАЛИМ – ӨНҮККӨН ӨЛКӨ» Ош облустук педагогикалык кызматкерлердин форумуна жалпысынан билим берүү тармагынын 300гө жакын өкүлү катышып, билим берүү системасындагы реформалар жана жаңы окуу жылындагы негизги өзгөчөлүктөр боюнча талкуулар, суроо-жооптор болду.

#Агартууминистрлиги
#Доорөзгөрткөнбилимфоруму
#Ошбилимберүүинституту
#мугалим

“ДООР ӨЗГӨРТКӨН БИЛИМ: ЖАРАТМАН МУГАЛИМ – ӨНҮККӨН ӨЛКӨ”2026-жылдын 4-сентябрында  Ош облусунунда «ДООР ӨЗГӨРТКӨН БИЛИМ: ...
04/09/2026

“ДООР ӨЗГӨРТКӨН БИЛИМ: ЖАРАТМАН МУГАЛИМ – ӨНҮККӨН ӨЛКӨ”
2026-жылдын 4-сентябрында Ош облусунунда «ДООР ӨЗГӨРТКӨН БИЛИМ: ЖАРАТМАН МУГАЛИМ – ӨНҮККӨН ӨЛКӨ» аталышындагы педагогикалык кызматкерлердин облустук форуму болуп өттү.
Форумга КРнын Агартуу министрлигинин, Кыргыз билим берүү академиясынын, Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институтунун, “Окуу китеби” басма үйү” мамлекеттик мекемесинин, Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаментинин, Республикалык илимий-методикалык борбордун өкүлдөрү, ошондой эле билим берүү уюмдарынын кызматкерлери, педагогикалык коомчулуктун өкүлдөрү катышты.
Форумдун жүрүшүндө 12 жылдык жалпы билим берүүгө өтүүнүн максаттарын жана жаңы билим берүү мазмунун сапаттуу ишке ашырып, окуучунун функционалдык сабаттуулугун, чыгармачыл жана сынчыл ой-жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө багытталган окутууну камсыз кылуу жана билим берүү процессинин күтүлүүчү натыйжаларына ийгиликтүү жетүү үчүн ата-энелер жана кеңири коомчулук менен биргеликте майнаптуу иш алып баруу боюнча маселелер талкууланды.​​​​​​Форумдун катышуучулары заманбап окуу китептерин жана окуу-усулдук колдонмолорду натыйжалуу пайдалануу менен алардын мазмунун жаңы билим берүү стандарттарынын талаптарына ылайык практикалык окутуу менен айкалыштыруу. ​Жаңы педагогдун кесиптик өнүгүүсүн камсыз кылып, мугалимдерди үзгүлтүксүз усулдук колдоонун жаңы системасын күчөтүүнү, алдыңкы педагогикалык тажрыйбаларды аныктап, жайылтуу тууралуу маалымат алышты.​​​​​​​Ошондой эле мектепке чейинки билим берүүгө балдарды камтуу, анын сапатын жогорулатуу жана үй-бүлөө менен мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын натыйжалуу кызматташтыгын камсыз кылуу. Техникалык жана башталгыч кесиптик билим берүүнүн мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтип, эмгек рыногунун талабына ылайык адистерди даярдоодо иш берүүчүлөр менен биргелешип иштешине өзгөчө талкуулар болду.
Форумдун алкагында секциялык жыйындар уюштурулуп, катышуучулар азыркы билим берүүдөгү актуалдуу маселелерди талкулашып, маалыматтарды алып кетишти.

#Агартууминистрлиги
#12жылдыкбилимберүү
#Доорөзгөрткөнбилимфоруму
Ош билим берүү институту

 #Билим берүү жана илим министрлиги«Доор өзгөрткөн билим: жаратман мугалим – өнүккөн өлкө»Ош облусунун педагогикалык кыз...
03/09/2026

#Билим берүү жана илим министрлиги
«Доор өзгөрткөн билим: жаратман мугалим – өнүккөн өлкө»
Ош облусунун педагогикалык кызматкерлеринин облустук форуму өткөрүлөт
Ош шаарында 2026-жылдын 4-сентябрында билим берүү тармагындагы маанилүү өзгөрүүлөргө арналган «Доор өзгөрткөн билим: жаратман мугалим – өнүккөн өлкө» аталышындагы Ош облусунун жана Ош шаарынын педагогикалык кызматкерлеринин облустук форуму өткөрүлөт.
Форумга Ош облусунун билим берүү тармагынын жетекчилери, мектеп директорлору, мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетекчилери, мугалимдер, методисттер, педагогикалык кызматкерлер жана билим берүү тармагындагы адистер катышат. Аларга Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин, Кыргыз билим берүү академиясынын, Педагогикалык кадрлардын квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо Республикалык институтунун, “Окуу китеби” басма үйүнүн, Билим берүүнүн сапатын баалоо департаментинин, Республикалык улуттук усулдук борбордун, “Алтын түйүн” улуттук балдар инженердик-техникалык академиясынын жана Ош билим берүү институтунун кызматкерлери панелдик талкууларды жана секциялык иштерди өткөрүшөт.
Форум – өзгөрүп жаткан доордун талабына жооп берген билим берүүнү калыптандырууда педагогикалык ишмердүүлүктүн жаңы багыттарын аныктаган маанилүү аянтча болмокчу.
«Жаңы доор – жаңы билим – жаратман мугалим – өнүккөн өлкө!»

ЖЫЛДЫН МЫКТЫ ТАРБИЯЧЫСЫ — 2026»Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын педагогдорунун арасында өткөрүлгөн «Жылдын мыкты ...
16/06/2026

ЖЫЛДЫН МЫКТЫ ТАРБИЯЧЫСЫ — 2026»
Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын педагогдорунун арасында өткөрүлгөн «Жылдын мыкты тарбиячысы — 2026» конкурсунун облустук этабы өз жыйынтыгына жетти!

Бул сынакка өз кесибинин чыныгы чеберлери болгон — тарбиячы, усулчу жана музыкалык жетекчи номинациялары боюнча жалпы 13 катышуучу катышып, өздөрүнүн билим деңгээлин, презентациялоо жөндөмүн жана мастер-класстарын жогорку деңгээлде көрсөтө алышты.

Көптөн күткөн сынактын жыйынтыгы жана алдыңкы орундарды багындырган жеңүүчүлөрүбүз:

🥇 1-ОРУН:
Айтмамат кызы Асида Ноокат району, Музыка мугалими — Жалпы упайы: 66
Апсатар кызы Дурдана Ноокат району, Усулчу — Жалпы упайы: 62,6
Мамаева Жазгүл Топчубаевна Алай району, Тарбиячы — Жалпы упайы: 60,6
🥈 2-ОРУН:
Мукан кызы Мээрим Ноокат району, Тарбиячы — Жалпы упайы: 60
Эрмаматова Чыныгүл Алай району, Усулчу — Жалпы упайы: 58,2
🥉 3-ОРУН:
Максытова Сезимгүл Кыялбековна Кара-Суу району, Методист — Жалпы упайы: 50,6
Абдимиталип кызы Айтурган Өзгөн району, Тарбиячы— Жалпы упайы: 43,7
Келечек муунга татыктуу тарбия жана терең билим берип жаткан бардык катышуучуларыбызга терең ыраазычылык билдиребиз! Ал эми жеңүүчүлөрүбүздү алдыдагы республикалык этапта облусубуздун намысын бийик коргоого чакырып, ийгиликтерди каалайбыз!

#жылдынмыктытарбиячысы
#агартууминистрлиги

Address

Osh
720000

Alerts

Be the first to know and let us send you an email when Ош билим берүү институту posts news and promotions. Your email address will not be used for any other purpose, and you can unsubscribe at any time.

Contact The School

Send a message to Ош билим берүү институту:

Shortcuts

Share

Category