18/05/2023
Ич-ичиңерде толкундоолор, ар кандай ойлор болуп жатат. Силерде эч качан, босого баллга дагы жетпей калсамчы деген ойлор болбосун .
Кудай ар кимдин аракетине анан ниетине жараша берет. Кээде анча деле билбеген окуучу жогорку балл алып, ал эми жакшы окуган анча деле жогору эмес балл алып калуусу мүмкүн. Муну "жашоонун мыйзамы"- деп кабыл алгыла . Бирок, дайыма эле мындай болбойт. Ичибиздегинин баарын билүүчү бир гана жаратуучу. Силер ушул убакка чейин даярдандыңар, калганын жаратканга тапшыргыла.
Достор, ЖРТге 2 күн калганда даярдыкты токтотсоңор болот✅ . Анткени, тестке чейин өзүңөрдү психологиялык жактан даярдап, мээңерди эс алдырсаңар өзүңөргө жакшы. Жакшы ойлорду гана ойлогула🫶. Менде эч кандай эч сезим жок дегендер, тест учурунда паникага түшүп калышы дагы мүмкүн. Ошондуктан, өзүңөрдү жакшылап сыйлагыла, тест тапшырып жатканың үчүн 😄, ушул убакка чейин даярдангандыгың үчүн.
Тест учурунда , баарын өз убагында аткаргыла, болбосо Х алып калуунар кеп эмес. Эгер 3 жолу Х алсаңар, тест тапшырудан четтетилесинер. Эч кимден жардам суроого ашыкпай эле койгула. Бир гана жаратуучудан ичинерден ар бир суроону белгилеген сайын "туура кыла көр"- деп суранып койгула😁.
Тест тапшыра турган күнү, маанайынарды эч нерсе буза албасын. Керек болсо , алдыңардан кетип жаткан итти дагы , " Иий бул ит мага ЖРТге ийгилик каалап чыгыптыр да"- деп кабыл алып жолунарды уланткыла. Ошол күнү, болушунча эрте тургула, 5те болсо дагы да жакшы. Дуа кылып, маанайынарды көтөрүп, ата-энеңерден дуба сурап жөнөгүлө. 👌
Баарыңарга ийгилик, буюрса 1 айдан кийин жыйынтыгы чыгып, баарың өзүңөр каалаган баллды алып, ата-энеңдин сыймыгы болуп, өзүнө дагы ичиң жылып, жаратканга ыраазы болуп олтуруп калуунарга тилектешмин.🫵😎 Буюрса аз дагы болсо жардамыбыз тийди эле , мына сонун балл алыпмын деген сөздөрдү угалы🤗. Баарыңарды жакшы көрөм 😇 Өзгөчө урматы менен Асел эжекеңер, жана “Лидер Азия” командасы✅