Gorkiyschool

Gorkiyschool Ош шаарындагы
№8 жалпы билим берүү мектеби

✅Урматтуу бүтүрүүчүлөр, кадырлуу ата-энелер жана кесиптештер!9-класстын окуучулары базалык билим тууралуу күбөлүктөрүн, ...
26/06/2026

✅Урматтуу бүтүрүүчүлөр, кадырлуу ата-энелер жана кесиптештер!
9-класстын окуучулары базалык билим тууралуу күбөлүктөрүн, ал эми 11-класстын бүтүрүүчүлөрү орто билим жөнүндө аттестаттарын колдоруна алышты.

Бул – сиздердин көп жылдык эмгегиңиздердин, талыкпаган изденүүңүздөрдүн жана билимге болгон умтулууңуздардын жыйынтыгы.
Мектепте алган билимдериңиздер келечектеги ийгиликтериңиздердин пайдубалы болсун. Эч качан билим алуудан, изденүүдөн токтобоңуздар. Жолуңуздар ачык, максаттарыңыздар бийик болсун!

#8мектеп
#бүтүрүүчүлөр
#мектепЖашоосу
#ОшБилим

✅Биздин мектептин 9-11-класстын окуучулары мамлекеттик экзамендерди ийгиликтүү тапшырып жатышат. Бардык бүтүрүүчү класст...
05/06/2026

✅Биздин мектептин 9-11-класстын окуучулары мамлекеттик экзамендерди ийгиликтүү тапшырып жатышат. Бардык бүтүрүүчү класстарга ийгилик каалайбыз!

#8мектеп
#мамлекеттикЭкзамен
#бүтүрүүчүлөр
#ОшБилим

✅Кесип тандоодо чек жок! Көп учурда биз коомдо калыптанып калган стереотиптерге алдырып, “бул кыздын иши”, “бул балдарды...
26/05/2026

✅Кесип тандоодо чек жок!

Көп учурда биз коомдо калыптанып калган стереотиптерге алдырып, “бул кыздын иши”, “бул балдардын иши” деп кесиптерди бөлүп коёбуз. Бирок чындыгында, кесиптин жынысы болбойт! 🙅‍♀️🙅‍♂️
Сыйлоо — теңчиликтин башаты. Ар бир адам өзүнүн кызыгуусуна, жөндөмүнө жана максатына жараша каалаган тармагында эмгектенип, ийгиликке жетишүүгө укуктуу.
✅ IT тармагында иштеген кыздар — бул кадимки көрүнүш.
✅ Ашпозчулук же балдарга кам көрүү менен алектенген эркектер — бул алардын талантынын көрсөткүчү.
✅ Курулуш, медицина, техника же өрт өчүрүү — бул жерде негизгиси физикалык күч же жыныс эмес, билим, эмгекчилдик жана жоопкерчилик.
Кесип тандоодогу теңчилик — бул ар бир адам өзүн толук кандуу ишке ашыра ала турган эркин коомдун негизи. Эң негизгиси — кызыгуу жана аракет!
Сиз кандай дейсиз? Сиздин чөйрөдө стереотиптерди бузуп, сүйүктүү иши менен алектенип жаткан тааныштарыңыз барбы? Комментарийге жазыңыз! 👇

#8мектеп
#АрБирБалаҮчүн #КүчтүүЖаштарКүчтүүӨлкө #жамааттыкмедиа
#ГендердикТеңчилик #КесипТандоо #ТеңМүмкүнчүлүк #Сыйлоо #Келечек #Ийгилик #Кыргызстан


✅Биздин мектеп — биздин келечек! Таза мектепте окуу — бул жагымдуу гана эмес, бул биздин экологияга болгон сый-урматыбыз...
26/05/2026

✅Биздин мектеп — биздин келечек!
Таза мектепте окуу — бул жагымдуу гана эмес, бул биздин экологияга болгон сый-урматыбыз. Айлана-чөйрөнү таза сактоо үчүн чоң каражат же аракеттин кереги жок, болгону ар бирибиздин аң-сезимдүү мамилебиз жетиштүү. ✨
Келгиле, мектебибизди жана жаратылышты коргоо үчүн бул жөнөкөй эрежелерди күнүмдүк адатка айланталы:
✅ Тазалыкты өзүңөн башта: Класстагы жана мектеп короосундагы тазалыкка жоопкерчиликтүү бол.
✅ Таштандыны туура иретте: Таштандыны таштанды челекке гана ташта.
✅ Ресурстарды үнөмдө: Сууну, кагазды жана энергияны туура пайдалануу — бул жаратылышка көрсөтүлгөн чоң камкордук.
✅ Пластиктен баш тарт: Бир жолу колдонулуучу бөтөлкөлөрдүн ордуна көп жолу колдонулуучу идиштерди колдон.

Эсиңде болсун: “Кичинекей аракет — чоң өзгөрүү”. Бүгүн жасаган ар бир туура кадамың — эртеңки таза экологиянын пайдубалы!
Сен мектебибизди таза сактоо үчүн эмне кылып жатасың? Пикириңди бөлүш! 👇

#АрБирБалаҮчүн #КүчтүүЖаштарКүчтүүӨлкө #жамааттыкмедиа
#8мектеп
#ТазаЭкология #ЖаратылышкаКамКөр #ЭкоМектеп #ТазаКыргызстан #ЭкологиялыкАңСезим #ТаштандысызМектеп #ЖашылКелечек #ЭкоАдаттар #ТазаЖашоо #ЖашЭколог #КелечектиКорго #ТуруктууӨнүгүү
#жамааттыкМедиа

✅29-май — Акыркы коңгуроо салтанатына карата МААНИЛҮҮ БИЛДИРҮҮ!Урматтуу ата-энелер, бүтүрүүчүлөр жана мугалимдер! мектеп...
18/05/2026

✅29-май — Акыркы коңгуроо салтанатына карата МААНИЛҮҮ БИЛДИРҮҮ!

Урматтуу ата-энелер, бүтүрүүчүлөр жана мугалимдер! мектептерде «Акыркы коңгуроо» салтанаты өткөрүлөт. Бул күндү коопсуз, тартиптүү жана ашыкча чыгымсыз өткөрүү максатында төмөнкүдөй эрежелерди эске алыңыздар:
❌ Акча чогултууга: Иш-чараларга, мугалимдерге же мектепке деп кандайдыр бир максатта акчалай каражат топтоого ТЫЮУ САЛЫНАТ.
❌ Банкеттерге: Бүтүрүүчүлөрдүн өз алдынча кафе-ресторандарда, клубдарда көңүл ачуу кечелерин уюштуруусуна ТЫЮУ САЛЫНАТ.
❌ Жаратылышка чыгууга: Окуучулардын топтолуп, шаар сыртына, жаратылышка жана эс алуу борборлоруна баруусуна ТЫЮУ САЛЫНАТ.

Мектептин Акыркы коңгуроосу – өмүрдүн акыркы коңгуроосу болуп калбасын!

#8мектеп
#бүтүрүүчүлөр
#АтаЭнелер
#АкыркыКоңгуроо
#ОшБилим

✅Биздин мектепте тазалык күнү! Бүгүн мектебибизде кезектеги ишембилик жогорку деңгээлде өткөрүлдү. Тазалык акциясына мек...
16/05/2026

✅Биздин мектепте тазалык күнү!

Бүгүн мектебибизде кезектеги ишембилик жогорку деңгээлде өткөрүлдү. Тазалык акциясына мектептин жалпы мугалимдер жамааты жана техникалык кызматкерлери абдан активдүү катышты.
Ишембиликтин алкагында төмөнкү иштер аткарылды:
✅Мектептин короосу толугу менен шыпырылып, таштандылардан тазаланды.
✅Мектептин аймагына тиешелүү болгон бардык арыктар тазаланды;
✅Мектептин короосундагы гүлдөр отоо чөптөрдөн арылып, айланага өзгөчө көрк берилди.

Мектебибиздин тазалыгына жана көрктүүлүгүнө салым кошкон ар бир кесиптешибизге терең ыраазычылык билдиребиз. Тазалыкты өзүбүздөн баштайлы! 💚

#8мектеп
#ишембилик
#тазалык #ынтымак #мугалимдер #жашылшаар

meriya

✅6- класстарга кыргыз тили сабагынан көчүрүү сынагы өткөрүлдү
14/05/2026

✅6- класстарга кыргыз тили сабагынан көчүрүү сынагы өткөрүлдү

✅5-класстар кыргыз тилинен сынак тапшырышты Бүгүн Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин буйругунун негизинде мек...
12/05/2026

✅5-класстар кыргыз тилинен сынак тапшырышты

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин буйругунун негизинде мектебибиздин 5-класстарынын окуучулары үчүн кыргыз тилинен көчүрүү сынагы болуп өттү.
Сынактын жүрүшүндө окуучулардын тил байлыгы гана эмес, комплекстүү сабаттуулугу текшерилди. Тактап айтканда:
✅ Лексика жана грамматика — эрежелерди канчалык өздөштүргөнү;
✅ Окуп түшүнүү жана угуп түшүнүү — маалыматты кабыл алуу жөндөмү;
✅ Жазуу жана сүйлөө — өз оюн эркин жана сабаттуу билдирүүсү.

Сынактын негизги максаты: Окуучулардын мамлекеттик тилди өздөштүрүү деңгээлин аныктоо, алардын оозеки жана жазуу маданиятын калыптандыруу жана кийинки класска даярдыгын баалоо.

Билим сынагынан өткөн бардык окуучуларыбызга ийгилик каалайбыз!

#8мектеп
#БилимБерүү
#көчүрүүсынагы
#ОшБилим
#5класс

✅Тазалык ар бирибизден башталат. Мектепте ишембилик өткөрүлүп, мектептин аймагына караштуу жерлер жана мектептин короосу...
25/04/2026

✅Тазалык ар бирибизден башталат. Мектепте ишембилик өткөрүлүп, мектептин аймагына караштуу жерлер жана мектептин короосу таштандылардан тазаланды.

✅Космоско саякат: Билим жана чыгармачылык майрамы!12-апрель — Космонавтика күнүнө карата мектебибизде өзгөчө иш-чара бол...
12/04/2026

✅Космоско саякат: Билим жана чыгармачылык майрамы!

12-апрель — Космонавтика күнүнө карата мектебибизде өзгөчө иш-чара болуп өттү. Башталгыч класстардын мугалими Мадумарова Феруза Кадыровна 4-класстардын арасында “Космоско саякат” аттуу кызыктуу конкурс уюштурду.

Иш-чаранын максаты:
-Окуучулардын космос дүйнөсү тууралуу билимин тереңдетүү;
-Аларды изденүүгө, мекенчилдикке жана чыгармачылыкка багыттоо;
-Логикалык ой жүгүртүүсүн жана командада иштөө жөндөмүн арттыруу.

Конкурстун жүрүшүндө окуучулар интеллектуалдык суроолорго жооп берип, космос кемелеринин сүрөтүн тартышты жана өз билимдерин сынашты. Жыйынтыгында өзгөчөлөнгөн жеңүүчүлөр грамоталар жана кызыктыруучу белектер менен сыйланышты.

Балдардын келечеги кең, кадамдары космос сыяктуу чексиз болсун! 🌌

#8мектеп
#КосмонавтикаКүнү #Билим
#Мектеп Турмушу #КосмоскоСаякат

Address

Улица А. Масалиева
Osh

Telephone

+996557475470

Website

Alerts

Be the first to know and let us send you an email when Gorkiyschool posts news and promotions. Your email address will not be used for any other purpose, and you can unsubscribe at any time.

Contact The School

Send a message to Gorkiyschool:

Share

Category