26/03/2022
АБИТУРИЕНТ - 2022!
🇰🇷🇯🇵🇨🇳🇸🇦🇹🇷🇳🇪
УРМАТТУУ МЕКТЕП БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮ!
ОШ МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИНИН
ЧЫГЫШ ТААНУУ ЖАНА ТАРЫХ ФАКУЛЬТЕТИ сунуш кылат!
Эгерде, Сиз замандын талабы болгон - чыгыш тилдерине (корей 🇰🇷, япон 🇯🇵, кытай 🇨🇳, араб 🇸🇦, түрк 🇹🇷, фарси 🇳🇪) батыш тилдерин (англис 🇬🇧, 🇺🇸, немис🇧🇪) кошуп (эки тилди: мисалы корей 🇰🇷-англис 🇬🇧 же корей 🇰🇷-немис 🇧🇪тилдерин өзүңүз тандап, 4 жыл бою) тереңдетип окуу менен бирге дүйнөлүк тарыхты, эл аралык саясатты, конфликттерди, экономиканы жана дипломатияны теориялык жактан тереңдетип үйрөнүп, Чыгыштын (Корея 🇰🇷, Япония 🇯🇵, Кытай 🇨🇳, Малайзия, Сингапур, Түркия, Египет, Араб өлкөлөрү) жана Батыштын (АКШ 🇺🇸, Англия 🇬🇧, Германия 🇧🇪, Франция, Чехия, Польша, Россия ж.б.) алдыңкы, өнүккөн мамлекеттерине академиялык мобилдүүлүк боюнча барып окуп жана иштеп келүүнү кааласаңыз, анда Сиз, ОшМУнун
ЧЫГЫШ ТААНУУ ЖАНА ТАРЫХ факультетинин төмөнкү адистиктери менен (келишимдик жана бюджеттик негизде окутулат) таанышып көрүңүз:
1. "Чыгыш таануу, африканистика"
(Корей 🇰🇷, кытай 🇨🇳, япон 🇯🇵, араб 🇸🇦, түрк 🇹🇷, фарси 🇮🇷 + англис 🇬🇧, немис 🇧🇪 тилдери 4 жыл бою тереңдетилип окутулат).
(Профили: Эл аралык мамилелер) (бакалавриат, магистратура), (контракттык негизде).
(Бюджеттик орундарды - Корея 🇰🇷, Кытай 🇨🇳, Япония 🇯🇵, Түркия 🇹🇷, Иран 🇮🇷, Араб 🇸🇦 өлкөлөрү берет);
2. "Социалдык-экономикалык билим берүү" (Профили: Тарых мугалими) (бакалавр, магистратура, аспирантура), (контракттык жана бюджеттик негизде);
3. "Конфликтология"
(Конфликтология адистигинде дагы төмөнкү тилдер 3 жыл бою тереңдетилип окутулат: англис 🇬🇧🇺🇸, немис 🇧🇪, корей 🇰🇷, кытай 🇨🇳, япон 🇯🇵, араб 🇸🇦, түрк 🇹🇷, фарси 🇮🇷 тилдери).
(Профили: Жалпы конфликтология)
(бакалавр) (контракттык негизде);
(Конфликтология адистигине жогорку жана атайын орто кесиптик билими менен 2 курска дипломдун негизинде төмөнкү адистикттердин бүтүрүүчүлөрүн кабыл алабыз: журналистика, социалдык иштер, психология, юриспруденция, эл аралык мамилелер, саясат таануу ж.б.).
4. "Китепканаа таануу жана документ таануу" (Профили: Башкарууну документациялык камсыздоо) (бакалавр) (контракттык негизде).
Окуу мөөнөтү:
1. Бакалаврда - күндүзгү бөлүм 4 жыл, сырттан окуу бөлүмү 5 жыл);
2. Магистратурада - 2 жыл;
3. Аспирантура - 4 жыл.
Контракттын суммасы:
1. "Чыгыш таануу, африканистика"
(Профили: Эл аралык мамилелер) (бакалавр) - 30 100 сом.
2. "Социалдык-экономикалык билим берүү" (Профили: Тарых мугалими), (бакалавр - 26 860 сом, магистратура - 27 160 сом).
3. "Конфликтология"
(Профили: Жалпы конфликтология) (бакалавр) - 35 000 сом.
4. "Китепканаа таануу жана документ таануу" (Профили: Башкарууну документациялык камсыздоо) (бакалавр) - 26 360 сом.
Байланыш үчүн телефондор:
0551 02 53 02,
0700 19 01 91
0553 614 535
Биздин дарек:
Ош шаары, И.Раззаков көчөсү, 21.
🇰🇷🇨🇳🇯🇵🇹🇷🇸🇦🇮🇷
ОшМУнун
Чыгыш таануу жана тарых факультети
ОшМУнун
Чыгыш таануу илим-изилдөө институту
🇰🇷🇨🇳🇯🇵🇹🇷🇸🇦🇮🇷