30/06/2022
Бүгүн, 2022-жылдын 30-июнунда, бизде Ош мамлекеттик юридикалык институту жана Урал мамлекеттик экономикалык университетинин Мамлекеттик, муниципалдык башкаруу жана укук институту менен биргеликте "Улуттук мамлекеттер жана алардын конституциялык негиздери” аттуу ОПК, студенттер, магистранттар, аспиранттардын эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү.
Бул конференция Ош мамлекеттик юридикалык институту менен Урал мамлекеттик экономикалык университетинин 2022-жылдын апрель айында кол коюлган келишимдин алкагында, аталган университеттин Мамлекеттик, муниципалдык башкаруу жана укук институту менен биргеликте уюштурулуп, өткөрүлдү.
Конференция салттуу форматта уюштурулуп, өз максатына жетүү үчүн төмөнкү негизги илимий багыттарда иш алып барды:
1. Улуттук мамлекеттер: алардын өзгөчөлүктөрү жана конституциялык негиздери.
2. Мамлекеттүүлүктүн көйгөйлүү маселелери жана алардын чечилиши.
3. Учурдагы гуманитардык, так илимдердин олуттуу маселелери.
Конференцияга, анын секциялык иштерине баардыгы болуп 141 адам катышууга баяндамаларын жиберишти.
Конференцияга катышкандардын ичинен Россия Федерациясынын Урал мамлекеттик экономикалык университетинин Мамлекеттик, муниципалдык башкаруу жана укук институтунан, Урал мамлекеттик юридикалык университетинен 35 баяндамачы, калганы ОшМЮИнин, ОшТУнун, БатМУнун, КР УИА ТБ окумуштуулары, ОПК, магистранттары, аспиранттары болушту.