ОшМУ, STEM-инновациялык колледжи

ОшМУ, STEM-инновациялык колледжи

Share

STEM инновациялык колледжи– Ош мамлекеттик университет

Photos from ОшМУ, STEM-инновациялык колледжи's post 23/04/2026

**2026-жылдын 16-17–18-апрелинде** Өзбекстандын **ZARMED University** окуу жайында **«Жасалма интеллектти жана санариптик технологияларды өнүктүрүүнүн келечеги»** аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү.
Конференциянын алкагында жасалма интеллектти билим берүү, медицина, экономика жана башка тармактарда колдонуунун актуалдуу маселелери, ошондой эле инновациялык чечимдер жана технологиялык өнүгүүнүн келечеги каралды.
Конференцияда ОшМУнун окутуучусу
Токторбаева Гүлсүн Полотовна
«Кавитациялык түзүлүштүн иштөө режимдерин болжолдоо жана оптималдаштыруу үчүн математикалык моделди иштеп чыгуу». аталышындагы темада доклад окуду.
Мындан тышкары, ZARMED University окуу жайынын студенттери үчүн конок лекция окудум жана сертификат алып келдим. Мына ушундай иш-чараларга катышуу илимий кызматташтыкты өнүктүрүүгө, тажрыйба алмашууга жана окуу процессине заманбап технологияларды интеграциялоого өбөлгө түзөт.

21/04/2026

ПИЭс 9-1-23 тобунун студенткасы Диканова Альбина 14–18-апрель күндөрү Бишкек шаарында өткөн Кыргыз Республикасынын кикбоксинг боюнча чемпионатында биздин колледждин намысын татыктуу коргоду.

Мелдештин жыйынтыгында Альбина аялдар арасында 60 кг салмак категориясында 1-орунду багындырып, жогорку деңгээлдеги даярдыгын, күчүн жана жеңишке болгон умтулуусун көрсөттү.

Photos from ОшМУ, STEM-инновациялык колледжи's post 21/04/2026

Эл аралык илимий конференция. 2026-жылдын 16-апрелинде Ж.Баласагын атындагы КУУнун Баткен институту менен КРнын УИАнын ТБ “КРнын УИАнын ТБнун Медициналык жана биологиялык илим изилдоо институту, А.С.Джаманбаев атындагы Жаратылыш байлыктары институту, Жалал-Абад илимий борбору менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 18-декабрындагы Жарлыгы менен бекитилген "Улуттук дем - дуйнолук бийиктик" унгу жолу жонундо Жарлыгынын негизинде "Илим, практика жана инновациялар – туруктуу өнүгүүнүн негизги булактары” аттуу эл аралык илимий конференция өткөрүлдү. Бул конференция Баткен облусунун туруктуу өнүгүүсүнө арналды. Конференцияга КРнын УИАнын ТБнун төрагасы, Османакун Ибраимов Ибраимович, Илим изилдоо институттардын, ЖОЖдордун академик, профессорлору, илимпоздору жана СТЕМ инновациялык колледжинин окутуучулары Абдумомунова Бүниса, Садыкбекова Айкөкүл, Абдукадырова Уулжан жана Аманбай кызы Айсулуу катышып доклад окушту.
Иш-чаранын алкагында илимпоздор, адистер жана жаш изилдөөчүлөр аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсү, инновацияларды киргизүү, экологиялык коопсуздук жана билим берүү маселелери боюнча ой бөлүшүштү.

Photos from ОшМУ, STEM-инновациялык колледжи's post 20/04/2026

ИЛИМДИН ЧЕКСИЗ АЙДЫҢЫ АСТАНА ФОРУМУ ЖАНА НАЗАРБАЕВ УНИВЕРСИТЕТИНЕ САЯКАТ
ОшМУнун STEM инновациялык колледжинин делегациясы Казакстандын борборунда өткөн ири илимий иш-чарага катышып, дүйнөлүк деңгээлдеги билим берүү чөйрөсү менен таанышып кайтты.
Эл аралык форум жана Ляззат Кусаинованын демилгеси.
Иш сапардын алгачкы бөлүгү белгилүү коомдук ишмер, билим берүү тармагынын адиси юридика илимдеринин кандидаты Ляззат Кусаинова тарабынан уюштурулган окуучулардын жана студенттердин Эл аралык илимий форуму менен башталды. Бул форум — КМШ өлкөлөрүнүн таланттуу жаштарынын башын бириктирген, илимге жол ачкан ири аянтча. Ляззат Кусаинованын жетекчилиги астында өткөн бул иш-чара жаш изилдөөчүлөргө тажрыйба алмашууга жана эл аралык байланыштарды курууга зор мүмкүнчүлүк берди.
Форумдун секциялык иштеринде биздин колледждин өкүлдөрү өздөрүнүн актуалдуу баяндамалары менен өзгөчөлөнүштү:
Жасмина Ыманалиева (ТМС-9-1-26 тобунун студенти) — туризм тармагындагы жаш адистерди даярдоодо эл аралык кызматташтыктын ролу тууралуу баяндама жасап, заманбап туризмдин келечегине жаңыча көз караш сунуштады.
Б. А. Абдымомунова (окутуучу) — илимий жетекчи катары экологиялык маданият жана билим берүү мейкиндигин өнүктүрүү маселелерин козгоп, эл аралык эксперттердин жогорку баасына татыды.
Назарбаев Университети жана кыргыз илиминин сыймыгы
Сапардын эң кызыктуу бөлүгү дүйнөлүк стандарттагы Назарбаев Университетине болгон зыярат болду. Бул окуу жай Орто Азиядагы жана Кавказдагы илимдин жана инновациянын флагманы болуп саналат.
Бул университетке болгон сапарда бизди өзгөчө сыймыктануу сезими коштоп жүрдү. Анткени, аталган университеттин жогорку мектебинде биздин мекендешибиз, белгилүү окумуштуу Дүйшөн Шаматов эмгектенет.
Дүйшөн Шаматов тууралуу төмөнкү фактылар ар бир кыргызстандык үчүн сыймыктануу сезимин пайда кылуусу керек:
1. Университеттин 600дөн ашуун дүйнөлүк деңгээлдеги профессорлорунун арасында 4 жыл катары менен "Эң мыкты профессор" наамын бир гана Дүйшөн Шаматов алган. Бул — билим берүү тармагындагы теңдешсиз ийгилик.
2. Кыргыз желегинин желбиреши тууралуу сыймыктануу менен айтууга болот. Анткени, Назарбаев Университетинин төрүндө башка мамлекеттердин желектеринин арасында Кыргызстандын мамлекеттик желеги желбиреп тургандыгы - дал ушул Дүйшөн агайдын илимдеги зор салымына жана жетишкендиктерине берилген өзгөчө урмат-сыйдын белгиси болуп саналат.
Профессор Шаматов менен болгон жолугушуу студенттер үчүн чыныгы мотивация болду. Ал өз сөзүндө илимге кадам таштаган жаштарды ар дайым изденүүгө жана дүйнөлүк деңгээлдеги билимге умтулууга чакырды.
Сапардын жыйынтыгында, бул иш сапар биздин колледждин студенттери үчүн дүйнөлүк илимге ачылган терезе болду. Биз Астанадан жаңы билим, эл аралык сертификаттар жана эң башкысы - "биз дагы дүйнө тааныган окумуштуу боло алабыз" деген чоң ишеним менен кайттык.

Photos from ОшМУ, STEM-инновациялык колледжи's post 17/04/2026

17.04.2026-жыл Профессионалдык дисциплиналар бөлүмүнүн «Колдонмо геодезия» адистигинин бутуруучу курстарын 20-апрелден 16-майга чейин өтүүчү 4 жумалык ондуруштук практикасына жөнөтүү конференциясы өткөрүлдү.
Конференцияга бөлүм башчысы Б.С. Сатыбалдиев, колледждин практика жетекчиси З.С. Касымова жана бөлүмдүн практика жетекчиси С. Боронов катышышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө жетекчилер студенттерге практиканын максаты жана мааниси тууралуу кеңири маалымат берип, коопсуздук техникасы боюнча инструктаж өткөрүштү. Ошондой эле практика учурунда сакталуучу эреже-талаптар, аткарылуучу милдеттер жана жоопкерчилик маселелери боюнча тушундурмо беришти.
Студенттер өздөрүн кызыктырган суроолорду берип, тиешелүү жоопторду алышты. Жыйынтыгында жетекчилер студенттерге ийгиликтүү практика өтөп келүүсүн каалап, алган теориялык билимдерин иш жүзүндө бекемдөөгө чакырышты.

Photos from ОшМУ, STEM-инновациялык колледжи's post 17/04/2026

17-апрель күнү «ОшМУнун заманбап окутуучу–2026» сынагынын алкагында Камчы кызы Бурулай ПИЭС адистигинин студенттерине адабият сабагынан мазмундуу жана таасирдүү ачык сабак өттү. Сабактын темасы — белгилүү жазуучу М.Гапаровдун «Эки ирет гүлдөөчү алмалар» чыгармасындагы үй-бүлө темасынын көркөм чагылдырылышы болду.

Сабак жогорку деңгээлде уюштурулуп, заманбап окутуу ыкмалары натыйжалуу колдонулду. Окутуучу интерактивдүү усулдар аркылуу студенттердин чыгармага болгон кызыгуусун арттырып, алардын сынчыл ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурду. Талкуу, топтук иш, суроо-жооп форматтары аркылуу студенттер чыгарманын мазмунун терең талдап, үй-бүлөлүк баалуулуктардын маңызын кеңири ачып бере алышты.

Айрыкча, сабакта үй-бүлө — адам турмушунун негизи экендиги, ата-эне менен баланын ортосундагы мамиленин ыйыктыгы жана руханий баалуулуктардын орду өзгөчө баса белгиленди. Камчы кызы Бурулай ар бир студенттин оюн угуп, алардын эркин пикир билдирүүсүнө шарт түзүп, сабакты жандуу жана мазмундуу өткөрө алды.

Бул ачык сабак педагогдун кесипкөйлүгүн, чыгармачыл мамилесин жана окутуудагы инновациялык ыкмаларды ийгиликтүү колдонгондугун даана көрсөттү. Мындай сабактар келечектеги адистердин билим деңгээлин жогорулатып гана тим болбостон, алардын инсандык өнүгүүсүнө да чоң салым кошот.

Жыйынтыгында, сабак катышуучулар жана байкоочулар тарабынан жогору бааланып, «Заманбап окутуучу–2026» сынагынын алкагындагы мыкты сабактардын бири катары белгиленди.

Photos from ОшМУ, STEM-инновациялык колледжи's post 17/04/2026

STEM инновациялык колледжинин Информациялык технологиялар бөлүмүнүн ТОСВТ жана информациялык дисциплиналар циклынын “Колдонмо информатика” жана “АСОИУ” адистиктеринин бүтүрүүчү курстары 2026-жылдагы өндүрүштүк практикасына чыгарылган:
ПИЭ: 30.03.2026 – 25.04.2026
ТОСВТ: 30.03.2026 – 08.05.2026
АСОИУ: 13.04.2026– 08.05.2026
Практиканын жүрүшүн текшерүү максатында колледждин практика жетекчиси Касымова З., бөлүмдүн практика жетекчилери Рахманберди кызы М., Молдалиева Ж. жана башка пр.жетекчилер биргеликте төмөнкү ишканаларга барып, студенттердин абалы менен жеринен таанышып келишти.
Сапар маалында студенттердин иш орду, аткарып жаткан тапшырмалары, көндүмдөрдүн өнүгүү деңгээли жана практика программасына шайкештиги текшерилди. Ошондой эле аларга тиешелүү эреже-талаптар, милдеттер жөнүндө кошумча маалымат берилип, студенттердин суроолоруна кеңири жооптор берилди.

Photos from ОшМУ, STEM-инновациялык колледжи's post 16/04/2026

Ош мамлекеттик университетинин (ОшМУ) «STEM» инновациялык колледжинин Профессионалдык дисциплиналар бөлүмүнүн «Туризм» адистигинин студенттери г.и.к., доцент Б.С. Сатыбалдиевдин жетекчилиги алдында Кара-Суу районунун Лаглан айылында жайгашкан туристтик объектилерге окуу-таанышуу максатындагы талаа изилдөө ишин жүргүзүштү.
Изилдөөнүн негизги максаты – студенттерди Ак-Буура дарыясынын жогорку агымындагы табигый туристтик-рекреациялык аймактар менен тааныштыруу, ошондой эле алардын аймактык туризм ресурстарын баалоо боюнча практикалык көндүмдөрүн калыптандыруу болуп эсептелет.
Талаа ишинин жүрүшүндө студенттер аймактын рельефинин морфологиялык өзгөчөлүктөрүн, табигый ландшафттардын түзүлүшүн жана алардын туристтик потенциалын изилдешти. Мындан тышкары, боз үй комплекстеринин уюштурулушу, айылдык туризмдин өнүгүү өзгөчөлүктөрү, гидрографиялык объектилердин (суулардын топтолуу аймактарынын) жайгашуусу жана бийиктик алкактуулукка жараша табигый шарттардын, анын ичинде жыл мезгилдеринин өзгөрүүсү боюнча маалыматтар талданды.
Жыйынтыгында, жүргүзүлгөн талаа изилдөөлөрү студенттердин теориялык билимдерин бекемдеп, туризм тармагындагы аймактык ресурстарды комплекстүү баалоо жана колдонуу боюнча практикалык тажрыйбасын кеңейтүүгө өбөлгө түздү.

Толук маалымат: https://stem.oshsu.kg/pages/news/34693

Photos from ОшМУ, STEM-инновациялык колледжи's post 14/04/2026

2026-жылдын 14-апрель күнү Профессионалдык дисциплиналар бөлүмүнүн физик окутуучулары Садыкбекова Айкөкүл, Абдукадырова Уулжан, Токторбаева Гүлсүн жана Аманбай кызы Айсулуу тарабынан “Айга сапар – илим менен кыялдын биримдиги” аттуу иш-чара болуп өттү. Иш -чарада 12-апрель Космонавтика күнүнө карата Айга учурулган "Артемида -2" миссиясы тууралуу маалымат берилди. Бөлүмдүн окутуучулары, студенттер арасында кызыктуу талкуу болуп, оюндар уюштурулду. Жыйынтыгында активдүү катышкан студенттер ыраазычылык баракча менен сыйланышты.

Photos from ОшМУ, STEM-инновациялык колледжи's post 14/04/2026

11 апреля 2026 года преподаватель русского языка и литературы инновационного колледжа СТЕМ, Ажибаева Ф.А. провела открытый урок в группе АСс9-2-25 на тему:Времена глагола ".Занятие было проведено согласно учебному плану и направлено на углубление глубоких знаний студентов.Грамотное сочетание интерактивных методов обучения помогает студентам освоить один из ключевых грамматических разделов школьной программы. На открытом уроке присутствовали преподаватели: Джалалова Д.,Исмаилова А.,Назарова Г.,Жаанбаева А.

Photos from ОшМУ, STEM-инновациялык колледжи's post 13/04/2026

Өзбекстан Республикасында 2026-жылдын 2-4-апрель күндөрү белгилүү окумуштуу, академик Төрө Мирзаевдин 90 жылдык мааракесине арналган эл аралык илимий конференция жогорку деңгээлде өткөрүлдү. Аталган илимий иш-чарага билим берүү жана илим тармагындагы окумуштуулар, изилдөөчүлөр жана педагогдор катышып, түрк дүйнөсүнүн маданий мурастары, адабияты жана билим берүү багытындагы актуалдуу маселелер талкууланды.

Конференцияга ОшМУнун STEM инновациялык колледжинин профессионалдык дисциплиналар бөлүмүнүн окутуучусу Батырова Ташхон «Манас эпосундагы каада-салттарды интерактивдүү усулдар аркылуу окутуу» аттуу темада баяндама жасап, өзүнүн педагогикалык тажрыйбасы менен бөлүштү. Баяндамада улуу мурасыбыз болгон Манас эпосун заманбап окутуу технологиялары менен айкалыштырып үйрөтүүнүн натыйжалуу жолдору сунушталып, интерактивдүү методдор аркылуу окуучулардын кызыгуусун арттыруу маселелери кеңири баяндалды.

Илимий жыйындын жүрүшүндө түрк дүйнөсүнүн ар кыл өлкөлөрүнөн келген окумуштуулар менен пикир алышуу, тажрыйба алмашуу жана жаңы илимий-педагогикалык идеяларды талкуулоо мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Эл аралык деңгээлдеги мындай кызматташтык билим берүү тармагында инновациялык ыкмаларды өнүктүрүүгө жана улуттук баалуулуктарды сактоо менен заманбап билим берүүнү айкалыштырууга өбөлгө түзөт.

Конференция катышуучулары тарабынан сунушталган баяндамалар жогору бааланып, улуттук маданий мурастарды жаңы педагогикалык усулдар аркылуу окутуунун мааниси өзгөчө белгиленди.

Улуттук баалуулуктарды заманбап билим берүү менен айкалыштыруу — келечек муунга сапаттуу билим берүүнүн негизги багыты болуп саналат.

Толук маалымат: https://stem.oshsu.kg/pages/news/34581

Want your school to be the top-listed School/college in Osh?

Click here to claim your Sponsored Listing.

Location

Osh

Category

Telephone

Address


1-корпус: Абсамат Масалиев к 95А/1, 2-корпус: Насирдин Исанов к 75/2
Osh
723500

Opening Hours

Monday 09:00 - 17:00
Tuesday 09:00 - 17:00
Wednesday 09:00 - 17:00
Thursday 09:00 - 17:00
Friday 09:00 - 17:00
Saturday 09:00 - 15:00