ДТжМФнын Жаштар кеңешинин баракчасы

  • Home
  • Kyrgyzstan
  • Osh
  • ДТжМФнын Жаштар кеңешинин баракчасы

ДТжМФнын Жаштар кеңешинин баракчасы ОшМУнун Дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинин Жаштар кеңешинин официалдуу баракчасына кош келипсиз.

25-апрель күну ДТжМ факультетинде "Китеп менин жашоомдо",аттуу көргөзмө кечеси уюштурулду. Көргөзмөгө эң мыкты китептер ...
26/04/2022

25-апрель күну ДТжМ факультетинде "Китеп менин жашоомдо",аттуу көргөзмө кечеси уюштурулду. Көргөзмөгө эң мыкты китептер коюлуп жана ошондой эле китеп тууралуу аябай кызыктуу суроо- жооп оюндары болду. Студенттерибиздин көпчүлүгү суроолорго так жана туура жооп бергендиги абдан кубандырды🤗. Ошондой эле туура жооп берген студент достор "күндүн цитатасы" карточкаларын белекке алышты.
Toktorova
#ОшГУ
#адабият

ДЕКАН МЕНЕН ЖОЛУГУШУУБүгүн ДТжФМнын деканы ф.и.к. доцент Рахат Сагындыкова менен Жаштар кеңешинин жана Акыйкатчы аппарат...
26/01/2022

ДЕКАН МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ

Бүгүн ДТжФМнын деканы ф.и.к. доцент Рахат Сагындыкова менен Жаштар кеңешинин жана Акыйкатчы аппаратынын өкүлдөрү жолуктук. Жолугушуунун негизи максаты, 2022-жылга карата окуу жайыбыздын ар тараптан өнүгүүсү боюнча жана студенттердин деңгээли, жүрүм-туруму, массалык маданий иш-чараларга катышуусу ж.б. ар түрдүү темаларда сүйлөшүүлөр болду.
Жыйынтыгында бир нече алгылыктуу иштерди пландап, аткарууга бел байладык, тиешелүү иштерге жооптуу болдук.

#инфак
#Ошму
#студент

2021-жылдын 4-декабрь күнү ДТжМ факультетинде  I курстун студенттерин "Студенттикке кабыл алуу"  аземи болуп өттү. Иш-ча...
04/12/2021

2021-жылдын 4-декабрь күнү ДТжМ факультетинде I курстун студенттерин "Студенттикке кабыл алуу" аземи болуп өттү. Иш-чаранын ачылышында декан Калыгулова С.Ш. сөз сүйлөп, бир катар куттуктоосун айтты. Иш-чарага конок болуп келген студенттердин ата-энелери да жылуу каалоо-тилектерин айтып, алдыда чоң-чоң ийгиликтерге жетүүлөрүнө тилектеш экендигин билдиришти. Иш-чаранын жүрүшүндө, таланттуу студенттер өз өнөрлөрүн тартуулашты. Ошондой эле, окуудагы жетишкендиктерди багындыруу менен бирге коомдук-маданий иш-чараларга активдуу катышкан студенттерге "Мыкты студент" наамы ыйгарылды.
I курстун студенттери программа жетекчилери доцент Акматова А.А., доцент Кайкыбашева А., доцент Аипова Г.Б. жана профессордук-окутуучулук курамдын алдында мыкты окууга, университеттин, факультеттин ички мыйзамдарын сактоого, эл аралык достук биримдигин бекемдөөгө ант беришти. Иш-чаранын баштан аяк көзөмөлдөп, ийгиликтүү өтүшүнө салымын кошкону үчүн тарбия иштери боюнча декандын орун басары Токторова Венера эжекебизге ыраазычылык билдиребиз.

Студент-досторго ийгилик каалайбыз!

ДТжМФ тамашоудоКечээ 2-декабрь. ОшМУнун жалпы факультет, колледждери арасында шайыр тапкычтар оюну болуп өттү. Эске салс...
03/12/2021

ДТжМФ тамашоудо

Кечээ 2-декабрь. ОшМУнун жалпы факультет, колледждери арасында шайыр тапкычтар оюну болуп өттү. Эске салсак, ОшМУда жыйырмага жакын факультет, колледж бар. Алардын ичинен бул оюнга жалпысынан 12 команда катышты. Биздин окуу жайдан KG_sky курама командасы ат салышып, мыкты оюн көрсөтүп, активдүү катышкандыгы үчүн атайын дипломго ээ болушту. 🎗️
Албетте бул команда жаңыдан түптөлүп, биринчи оюнунда эле ушундай куру кол кайтпай олтурат. Команданын мындан аркы оюндарына чоң-чоң ийгиликтерди каалайбыз.🤝
#инфак
#ошгу

17-ноябрь Бүткүл дүйнөлүк студенттер күнүн утурлай  16-ноябрь Дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинин студенттери та...
17/11/2021

17-ноябрь Бүткүл дүйнөлүк студенттер күнүн утурлай 16-ноябрь Дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинин студенттери тарабынан ОшМУнун №3-жатаканасында майрамдык иш-чара болуп өттү. Иш-чаранын негизги максаты студенттердин талантын эл алдында алып чыгуу жана майрамдык маанай тартуулоо болчу, айтылгандай өз максатына жетти жана майрамдык кече жогорку деңгээлде өттү.

Майрамыңыздар менен урматтуу студент достор!
#студенты
#вузы
#ошгу

БИРИНЧИ КУРСТУН СТУДЕНТТЕРИ МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ.ОшМУда окуу жылы 15-сентябрь башталы. 21-сентябрь факультетибиздин астанасын...
02/11/2021

БИРИНЧИ КУРСТУН СТУДЕНТТЕРИ МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ.

ОшМУда окуу жылы 15-сентябрь башталы. 21-сентябрь факультетибиздин астанасын алгачкы жолу аттаган студент достор менен чакан жолугушуу болуп өттү. Жолугушууну деканыбыз ф.и.к. доцент Калыгулова Сабыркул эжекебиз ачып берди жана бир топ мотивациялуу сөздөрү менен студенттерди шыктандырды. Жолугушуунун негизги максаты, ОшМУ жана ДТжМФ менен тааныштыруу жана андагы түрдүү долбоорлор, стипендиялар жана алмашуу программалары боюнча маалымат берүү, Жаштар кеңеши ж.б. менен тааныштыруу болчу. Иш-чара өз максатына жетип, студенттер ар тараптуу маалыматка ээ болушту. Студенттер мындан аркы кадамдарын ушул маалыматтарга таянып таштайт деп терең ишенебиз...

Address

Osh

Opening Hours

Monday 09:00 - 17:00
Tuesday 09:00 - 17:00
Wednesday 09:00 - 17:00
Thursday 09:00 - 17:00
Friday 09:00 - 17:00
Saturday 09:00 - 12:00

Telephone

+996772147685

Alerts

Be the first to know and let us send you an email when ДТжМФнын Жаштар кеңешинин баракчасы posts news and promotions. Your email address will not be used for any other purpose, and you can unsubscribe at any time.

Contact The School

Send a message to ДТжМФнын Жаштар кеңешинин баракчасы:

Shortcuts

Share