Кыргыз филологиясы жана журналистика факультети

  • Home
  • Kyrgyzstan
  • Osh
  • Кыргыз филологиясы жана журналистика факультети

Кыргыз филологиясы жана журналистика факультети Кыргыз филологиясы жана журналистика факультети-жаштардын жан досу!

30/06/2023

Ош мамлекеттик университети

Кыргыз филологиясы жана журналистика факультети

Адистиктер:
-ФИЛОЛОГИЯЛЫК БИЛИМ БЕРҮҮ (кыргыз тили жана адабияты)

-ЖУРНАЛИСТИКА

Байланыш үчүн: +996 778 302 332

Куттуктайбыз! Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде педагогика илимдеринин кандидаты, профессор С.М.Мадраимовдун ...
19/04/2022

Куттуктайбыз!

Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде педагогика илимдеринин кандидаты, профессор С.М.Мадраимовдун 75 жылдык мааракесине арналган "ЖАҢЫ МААЛЫМАТТЫК ТЕХНОЛОГИЯЛАР МЕЗГИЛИНДЕГИ СТУДЕНТТИК ИЛИМДИН ӨНҮГҮШҮ" аттуу студенттердин аймактык илимий-практикалык конференциясында ОшМУнун кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин студенттери Бактияр кызы Асел атайын сертификат жана Исхак Эгемназаров 2-даражадагы диплом, 2 миң сом акчалай сыйлык менен сыйланды. Эске салсак бул конференцияга ОшМУнун атынан ушул эки гана студентибиздин катышкандыгы чоң сыймык!

📍 ЭСКЕРҮҮБҮГҮН факультетибизде коомдук ишмер, филология илимдеринин кандидаты, доцент маркум агайыбыз АСАМИДИН АТТОКУРОВ...
12/04/2022

📍 ЭСКЕРҮҮ

БҮГҮН факультетибизде коомдук ишмер, филология илимдеринин кандидаты, доцент маркум агайыбыз АСАМИДИН АТТОКУРОВДУ эскерүү-кечеси болуп өттү.

АГАЙДЫН мыкты адам, мыкты жетекчи, мыкты тилчи, мыкты коомдук ишмер, мыкты уюштуруучу болгондугун коллективи, достору, шакирттери эскеришти.

Агайыбыздын үй-бүлөсү кышкы сессиянын жыйынтыгы менен рейтингде биринчиликке чыккан алдыңкы студенттерге АСАМИДИН АТТОКУРОВ атындагы СТИПЕНДИЯ тапшырышты.

🇰🇬АГАЙЫБЫЗ 75 ЖАШТА🇰🇬2022-жылдын 11-апрелинде куттуу окуу жайыбызда көрүнүктүү- тилчи, филология илимдеринин кандидаты, ...
12/04/2022

🇰🇬АГАЙЫБЫЗ 75 ЖАШТА🇰🇬

2022-жылдын 11-апрелинде куттуу окуу жайыбызда көрүнүктүү- тилчи, филология илимдеринин кандидаты, профессор Нуруев Тыныбек Эркебаевич менен жолугушуу- кечеси болуп өттү.

Кечеде агайдын бейнесине сүртүмдөр айтылып, кыргыз тил илиминин өнүгүшүнө салым кошкондугу, окутуучу, кафедра башчысы, декан болуп турган мезгилинде факультеттин түптөлүшүнө кошкон салымы айтылды.

21/03/2022

🇰🇬🇰🇬🇰🇬 Майрамыңыздар менен!🇰🇬🇰🇬🇰🇬

19/03/2022

🇰🇬🇰🇬🇰🇬Нооруз -2022🇰🇬🇰🇬🇰🇬

Куттуу окуу жайыбызда Нооруз майрамы белгиленди

Ош мамлекеттик университетинин кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинде жыл сайын уюштуруулуучу Нооруз майрамы быйыл да салтанаттуу түрдө белгиленди.

Майрамдык иш-чарада СҮМӨЛӨК кайнатылып, улуттук тамак-аш көргөзмөсү уюштурулуп, улуттук оюндар ойнотулуп, соңунда кыз-жигит оюну САРМЕРДЕН менен жыйынтыкталды.

Жыл жыйынтыгы-2021Мыктылар сыйланды.
29/12/2021

Жыл жыйынтыгы-2021

Мыктылар сыйланды.



Куттуу окуу жайыбыздын кадырын бийик көтөргөн мыктыларыбыз!!!Ош мамлекеттик университетинин кыргыз филологиясы жана журн...
24/12/2021

Куттуу окуу жайыбыздын кадырын бийик көтөргөн мыктыларыбыз!!!

Ош мамлекеттик университетинин кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин кыргыз тили жана адабияты адистигинде окуган биздин мыктыларыбыз, КЛ(б)-1-18 тайпасынын студенттери:

Бактыбек кызы Айзат
Балтабаева Аваскан
Маматова Дилфузахан
Токторали кызы Бермет

ички мобилдүүлүк боюнча Кыргызстандын бермети болгон кереметтүү Ысык-Көл жергесиндеги Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде окуп жатышат.

Окуу менен гана чектелбестен, өздөрүнүн демилгеси менен К.Сактановдун "Маркумдар үнү" чыгармасынын негизинде китеп сынагын уюштурушуп, жогорку деңгээлде өткөрүштү.

Студенттерибиздин демилгесин колдоп, моралдык, материалдык жактан колдоо көрсөткөн ЫМУнун жалпы жамаатына ыраазычылык билдиребиз.











21/12/2021

Мобилдүүлүк боюнча Түркиянын Сивас шаарындагы Сивас Жумхуриет университетинде билим алып жаткан биздин факультетибиздин студенттери

🇰🇬12-декабрь УЛУТТУК АДАБИЯТ КҮНҮНӨ🇰🇬 карата залкар жазуучубуз Ч. Т. Айтматов боюнча жергиликтүү жашоочуларга суроо узатып, алардан жооп алышкан.

Сыймыктуу студенттерибиз:

_u_.s



Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинде 2021 - жылдын 20 - декабрь күнү факультеттик деңгээлде "ОРАТОР" дебат...
21/12/2021

Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинде 2021 - жылдын 20 - декабрь күнү факультеттик деңгээлде "ОРАТОР" дебаттык оюну болуп өттү. Дебаттык оюндун жеңүүчүлөрү дипломдор менен сыйланышты. Ошондой эле факультеттин 1 айлык "БАШАТ" дебаттык курсун аяктаган төмөнкү 7 студентке сертификат тапшырылды:
1. Асылбек кызы Айзирек
2. Бердибаева Жасмина
3. Мыктыбек кызы Гүлнура
4. Номанов Өмүрбек
5. Нурсовет кызы Бегимай
6. Тагайбек уулу Байболот
7. Тойчубек уулу Олжобай
"БАШАТ" дебаттык курсунун тренери Сезим Сагынбековага, бүгүнкү дебаттык оюнду уюштуруп берген уюштуруучуларга, дебаттык оюнга калыстык кылып берген Жолдошбай уулу Сыймык мырзага жана Сайпидинова Улуш айымга терең ыраазычылык билдиребиз!

Мобилдүүлүк-байланыштын дагы бир өзгөчө ыкмасы демекчи,окуу менен чет жерде жүргөн студенттерибиз менен ал-акыбал сурашп...
15/12/2021

Мобилдүүлүк-байланыштын дагы бир өзгөчө ыкмасы демекчи,окуу менен чет жерде жүргөн студенттерибиз менен ал-акыбал сурашпай койбойбуз.Алар менен тыгыз кабарда болуп, сүйлөшүп турабыз,анда алар:«Биз Ош мамлекеттик университетинин кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин 4-курсунун студенттерибиз. Учурда сырткы мобилдүүлүк боюнча Түркиянын Сивас шаарындагы Сивас Жумхуриет университетинде билим алып жатабыз. Көптөгөн студенттердин ар тараптуу өнүгүүсүнө колдоо көрсөтүп жаткан куттуу окуу жайыбыздын ардактуу мугалимдерине терең ыраазычылык билдиребиз»,-дейт биздин ардактуу студенттерибиз.

Аларга чын ден соолук каалоо менен бирге,окууларына ар дайым ийгиликтерди тилеп өтмөкчүбүз.



🎓🎓Кубанычтуу кабар🎓🎓2021-жылдын 14-декабрь күнү Ош мамлекеттик университетинин кыргыз филологиясы жана журналистика факу...
14/12/2021

🎓🎓Кубанычтуу кабар🎓🎓

2021-жылдын 14-декабрь күнү Ош мамлекеттик университетинин кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин журналистика адистигинде окуган ЖК(б)-1-18 тайпасынын сыймыктуу студенти Абиев Кадырбек Асилбекович Президенттик "Үмүт" стипендиясына татыктуу болду.

Сыйлыкты Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нуркожоевич Жапаров тапшырды.

Кадырбек мырза, алган сыйлыгыңыз кут болсун.

Кыргыз элине талыкпай кызмат кылган чыгаан журналист болушуңузду каалайбыз.








kadyrbek5

Address

Osh

Opening Hours

Monday 09:00 - 17:00
Tuesday 09:00 - 17:00
Wednesday 09:00 - 17:00
Thursday 09:00 - 17:00
Friday 09:00 - 17:00
Saturday 09:00 - 17:00

Telephone

+996778302332

Alerts

Be the first to know and let us send you an email when Кыргыз филологиясы жана журналистика факультети posts news and promotions. Your email address will not be used for any other purpose, and you can unsubscribe at any time.

Shortcuts

Share

Category