27/10/2022
ИТАЛИЯДАН ОКУУЧУ❕️❕️❕️
Бир күнү бир кыз менен таанышып калдым, курсумду сурап келип калды! Италияда экен, онлайн иштөөнү, инфобизнести үйрөнөйүн дедим эле дейт, мен азыр курсума набор кылбай элемин, жекече иштешкенге наставничествого алам десем, макул деп эле банктан 12000 которуп салат! 😱
Мен дагы ШОКмун го... Сразу Динарага ыйлап барам:
- Динара ушинтип наставничествого акча которуп салды, мен кантип үйрөтөм, эмнени үйрөтөм, результатка чыгара албасамчы...- деп ыйлактайм!😃😃😃
Динара баары жакшы, сиз окудуңуз, үйрөндүңүз, билесиз, жапжакшынакай окутуп, үйрөтүп, результатка жеткиресиз..." - деп койду! Динаранын ушунчалык беймаралдыгына таң калам😃 мен жан-алым калбай чыйпылыктап атсам, Динара спакойна эле жооп берип койду😂😂😂
Анан окутуп баштадым! Ал окуучум Италияга агенттик менен барып, алданып, иши жок калып, акыркы акчасын мага салыптыр!
- Мени бат-бат үйрөт, эртерээк курсумду запуск кылып, Кыргызстанга кыздарымын жанына кетишим керек!- дейт. Мен ойлоно берип, кантип результатка чыгарам деп, уктай да албай калдым. 🥺
Мен сабак берем, бат эле көрүп, практика кылбай эле, дагы сабак жөнөт, бер дейт... Ал үчүн күнү-түнү сабак тартам😂😂😂 бирок жөн эле көрүп койгондо адам эч нерсе үйрөнбөйт да🤨 ишибиз бир алдыга жылбайт!
Бир күнү бир кыргыз ооруп, ордуна бир айдай кемпир багып иштеп калды... "Ал жактан тапкан акчаң, жол киреңе жетеби?" - десем, "жетет!" - деди эле, ошону алып жол кире кылып, Кыргызстанга кел, бул жактан үйрөтөм деп жалдырап баштадым!😂 макул болуп, 1 ай иштеп акчасына билет алып Кыргызстанга келди😂😂😂 эгер ал келбесе, мен аны результатка чыгара албай, ойлоно берип, жүрөк ооруу болуп калмакмын 😂😂😂
Ошентип бекер окуткан, акылуу окуткан окуучуларым да результатка жетпей, мен колумдан келбейт окшойт деп коркуп, үмүтүмдү да үзүп калдым ийгиликтен...😔🥺 бирок ошончо убакыт, энергия кетирип жарым жолго келип калганмын, таштап да коё албайм...
Так что ушундай сабак берип аткандар ой акчаны алып жыргап жатышат деп ойлобогула! Алар мага окшоп ойлоно берип уктабай калышты...😂😂😂
Калганын стористен улантабыз ээ? Дагы батпай калды...