03/10/2022
Баатырдык, патриоттук сезим, элдин биримдиги деген түшүнүктөр жөн гана сөз эмес, кыргыз элибиздин канына, жанына сиңген өзгөчө бийиктик экенин акыркы күндөрү терең түшүндүк. Дүйнө эли таң калуу менен карап, элибизге суктанып турду.
2022-жылдын 14-18 сентябрь күндөрү кыргыз- тажик чек арасында болуп өткөн окуяларда 59 адам мерт кетти, жүздөгөнү жараат алса, миңдеген жай тургундар үй-жайынан ажырап, эвакуациялоого туш болушту. Мына ушундай кырдаалда кыргызмын деген бир да жаран четте калбай Кыргызстандагылар эле эмес, дүйнөнүн булуң- бурчундагылар жардам колун сунуп жатышат.
"Мурас" инновациялык колледжинин окутуучулар жана студенттер жамааты да өз жардамдарын көрсөтүп жатышат. Баткенден келип, биздин колледжде билим алып жаткан 4 студентке колдоо көрсөтүлүп, материалдык (акчалай) жардам көрсөтүлдү. Мындан сырткары үй-жайы күйүп кеткен бир студент окуу төлөмүнөн (контракт) толук бошотулду.
Окуу жайдын директору А.А. Караев баштаган жамаатка, колдон келген жардамын көрсөткөн ар бир студентке ыраазычылык билдиребиз!