28/05/2025
Биздин Төлөйкөн айылынын жаштары – Төлөйкөн тынчтык клубунун мүчөлөрү жана лидерлери чоң жетишкендикке жетишти! Алар Ош шаардык ички иштер башкармалыгы тарабынан ыраазычылык кат менен сыйланышты! 🎖️
Бул ыраазычылык кат 2024–2025-окуу жылында жаштар арасында кылмыштуулукту, зомбулукту алдын алуу жана жаш муундарга тарбия берүү максатында уюштурулган «Жаңы муун – жарык келечек, таза муун – коопсуз келечек» форумуна активдүү катышкандыктары үчүн берилди.
Сыйлык менен төмөндөгү жаштарыбыз сыйланышты:
🌟 Медетов Исхакка
🌟 Эркинбаева Сезимай
🌟 Алайчыев Ильяс
🌟 Торобаева Мадина
🌟 Абдиламитов Руслан
💫 Мындан сырткары, Төлөйкөн тынчтык клубунун координатору Алекова Элнура Ош шаарынын мэриясынын ардак грамотасы менен сыйланды! Ал жаштарга татыктуу билим жана тарбия берүүдө кошкон зор салымы үчүн урматка жана баалоого ээ болду.
🎉 Биз жаштарыбыз менен чын жүрөктөн сыймыктанабыз! Алар коомго пайда алып келген иш-чараларга катышып, чоң салым кошуп жатышат. Ушундай демилгелер дагы көп болуп, жаштарыбыз ар тараптан өнүгүп, өсө беришсин деп тилейбиз! 🌟
Институт мира и развития-Institute for Peace and Development
Гапар Айтиев Мектеби
Ош шаардык билим берүү башкармалыгы
Ош шаарынын мэриясы
Элнура Алекова