03/11/2021
3 403
Табият таануу жана география факультети
Табият таануу жана география факультетинин тарыхы.
Факультеттин тарыхы жана штаттык көрсөткүчтөрү:
Ош жогорку колледжи 1999-жылы «Биология» адистигине лицензия алып, «Педагогика» факультетинин курамында 42 студент кабыл алынган. Ал мезгилде педагогика факультетинин п.и.к., доцент С.М. Мадраимов жетектеген.
2001-жылы Ош жогорку колледжинин Окумуштуулар Кеёешинин чечими менен 27.4-токтомунун негизинде «Педагогика» факультети «Табият таануу - педагогика» факультети болуп кайрадан аталган.
2000-2005-жылдары б.и.к., доцент А.А. Кенжебаев факультеттин деканы болуп иштеген.
2004-жылы 30-августа ректораттын №70-20. 110-буйругунун негизинде факультеттен «Башталгыч билим берүүнүн педагогикасы жана усулу» адистиги бөлүнүп, кайрадан «Табият таануу – математика» факультети болуп түзүлгөн.
Факультетти 2005-2006- окуу жылында г.и.к., доцент А. Б. Топчубаев жетектеген.
2006-2009-жылы п.и.к., профессор С.М. Мадраимов жетектеген. Факультетте «Биология», «Математика», «Информатика», «Химия» адистиктери даярдалган.
2009-жылдын сентябрь Б.№ 07-03.68. §1 ректордун буйругунун негизинде «Табият таануу жана география» факультети түзүлүп, аталган факультетти г.и.к., доцент Э.К. Алайчиев жетектеп келген.
2011-жылдын апрель айынан баштап п.и.к., доцент Г. Ж. Байышова 2014-жылдын сентябрь айына чейин жетектеди. Факультеттин курамына «Биология жана химия» жана «Табигый илимдер» кафедралары кирет. Факультеттеги окуу усулдук, илимий жана тарбиялык иштер Кыргыз Республикасынын «жогорку кесиптик билим берүү» жөнүндөгү жобонун жана ОГПИнин Уставынын негизинде жүргүзүлөт. Бул эки кафедрада -540102 «Биология», 540103 «География» жана 540101 «Химия» багытындагы күндүзгү жана сырттан окуу боюнча адистиктер даярдалууда. Ар бир адистик боюнча билим берүү жана илим министрлигинин лицензиялары бар.
2014-жылдын сентябрь айынан факультеттин деканы болуп ага окутуучу Сагынбаева Гүлзада Авазбековна дайындалды.
Факультеттин алгачкы жетекчилери
2000-2005-жылдары б.и.к., доцент А.А. Кенжебаев факультеттин деканы болуп иштеген.
Факультетти 2005-2006- окуу жылында г.и.к., доцент А. Б. Топчубаев жетектеген.
2006-2009-жылы п.и.к.,