01/07/2026
Июнь, 2026-жыл. «КМШнын ЭҢ МЫКТЫ СТУДЕНТИ» ЭЛ АРАЛЫК СЫНАГЫНЫН ЖЕҢҮҮЧҮСҮ АНЫКТАЛДЫ.
«ЖАҢА КАЗАКСТАН» Республикалык инновациялык илимий-изилдөө борбору жана «ПАРАСАТ» Улуттук билим берүү жана инновация борбору тарабынан Астана шаарында уюштурулган «КМШнын ЭҢ МЫКТЫ СТУДЕНТИ» аттуу эл аралык сынакта ОшМУнун тарых-юридика институтунун тарых бөлүмүн студенти Дастан кызы Сезимгүл байге ээси болду. Сынактын жыйынтыгы боюнча Дастан кызы Сезимгүлгө төмөнкү сыйлыктар тапшырылды:
1. «КМШнын ЭҢ МЫКТЫ СТУДЕНТИ» статуэткасы
2. Төш белги
3. №023 күбөлүк
4. Диплом
Ошондой эле, студентти сынакка даярдаган илимий жетекчиси, т.и.к., доцент Чыныкеева Гулназ Эргешалиевнага билим берүү жана илим тармагын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн «ЖАҢА КАЗАКСТАН» Республикалык инновациялык борборунун Ыраазычылык каты ыйгарылды.
Дастан кызы Сезимгүлдү жана илимий жетекчисин бул жогорку жетишкендиктери менен чын жүрөктөн куттуктайбыз жана келечекте дагы чоң ийгиликтерди жаратууга тилектешпиз!