bagyt.okuu.borboru

bagyt.okuu.borboru Contact information, map and directions, contact form, opening hours, services, ratings, photos, videos and announcements from bagyt.okuu.borboru, Education, ОшМПУ, Osh.

07/10/2025
ОшМПУда “Кесибим – келечегим” форуму жыйынтыкталды Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде “Кесибим – келечег...
26/04/2025

ОшМПУда “Кесибим – келечегим” форуму жыйынтыкталды

Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде “Кесибим – келечегим” аталышындагы кесипке багыт берүү форуму жогорку деңгээлде өткөрүлдү.

Иш-чаранын алгачкы бөлүгүндө алыскы райондордон келген мектеп окуучулары үчүн ачык эшик күнү уюштурулуп, мында университеттин бардык факультеттери жана адистиктери боюнча кеңири маалыматтар берилди.

Форумдун расмий бөлүгү университеттин жыйындар залында уланып, ага окуу жай жетекчилиги, атайын чакырылган коноктор, райондордон келген мугалимдер жана 700дөн ашуун мектеп окуучулары катышты. Саамалыкты университеттин ректору Бекмурза Зулуев ачып берип, ал өз сөзүндө окуучуларды кесип тандоодо жаңылбай, көп окуп мээнет кылуу менен заман талабына ылайык мыкты кесиптердин ээси болууга чакырды.

Андан соң форумдун спикерлери “Мугалим” коомдук фондунун директору Эрмек Темиров, Гонконгдун шаардык университетинин бүтүрүүчүсү, программист Нуралы Токтоназар уулу жана “Барбол” кондитердик фабрикасынын негиздөөчүсү Канатбек Акаевдер өз тармактары боюнча кесип тандоо тууралуу пайдалуу кеңештерди жана сунуштарды беришти.

Мында окуучулар “Мугалим — келечектин куруучусу”, “Барболдогу кесиптер: ишкер жана менеджер болуунун окшоштуктары менен айырмачылыктары”, ошондой эле жасалма интеллекттин заманбап кесиптерге тийгизген таасири тууралуу кеңири маалыматтарга ээ болушту. Аталган форум жандуу аудиториянын коштоосунда суроо-жооптор менен коштолуп, жогорку деңгээлде өттү.

Жыйынтыгында форумдун спикерлерине, интеллектуалдык оюндардын жеңүүчүлөрүнө жана мурда өткөрүлгөн сынактарда активдүү катышкан окуучуларга ноутбук, планшет, диплом жана баалуу белектер тапшырылды.

Белгилей кетсек аталган саамалык окуучулардын билим деңгээлин өнүктүрүү, кесип тандоого багыт берүү жана университетти коомчулукка таанытуу максатында окуу жайдын мектеп мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуу, ЖОЖго чейинки даярдоо жана үзгүлтүксүз билим берүү бөлүмү тарабынан уюштурулду.

ОшМПУда “КЕСИБИМ-КЕЛЕЧЕГИМ” ФОРУМУНУН ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК ТАЙМАШЫ ӨТТҮБүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде “Ке...
25/04/2025

ОшМПУда “КЕСИБИМ-КЕЛЕЧЕГИМ” ФОРУМУНУН ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК ТАЙМАШЫ ӨТТҮ

Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде “Кесибим – келечегим” форумунун алкагында окуучулар ортосунда интеллектуалдык оюн өткөрүлдү.

Ага университеттин ректору Бекмурза Зулуев, мектеп мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуу жана ЖОЖго чейинки даярдоо бөлүмүнүн адистери жана алыскы Баткен, Кызыл – Кыя, Ноокат, Кара – Суу, Лейлек, Алай, Өзгөн, Араван райондорунан келген мектеп окуучулары, мугалимдер жана ата-энелер катышты.

Аталган акыл таймаш окуучулардын дүйнө таанымын кеңйтүү жана алган билимдерин бышыктоо максатында уюштурулуп, мында катышуучуларга логикалык, фактологиялык, кругозордук жана предметтик суроолор берилип, болочок абитуриенттер өз билимдерин сыноо менен кызуу мелдеш курушту.

Жыйынтыгында 3-орунду Ноокат районунун окуучусу Адина Маматусманова жана 2 – орунду Өзгөн районунун окуучусу Семетей Абдилхапизов ээледи. Ал эми 1-орунду Кадамжай районунун окуучусу Нурайым Матанова багындырып, ноутбук, диплом жана баалуу белектердин ээси аталды. Жеңүүчүлөр жана активдүү катышуучулар эртең форумдун расмий бөлүгүндө сыйланат.

24/04/2025

Address

ОшМПУ
Osh

Website

Alerts

Be the first to know and let us send you an email when bagyt.okuu.borboru posts news and promotions. Your email address will not be used for any other purpose, and you can unsubscribe at any time.

Shortcuts

Share

Category