26/05/2026
МФТИТИнын АССТ кафедрасы тарабынан 2025–2026-окуу жылынын жазгы семестринде күндүзгү жана сырттан окуу бөлүмдөрүнүн 1–3–4-курс студенттеринин окуу-таанышуу, өндүрүштүк жана квалификациялык практикалары боюнча отчеттору комиссия тарабынан белгиленген графикке ылайык ийгиликтүү кабыл алынды. Практикалык иштер комиссиянын катышуусунда өткөрүлүп, студенттердин отчеттору талапка жооп берет деп бааланды.
📅 Практикалык отчетторду кабыл алуу 2026-жылдын 13–20-май күндөрү 203-аудиторияда уюштурулду.
*Комиссиянын курамы төмөнкүдөй болду:*
Күндүзгү окуу бөлүмүнүн *1-курстары жана сырттан окуу бөлүмүнүн 2-курстары боюнча:*
*Комиссиянын төрагалары (төрайымдары):* Кыргызбаева Б.С., Дарбанов Э.О., Пазилидин кызы У., Талипов А.Т.
*Мүчөлөрү:* Адилбекова Н.А., Ильичбек к. А., Боруев Ж.Ү., Орунбаева М.Р.
*3–4-курстар боюнча:*
*Комиссиянын төрагалары (төрайымдары):* Ойчуева Р.Р., Беделова Н.С., Чамашев М.К., Ажибекова А.Т.
*Мүчөлөрү:* Арстанбеков А.К., Баястан уулу Б., Сейитказиева Г.И., Саданов А.Д., Сулайманов А.А., Токтосун кызы М., Орунбаева М.Р.
Практикалык отчетторду кабыл алуу иштери жогорку деңгээлде уюштурулуп, студенттер өздөрүнүн теориялык жана практикалык даярдыгын ийгиликтүү көрсөтө алышты.