17/04/2026
#ноокатрайондукбилимберүүбөлүмү #мыктыагай
Илим жана билим багытындагы кезектеги ийгилик
Ош мамлекеттик университетинин ректору, профессор К.Г. Кожобеков жана ЮФОК жетекчиси М.К. Сейдалиева тарабынан Самиев Нурмырза агайыбыз атайын сертификат менен сыйланды.
Бул сыйлык Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер, философия илимдеринин доктору, профессор, КР УИАнын академиги Осмон Асанкулович Тогусаковдун жаркын элесине арналган «Заманбап чакырыктардын контекстиндеги социалдык-гуманитардык илимдердин актуалдуу маселелери» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференцияга активдүү катышкандыгы үчүн берилди.
Иш-чарага бир катар эл аралык жогорку окуу жайлары жана илимий борборлор өнөктөштүк кылып, заманбап илимдин орчундуу маселелери талкууланды.