19/05/2026
“Менин сүйүктүү окуу жайым” аттуу салтанаттуу иш-чарага окуу жайыбыздын 30 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу иш-чарага катышууга чакырабыз.
Бул маараке — окуу жайыбыздын басып өткөн жолун, жетишкен ийгиликтерин жана билим берүү тармагындагы ордун даңазалаган өзгөчө күн.
📅 Өтүлүүчү күнү: 22-май
🕜 Саат: 14:00
📌 Өтүлүүчү жери: М. Рыскулов атындагы Нарын облустук академиялык музыкалуу-драма театры
23/04/2026
«Бир инсандан бир көчөт» экологиялык акциясына катышууга чакырабыз! 🌱
Иш-чаранын максаты – окуу жайдын аймагынын жашылдандыруу, көрктөндүрүү жана экологиялык маданиятты өнүктүрүү.
Бардык студенттерди, окутуучуларды жана окуу жайдын жамаатын акцияга катышууга чакырабыз!
📅 24-апрель 2026-жыл
🕑 Саат 14:00
📍Окуу жайдын корпустарынын аймагында
Кененирээк маалымат: +996559567979
11/02/2026
Нарын шаарында “Тил табышкандар” спектакли көрсөтүлөт!
2026-жылдын 10–11-февралында Нарын облусунда маданий иш-чара өтөт. Нарын облустук М.Рыскулов атындагы музыкалык академиялык театрында К.Жантошев атындагы Ысык-Көл облустук музыкалык-драма театрынын чыгармачыл жамааты “Тил табышкандар” аттуу спектаклин тартуулайт.
🎬 Спектаклди Кыргыз Республикасынын эл артисти Д.Нургазиев койгон.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин «Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик» уңгужолунун алкагында өткөрүлүп, жаштардын руханий-адептик баалуулуктарын бекемдөөгө, маданиятка жана искусствого болгон кызыгуусун арттырууга багытталган.
✨ Бардык көрүүчүлөрдү театр дүйнөсүнө чакырабыз!
📍 М.Рыскулов атындагы Нарын облустук музыкалык академиялык театры
📅 Күнү: 10–11-февраль, 2026-жыл
📞 Байланыш: +996 708 77 67 47
26/01/2026
Ч.Айтматовдун чыгармачылыгы – заманбап жашоонун күзгүсүндө
Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Нарын кампусундагы агрардык-техникалык корпусунда улуу ойчул, жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына арналган маданий-агартуу иш-чара жогорку деңгээлде өттү.
Иш-чаранын негизги өзгөчөлүгү – Ч.Айтматовдун чыгармаларындагы идеялар, философиялык ойлор жана адамзаттык баалуулуктар бүгүнкү заманбап жашоонун реалдуулугу менен айкалыштырылып, жаңыча формада чагылдырылгандыгында болду. Программада адабий-композициялык көрүнүштөр, көркөм окуулар, музыкалык чыгармалар, сахналык интерпретациялар жана хордук аткаруулар орун алды.
Катышуучулар Айтматовдун каармандары аркылуу адам менен коомдун, улуттук аң-сезим менен глобалдык баалуулуктардын өз ара байланышын терең ачып беришти. Айрыкча жаш муундун чыгармаларды заман талабына ылайык талдап, өз көз карашын көркөм формада жеткире алгандыгы иш-чаранын мазмунун байытты.
25/01/2026
Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин аграр-техникалык факультетинин корпусунда «Уңгү жолдун башаты “Манас” эпосунда» аталышындагы адабий-музыкалык кече ийгиликтүү өткөрүлдү.
Иш-чаранын жүрүшүндө улуу «Манас» эпосундагы уңгү жол, улуттук баалуулуктар жана руханий мурастын мааниси кеңири ачылып, катышуучулар көркөм окууларга, сахналык көрүнүштөргө жана музыкалык номерлерге күбө болушту. Кече жаш муундун улуттук аң-сезимин, мекенчилдик сезимин бекемдөөгө багытталды.
Иш-чара жогорку деңгээлде уюштурулуп, катышуучуларга таасирдүү маанай тартуулады.
22/01/2026
ФИНАНСЫЛЫК САБАТТУУЛУК БОЮНЧА ТРЕНИНГ ӨТТҮ
2026-жылдын 21-январында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Нарын кампусунун студенттери үчүн финансылык сабаттуулук боюнча тренинг ийгиликтүү өткөрүлдү.
Иш-чара ААК «Элдик Банк» 100 жылдыгына карата уюштурулуп, студенттерге каржыны туура башкаруу, жеке брендди өнүктүрүү жана банктык кызматтар тууралуу кеңири маалымат берилди.
Тренингдин алкагында:
🔹 «Элдик Банк» ААК тарабынан презентация жасалды
🔹 Финансылык сабаттуулук боюнча консультант Маликов Жээнбек Бекбоевич баяндама окуду
🔹 Банктын Нарын филиалынын операциялык бөлүмүнүн башчысы Омеркулова Мунара студенттердин суроолоруна жооп берди
🔹 PR-менеджер жана блогер Жаннет Исабек жеке бренд тууралуу пайдалуу кеңештери менен бөлүштү
🔹 Студенттер үчүн интерактивдүү Kahoot оюну уюштурулуп, активдүү катышуучуларга баалуу белектер тапшырылды
Бул иш-чара студенттердин финансылык билим деңгээлин жогорулатууга жана практикалык көндүмдөрүн бекемдөөгө чоң өбөлгө түздү.
21/01/2026
🎓2026-жылы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университетинин Нарын кампусунда магистратуранын ПНО-24 жана ПДО-24 тайпалары ийгиликтүү аякташты. КУУ #НарынКампусу #Магистратура #ПНО24 #ПДО24 #Бүтүрүү2026 БилимКүч Магистр.