Нарын облусу Жумгал району Калык Акыев атындагы жалпы билим берүү мектеби

Нарын облусу Жумгал району Калык Акыев атындагы жалпы билим берүү мектеби

Share

К.Акыев атындагы орто мектебинде 2023-жылдын 16-октябрында мектептин ачылыш аземи болуп өттү.

Photos from Нарын облусу Жумгал району Калык Акыев атындагы жалпы билим берүү мектеби's post 07/07/2026
Photos from Нарын облусу Жумгал району Калык Акыев атындагы жалпы билим берүү мектеби's post 26/06/2026

Калык Акыев атындагы жалпы билим берүү мектеби бир катар чоң жетишкендиктер менен быйылкы 2025-2026-окуу жылын толугу менен жалпы 424 окуучу аяктап жыйынтыкташты.

9-класстагы 28 бүтүрүүчү аякташып
1 окуучу Джоробекова Даткайым Жыргалбековна "Кызыл күбөлүк" менен ийгиликке жетишти. Булардын ичинен
7 окуучу кесиптик билим алууга даярдыктарды көрүп башташты.

Ал эми 11-классты 24 окуучу аякташып, Жалпы республикалык тестирлөөдө баардыгы 110 дон жогору босого упайдан өтүшүп, билим сапаты 108.33% менен камсыз кылышты.
1.Чынтемирова Адинай Чынтемировна 175 упай;
2.Самудинов Адилет 168 упай;
3.Тыныбеков Болот Тыныбекович 161 упай;
4.Абдилашимова Санирабига Медеровна 158 упай;
5.Русланова Айдеми Руслановна 154 упай;
6.Мадилов Нурадил Темирбекович 153 упай;
7.Темирканов Абдулазиз Бакытбекович 150 упай;
8.Алмасбекова Нургүл Муратбековна 145 упай;
9.Таштемирова Аяна Максатовна 144 упай;
10.Шакиралиева Марал Канатбековна 141 упай;
11.Сүйүнбекова Айгерим Сүйүнбековна 136 упай;
12.Шаршенбеков Чынгыз Уланбекович 135 упай;
13.Чынтемирова Хадиджа Кубатбековна 134 упай;
14.Чомоев Жылдызбек Бактыбекович 129 упай;
15.Бекжанов Нуртилек Муратович 126 упай;
16.Бейшекулов Самат Сактанбекович 124 упай;
17.Кутманбеков Ислам Эрмекович 124 упай;
18.Бейшекулова Фатима Мырзабековна 118 упай;
19.Бекмырзаев Ислам Бакытбекович 118 упай;
20.Токтоназаров Бактыяр Эдилбекович 118 упай;
21.Шакиров Жаркынбек Алтынбекович 114 упай;
22.Асанканов Элхан Нурбекович 113 упай;
23.Джамакеева Малика 113 упай;
24.Токтобеков Бактияр Адилетович 111 упайга жетишкен. Андан тышкары бүтүрүүчүлөрдүн мамлекеттик тилди билүү деңгээлдери "жакшы", "эң жакшы" деген баалоого жетишкен.

Аталган бүтүрүүчүлөргө жигердүү окутуп тарбиялоодо ата-энелердин мектеп менен тыгыз байланыш жардамдары жана тиешелүү предметтик мугалимдердин эмгектери зор экендигин белгилейбиз.
Биздин бүтүрүүчүлөргө өз кесибин туура тандап келечекте Кыргызстан үчүн мыкты кесипкөй инсандары болууну жана көптөгөн ийгиликтерди жаратат деп ишеним артабыз.
Ак жол силерге бүтүрүүчүлөр!

Баарыңыздарга ыраазычылык билдирип мектеп администрациясы.

Photos from Нарын облусу Жумгал району Калык Акыев атындагы жалпы билим берүү мектеби's post 31/05/2026

Калык Акыев атындагы жалпы билим берүү мектебинде 29.05.2026-жылы "Акыркы Коңгуроо" салтанаты менен биргеликте, 11-12 жылдык окуу программасын өнүктүрүү жана билимге болгон кызыгууну арттыруу максатында жобо иштелип чыгып "Мыкты окуучу 2025-2026" кароо конкурсунун жыйынтыгы чыгарылып,окуучуларга атайын сыйлыктар жана стипендиялар тапшырылды.

Буга Кызыл-Жылдыз айылынын мыкты уулу,ишкер Баяманов Калыс Баяманович демөөрчүлүк кылып колдоо көрсөттү.

1-орун 5000 сом стипендиясы менен
10-класстын окуучусу Стамбекова Алина Данияровна,
1-орун 5000 сом стипендиясы менен
3-класстын окуучусу Алмазов Рамазан Урматбекович,
1-орун 5000 сом стипендиясы менен
6-класстын окуучусу Самудинов Жеңиш Жылдызбекович.

2-орун 3000 сом стипендиясы мене
7-класстын окуучусу Алмазова Малика Урматбековна,
2-орун 3000 сом стипендиясы менен
11-класстын окуучусу Чынтемирова Адинай Чынтемировна,
2-орун 3000 сом стипендиясы менен
3-класстын окуучусу Русланова Арууке Бактияровна.

3-орун 1500 сом стипендиясы менен
4-класстын окуучусу Талантбеков Алихан Талантбекович,
3-орун 1500 сом стипендиясы менен
11-класстын окуучусу Самудинов Адилет,
3-орун 1500 сом стипендиясы менен
6-класстын окуучусу Солтоев Актилек Залкарбекович жана андан тышкары 74 мыкты деп табылган окуучуларга 500 сомдон стипендия тапшырылды.

Бул иш-чараны Калыс Баяманович жыл сайын кеңейтилген форматта уюштуруп турууга токтолуп белгилеп өттү.

Өлкөбүздүн келечеги болгон балдарды тарбиялап, билим берип жаткан баардык мугалимдерге жана Калыс Баямановичке терең ыраазычылык билдирип, чың ден соолук, бакубат жашоо жана ийгиликтерди каалайбыз!

Мектептин администрациясы жана усулдук бирикме жетекчилери.

Photos from Нарын облусу Жумгал району Калык Акыев атындагы жалпы билим берүү мектеби's post 18/05/2026

Эркин күрөш — дүйнөдөгү эң популярдуу спорт түрлөрүнүн бири. Бул спортто балбандар белгиленген эрежелер боюнча таймашып, атаандашын далысын жерге тийгизүү же упай топтоо аркылуу жеңишке жетишет. Эркин күрөштө буттан кармоого, ыкма колдонууга жана ар кандай чабуул жасоого уруксат берилет.
Эркин күрөш адамды күчтүү, шамдагай, чыдамкай жана тартиптүү болууга тарбиялайт. Ошондой эле спортчуларды эрктүүлүккө, кайраттуулукка жана жеңишке умтулууга үйрөтөт. Кыргызстанда да эркин күрөш өнүккөн спорт түрү болуп эсептелет жана көптөгөн балбандар эл аралык мелдештерде ийгиликтерди жаратып келишет.

Чүй өрөөнүнүн кулуну Нурлан уулу Эламандын жаркын элесине арналган мааракеде жана Кайып Оторбаевдин жаркын элесине арналган Кемин районунун өспүрүмдөр арасында өткөрүлгөн эркин күрөш боюнча биринчилигинде, аталган
Калык Акыев атындагы жалпы билим берүү мектебинин
7-б классыныны окуучусу Мамыралиев Адилет 1-жана 3-орунду,
5-б классынын окуучулары Мамыралиев Аскат 1- жана 2-орунду, Токтоназаров Райымбек 1-жана 3-орунду,
5-а класстын окуучусу Баймаматов Арслан 2-орунду,
4-класстын окуучусу Мукашов Нурсултан 1-жана 3-орунду Баймаматов Арсен 3-орунду,
2-а класстын окуучусу Бейшенбеков Нурислам 3-орунду ээлешип, диплом, грамота жана медалдар менен сыйланып кайтышты.
Спорт менен дүйнө жүзүнө өлкөбүздүн желегин желбиретип таанытып келечек өспүрүмдөрдү тарбиялап келген машыктыруучу Момунбаев Эмил агайга аталган жалпы билим берүү мектебинин педагогикалык жамааты ыраазычылык билдирет.

Photos from Нарын облусу Жумгал району Калык Акыев атындагы жалпы билим берүү мектеби's post 18/05/2026

2026-жылдын 18-майында Жумгал районунун Өрткө каршы бөлүмү менен Калык Акыев атындагы жалпы билим берүү мектеби биргелешкен иш-чарага ылайык "Өрт-тактикалык машыгуу" аталыштагы окуулар мугалимдердин, окуучулардын катышуусу менен уюштурулду.

Окуунун жүрүшүндө өрт убагында окуучуларды эвакуациялоо жана куткаруу иштери, ошондой эле туура эрежелерди сактоону, коопсуздук шаймандарды пайдалануу ыкмаларын жеринен көрсөтүп беришти.

Жумгал району боюнча Өрткө каршы бөлүмүнүн өрт өчүрүү жана алдын алуу бөлүмүнүн башчысы капитан Ж.Норузбаев аталган билим берүү уюмунун мугалим окуучуларына өрт учурундагы шаймандардын, иштеши сакталышы боюнча текшерип эвакуация, кылуунун схемасын жана атайын каттоо китептери кандай жүргүзүү жөнүндө методикалык жардамы көрсөтүлдү.

Мындан ары жалпы мектептин өрт коопсуздугу сактоодо жана кызматкерлердин окуучулардын өрткө каршы алдын алуу иштерине даяр болуу үчүн дагы иш-чаралар улантылып уюштурулары мектеп администрациясы тарабынан эскертилди.

Өрт коопсуздугу — адамдардын өмүрүн, ден соолугун жана мүлктү өрттөн сактоо боюнча эрежелердин жана чаралардын жыйындысы. Өрт кырсыгынын алдын алуу үчүн ар бир адам коопсуздук талаптарын сактоого милдеттүү.
Негизги өрт коопсуздук эрежелери:
Электр жабдууларын кароосуз калтырбоо;
Бузук зымдарды жана розеткаларды колдонбоо;
Газ жана меш жабдууларын этият пайдалануу;
Тез күйүүчү заттарды туура сактоо;
Балдарды от менен ойноодон сактоо;
Өрт өчүргүч каражаттарды даяр кармоо.
Өрт чыккан учурда:
Дароо 112 кызматына кабар берүү;
Адамдарды коопсуз жерге чыгаруу;
Электр жана газды өчүрүү;
Мүмкүн болсо өрттү өчүргүч менен өчүрүүгө аракет кылуу;
Түтүн көп болсо эңкейип же жөрмөлөп чыгуу.
Өрт коопсуздугун сактоо — ар бир адамдын жоопкерчилиги болуп эсептелет.

24/04/2026
15/04/2026

*ХАМЗА БИЗДИН СЫЙМЫК*
*АЙТЫЛГАН УБАДА АТКАРЫЛДЫ*
Быйылкы кышта кар калың жаап , бир топ кыйналдык эле. Жөө адам басчу тротуарлар карга толуп, эл менен окуучулар баса албай калганда айыл башчы катары эл чыгып күрөп беришсе, ар бириңиздер эшик алдыңыздарды күрөп бериңиздер деп сурансам. Эч ким деле чыккан эмес. *Бирок ушул Калык-Акыев атындагы жалпы билим берүү мектебинин 2-классынын окуучусу Мырзакулов Хамза Максатбекович эшик алдын күрөп, көчөнүн бир капталын ылдый көздөй күрөп жүргөнүн көрүп ыраазы болдум эле* Бул жигитке белегим бар деп убадаладым эле, бүгүн Хамза тулпарлуу болду. Ошондой эле мектеп директору атынан планшет, *GLAMOUR* дүкөнүнөн өзүнө спорт кийим, ата апасына белек, *Береке* дүкөнүнөн таттуулар, *Shaffran* тез татым жайынан акысыз тамактанууга сертификат, *Соң-Көл кинотеатрынан* бекер кино көрүүгө сертификат берилди. Хамзага мыкты билим, тарбия жана багыт берип жаткан класс жетекчисине да белек тапшырылды. Ушундай патриот уулдарыбыз көп болсун. Коомубузга кайдыгер карабай салым кошуп жаткан инибизге ийгилик каалайбыз. Ата энесине терең ыраазычылык билдирем.
Урматым менен Мирбек Асаналиев.

*Велосипед алдырууга салым кошкондор*
1.Улан Эсенгелдиев О. Ногойбаев о.м директору 1000
2.Талант ОАЗИС кафеси 1000
3.Жолдошбек “Яшар” компаниясы 1000
4.Жеке ишкер Самара Мамышовадан белек баштыгы
5.Кинотеатр Бактыгүл Рыспай кызынан кино сертификат
6.Жеке ишкер Бектен Кадыровдон акысыз пицца
7.”Береке” дүкөнүнөн таттуулар баштыгы
8.Каныбек (Майда Дөбө) Кара-Кече 500
9.Акыл кинотеатр сушибар 1000
10.Камчы Жаманкулов Кара кече 2000
11.Тилек Коңурбаев жаштар кеңеши 1000
12.Тимур Чаек чач тарач 500
*Мына ушул инсандарга чоң рахмат* бирооз кебиң деп сөзүмдү эки кылбай салым кошуп, коомубузду оң жака бурууга, стимул берүүгө кайдыгер карабаган инсандар. *Сиздерге терең ыраазычылык билдирем*.

Photos from Нарын облусу Жумгал району Калык Акыев атындагы жалпы билим берүү мектеби's post 15/04/2026

Бала жакшысы атанын даңкы,
Кыз жакшысы эненин даңкы демекчи; Эмгекчил бала ар дайым аракетчил, жоопкерчиликтүү жана максатына умтулган бала. Ал эртең менен эрте туруп, сабактарына даярданып, үй иштерине да жардам берет. Ата-энесинин сөзүн угуп, мугалимдерин сыйлайт. Эмгектин баркын түшүнгөн мындай бала келечекте ийгиликтүү адам болуп өсөт. Анткени эмгек — ийгиликтин ачкычы. Эмгекчил бала эч качан жалкоолукка жол бербейт деп үмүт кылып келебиз.

Атап айтсак Калык Акыев атындагы жалпы билим берүү мектебинин 2-классынын окуучусу Мырзакулоа Хамза Максатбекович жөнүндө кыскача кеп болмокчу.

Быйыл 2026-жылы Жумгал өрөөнүндө кыш жакшы болуп кар калың түшүп, эл үчүн жакшы маанайды түздү.
Мына ушундай мезгилде биздин Хамза аттуу окуучубуз өзүнүн үйүнөн чыгып элдер окуучулар өтүп турчу кичи жолду (тратуар) карды күрөп элге мисал болуп калган.
Бул ишти айыл башчы Мирбек Асаналиев байкап калып сүрөткө тартып жетишкен.
Айыл башчы аталган окуучуга жүрөгү жылып, жакшы белек берүүнү ойлонуп демөөрчү издеп баштаган.

Жыйынтыгында 2026-жылдын 13-апрелинде аталган жалпы билим берүү мектебинде жалпы окуучулардын катышуусу менен атайын салтанаттуу жыйын уюштурулуп Хамзага Чаек айыл өкмөтүнүн Ардак грамотасы, Жумгал райондук билим берүү бөлүмүнүн Ыраазычылык каты, демөөрчүлөр Сөң Көл кинотеатрынын дирекциясынан үй-бүлөсүнө кино жолдомо сертификаты,
жана Велосипед (темир тулпар) тапшырылды.

Кошумча мектеп директору Кудайберген Чалов өзүнүн ыраазычылыгын билдирип, жеке планшет белекке ыйгарды.

Андан тышкары демөөрчүлөр тарабынан ата-энесине жана окуткан мугалимине таттууларды жана белектери тапшырылып, жалпы мектеп мугалимдер каалоо тилектерин билдиришти.

Баарыңыздарга ыраазычылык билдирип мектеп администрациясы.

Want your school to be the top-listed School/college in Naryn?

Click here to claim your Sponsored Listing.

Location

Category

Website

Address


А. Бейшенкулов 59
Naryn