01/09/2025
БатМУ КГПИде Билим күнү белгиленди
Бүгүн, 1-сентябрда Кыргызстандын бардык аймактарында Билим күнү белгиленүүдө. Бат МУнун М.М.Тайиров атындагы Кызыл-Кыя гуманитардык-педагогикалык институтунда бул датага карата салтанаттуу жыйын өткөрүлүп, ага окуу жайдын профессордук-окутуучулук курамы, студенттер катышты.
Иш-чараны институттун директорунун милдетин аткаруучу, б.и.к., доцент А.А.Абдибаитова ачып, окуу жайдын босогосун алгач аттап жаткан студенттерди билим майрамы жана Эгемендүүлүктүн 34 жылдыгы менен куттуктады. А.Абдибаитова 2024-2025-окуу жылында институтта аткарылган иштер, ийгиликтер менен бөлүшүп, жаңы окуу жылына алдыга коюлган максаттар менен тааныштырды.
Жыйында окуу жайдын ардактуу профессору, КГПИнин түптөөчөсү М.М.Тайиров сөзгө чыкты; гуманитардык факультетинин дүйнөлүк тилдер кафедрасынын ага окутуучулары М.А.Курбанова жана Г.Даврановалар орус, англис тилдеринде жалпы жамаатка, институттун босогосун алгач ирет аттап жаткан студенттерге каалоо-тилектерин жолдоду. Алдыга бийик максаттарды коюп, ага жетүүгө талыкпаган билим жана аракет жасоо керектигин белгиледи. 1-курстун студенттерин жалпы студенттердин атынан алдыңкы студенттер да куттуктап талыкпай билим алууга, келечекте мыкты, кесипкөй адис болууга чакырышты.
Иш-чарада таланттуу студенттердин чакан концерттик программасы менен жыйынтыкталды.