🇰🇬 Сезбеди сагынганым сенин жаның
🇱🇷 You never felt how much I missed you
🇰🇬 Саргартып кан жүрөктү ажарладың
🇱🇷 You faded my bleeding heart, yet made it beautiful
🇰🇬 Күтүүдөн күйүп бүттү күлгүн жаным а
🇱🇷 My vivid soul was burned to ashes while waiting for you
🇰🇬 Жутпадым сен жыттанган
🇱🇷 I never tasted the sweetness
🇰🇬 Жутпадым сен жыттанган сүйүү балын
🇱🇷 I never tasted the sweetness of a love that smelled like you
You never felt how much I longed for you
You faded my bleeding heart, yet made it beautiful
My vivid soul was burned to ashes while waiting for you
I never tasted the sweetness
I never tasted the sweetness of a love that smelled like you
MISS
сагынуу, жоктугун сезүү
�I miss you.
LONG FOR
кусалап сагынуу, жетпей күйүү
�I long for you.
Miss — when you feel the absence.�Long for — when it hurts inside.
FADE
соолуу, өңү кетүү
�The colors fade.
BLEED / BLEEDING
каноо / канап жаткан
�My heart bleeds.
A bleeding heart
YET
бирок, ошентсе да
�It hurts, yet I smile.
VIVID
жаркыраган, жандуу
�I still have vivid memories of that day.
(Ал күндү абдан ачык эстейм.)
BURNED TO ASHES
күлгө айланып күйүп кетти
�All my hopes were burned to ashes.
(Бардык үмүтүм күлгө айланды.)
SWEETNESS OF (phrase)
(Бир нерсе)нин таттуулугу, ырахаты
�I miss the sweetness of home.
Сөзү: Гүлзина Өмүрбекованыкы
Обону: Саип Азимбаевдики
Ушу ырдын чыгып келген тарыхы болсо билгим келет
Курс тууралуу билгиңиз келсе, директке жазыңыз 🤗
chyn_english
Contact information, map and directions, contact form, opening hours, services, ratings, photos, videos and announcements from chyn_english, Education, Kochkor.
Англис тилин эффективдүү үйрөнөбүз!
Онлайн группада, индивидуалдуу.
Офлайн Кочкордо.
Мен Чынара, тажрыйбалуу мугалим, сизге тил үйрөнүү процессин кызыктуу, заманбап ыкмалар менен жеңилдетем 👍
Кээде англис тилин үйрөнүү эмнеге ушунча кыйын сезилет деп ойлойсуң.
Бирөө бат эле сүйлөп кетет, бирөө көпкө чейин коркот, бирөө баштап-баштабай эле таштап коёт. Ошондо “менден болбойт окшойт” деген ой келет.
Бирок маселе сенде эмес.
Маселе - процессти туура түшүнбөгөндө.
Англис тили - бул талант эмес.
Англис тили - кыймыл жөнүндө.
Кочкордогу муз аянтында үч кыз коньки тепкендей эле:
бирөөгө майдай жугат — мурда эле угуп, көрүп, тили көнүп калган;
экинчиси дубалды кармап жүрөт — жай, бирок токтобойт, анткени кыбыраган кыр ашат;
үчүнчүсү кайра-кайра кулайт - бирок ошол кулаган сайын денеси да, ишеними да бекемделет.
Англис тилинде да дал ушундай.
Сен сүйлөп баштаганда идеалдуу болбойсуң.
Сен сүйлөп жатып үйрөнөсүң.
Ката - артка кетүү эмес, алдыга жылуу.
Көптөр “мен дагы бир аз даярданайын” деп күтөт.
Бирок чындык мындай: кыйналбай, кыналбайсың.
Сүйлөбөй туруп, сүйлөп кетүү мүмкүн эмес.
Ошондуктан англисче үйрөнүүнүн эң туура жолу - аз-аздан, бирок туруктуу:
угуу → көрүү → аракет → ката → кайра аракет…
Эгер сен азыр дубалга сөйкөнүп бараткандай сезип жатсаң - бул жаман эмес.
Эгер сен кулап жатсаң - бул да жаман эмес.
Жаман нерсе - музга чыкпай коюу.
Англис тили сен ойлогондой алыс эмес.
Ал жөн гана сенден бир кадам алдыда.
Эң негизгиси — токтобо.
Бул видеолорду АУЦАга окуучулар менен барганда тарткам
Англис тилиндеги a.m. жана p.m. латын сөздөрүнөн алынган:a.m. – ante meridiem (лат.) → “эртең менен” дегенди билдирет. Бул 00:00 (түнкү 12) менен 11:59 (түшкө чейинки убакыт).p.m. – post meridiem (лат.) → “түштөн кийин” дегенди билдирет. Бул 12:00 (түш) менен 23:59 (түнкү 11:59) аралыгындагы убакыт.Башкача айтканда: • a.m. → Түнкү 12ден (00:00) түшкү 12ге (11:59) чейин • p.m. → Түшкү 12ден (12:00) түнкү 12ге (23:59) чейинМисалы: • 07:00 a.m. → Таңкы 7 • 02:30 p.m. → Түштөн кийинки 2:30 (14:30) • 11:59 p.m. → Түнкү 11:59 (23:59)Кийинки видеодо убакытты көрсөтүү үчүн колдонулган сөздөрдү берем 🙌
Эгемендүүлүк күнүбүз кут болсун!
Англисче атыңызды кантип жазасыз? Комментарийде бөлүшө кетиңиз
Кочкор районунун тургундары үчүн: англис тили ачкан мүмкүнчүлүктөр жана перспективалар 🇬🇧🇰🇬***Салам, достор! Жакында мен Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчисинин кеңешчисин жана Accelerate Prosperity өкүлдөрүн кабыл алуу сыймыгына ээ болдум. 🇬🇧🇰🇬
Комментарийде уландысын окусаңыз, сонун жаңылылык бар. Эринбеңиз, балким ийгилик дал сизге жылмаят 👍
Сүйлөткүдөй курс издеп жатасызбы? 🗣️⠀ ⠀ Кочкордо Чынар Инглишке келиңиз!⠀АНГЛИС ТИЛИН: ⠀• Сүйлөшүү үчүн үйрөнөсүз ⠀• Сөздөрдү бекем эстеп калчу ыкма аласыз ⠀• Жумасына 3 жолу сабак ⠀• Деңгээлди аныктап, группага кошобуз• Мыкты мугалим берет ⠀• Окуучуларга, чоңдорго⠀ ⠀ ⠀ Баасы: ⠀ Айына 3000 сом.⠀ ⠀ ПРОБНЫЙ САБАККА келиңиз! ⠀ Видеонун астындагы баскычты басып, мага ватсапка азыр жазыңыз 👍
Click here to claim your Sponsored Listing.
Location
Category
Contact the school
Address
Kochkor