Асыранбек Мааткеримов атындагы орто мектеби

  • Home
  • Kyrgyzstan
  • Kochkor
  • Асыранбек Мааткеримов атындагы орто мектеби

Асыранбек Мааткеримов атындагы орто мектеби Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Асыранбек Мааткеримов атындагы орто мектеби

02/10/2025

Асыранбек Мааткеримов атындагы орто мектебинин 6-а классынын окуучулары мугалимдердин кесиптик майрамына жүрөктөн чыккан каалоо-тилектерин тартуулашты

02/10/2025

Мугалимдердин кесиптик майрамын утурлай Асыранбек Мааткеримов атындагы 6-б классынын окуучулары агай-эжейлерин өзгөчө куттукташты

2025-жылдын 25-сентябрь күнү Кочкор райондук билим берүү бөлүмү тарабынан уюштурулган 23-сентябрь-Мамлекеттик тил күнүнү...
26/09/2025

2025-жылдын 25-сентябрь күнү Кочкор райондук билим берүү бөлүмү тарабынан уюштурулган 23-сентябрь-Мамлекеттик тил күнүнүн 36 жылдыгына карата "Өнөр-элдин байлыгы" аттуу мугалимдер арасындагы кароо-сынакка Асыранбек Мааткеримов атындагы орто мектебинин башталгыч классынын мугалими Бектурганова Айзада эжей жана орус тили жана адабияты сабагынын мугалими Байсымакова Раатхан эжейлер активдүү катышып, өз өнөрлөрүн көрсөтүп, байгелүү орун 1-орунду алышып, 1-даражадагы диплом менен сыйланып келишти.
Бектурганова Айзада эжей кароо-сынакка унутта калып бара жаткан, кыргыз элинин көркөм кол өнөрчүлүгүнүн бир түрү болгон чий чырмоо өнөрүн алып барган. Айзада эжей чийди түрлөнтүп кооздоп, үй тиричилигине керек болгон ар кандай буюмдарды жасап келет.
Мындан тышкары Байсымакова Раатхан эжей экөө өз колдору менен жасашкан шырдактын түрлөрүн, көлдөлөң, чыгармачылык менен жасалган көрсөтмө куралдарды алып барышты.
Эжейлерге бекем ден соолук, чыгармачылык эргүү, үй бүлөлүк бакыт каалоо менен бирге мектептин намысын коргоп келгендери үчүн терең ыраазычылык билдиребиз.

2025-жылдын 8-июлунда Кочкор районундагы Асыранбек Мааткеримов атындагы орто мектебинде «Чөптун тамыры жана адамзат кооп...
09/07/2025

2025-жылдын 8-июлунда Кочкор районундагы Асыранбек Мааткеримов атындагы орто мектебинде «Чөптун тамыры жана адамзат коопсуздугу» гранттык программасынын «Нарын облусуннун Кочкор районунун Эпкин айылындагы Асыранбек Мааткеримов атындагы орто мектебинде окуу шарттарын жакшыртуу» долбоорунун алкагында жабдууларды өткөрүу аземи болду.Иш чарага Кыргыз Республикасындагы Япониянын Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Года Хидэки мырза,Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Досалиев Баялы Атамырзаевич,Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Абдрахманова Бермет Амангуловна,Кочкор райондук билим берүү бөлумунун башчысы Мамбетова Мирзат Асанкуловна,Чолпон айыл аймагынын айыл өкмөту мекемесинин башчысы Козубеков Закир Ашимович,айыл башчы,Жергиликтуу кеңештин депутаттары жана грант алуучулар катышышты.2022-жылдын 10-мартында кол коюлган Гранттык келишимге ылайык А.Мааткеримов атындагы орто мектебине төмөнкү жабдуулар расмий турдө өткөрүлуп берилди.Алар;мектеп эмеректери,ашкана жабдуулары,жаны пластик терезелер,эшиктер орнотулуп,№2 окуу корпусунун чатыры жана мектептин жылытуучу от казаны алмаштырылды.Долбоордун жалпы суммасы 64 471 АКШ долларын (5 316 407 сом) түзду.Аземдин катышуучулары сөз сүйлөшуп Япон элчилигине жана жалпы эле Япон элине терең ыраазвчылык билдиришип,дагы да жаны долбоорлорго катышып,кызматташтык улана берет деген ишеничте экендигин айтышты.

2025-жылдын 1-июль күнү Кочкор райондук маданият үйүндө "Билимдүүгө дүйнө жарык" аталышында , Кочкор району боюнча ЖРТда...
04/07/2025

2025-жылдын 1-июль күнү Кочкор райондук маданият үйүндө "Билимдүүгө дүйнө жарык" аталышында , Кочкор району боюнча ЖРТдан жогорку упай алган бүтүрүүчүлөрдү сыйлоо аземи болуп өттү.
Бул салтанаттуу иш чарага ЖРТдан 202 упай алган Асыранбек Мааткеримов атындагы орто мектебинин окуучусу Жеңишбеков Улукбек да, Кочкор району боюнча жогорку упай топтогон 15 бүтүрүүчүнүн катарында болду.
Жеңишбеков Улукбектин мугалимдери математика сабагынын мугалими Маназарова Гүлнара Канайевнага, кыргыз тили жана адабияты сабагынын мугалими Байшериева Асел Карагуловнага, А.Мааткеримов атындагы орто мектебинин жалпы жамаатына жана ата-энесине "Ыраазычылык каттар" тапшырылды.
Жеңишбеков Улукбек "Кочкор прогресс" коомдук бирикмеси тарабынан акчалай сыйлык менен сыйланды.
Ошондой эле биздин мектепти артыкчылык аттестаты менен бүтүп жаткан
Мелисов Умар
Мекенова Айдай
Обозбекова Айгерим окуучуларыбыз кызыл килемде басышып, артыкчылык аттестаттарын алышты.
Бул иш чара кийинки жылдын бүтүрүүчүлөрүнө да мотивация болуп, окууга жана билимге жол ачып, шык берет.
Бул саамалык кийинки жылы уланып, биздин мектептин бүтүрүүчүлөрү да четте калбайт деген ишеничтебиз

Асыранбек Мааткеримов атындагы орто мектебинде Э-күндөлүк бирдиктүү санарип платформасы жөнүндө маалымат берилип, мугали...
12/06/2025

Асыранбек Мааткеримов атындагы орто мектебинде Э-күндөлүк бирдиктүү санарип платформасы жөнүндө маалымат берилип, мугалимдер иш алып барып жатышат.
Окуучулардын жеке маалыматын Э-күндөлүк системасына толтурушууда.
Э-күндөлүк системасынын жардамы менен мугалимдердин түйшүгү кыйла жеңилдемекчи.
Санариптештирүү-өнүгүүнүн ачкычы!

26-май 2025-жылы Асыранбек Мааткеримов атындагы орто мектебинде өткөн "Акыркы коңгуроо" салтанатына Кыргыз Республикасын...
26/05/2025

26-май 2025-жылы Асыранбек Мааткеримов атындагы орто мектебинде өткөн "Акыркы коңгуроо" салтанатына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Таалайбек кызы Жылдыз келип, мектепке заманбап интерактивдүү такта белек кылып, бир катар агай-эжейлерге Жогорку Кеңештин "Ыраазычылык катын" тапшырды

"Намыс" командасы апрель, 2023-жыл , 3-орун, райондук тур.
24/05/2025

"Намыс" командасы апрель, 2023-жыл , 3-орун, райондук тур.

24/05/2025

"Намыс" командасы 3-орун райондук тур, апрель, 2023-жыл

Address

Epkin
Kochkor
722817

Opening Hours

Monday 08:30 - 17:00
Tuesday 08:30 - 17:00
Wednesday 08:30 - 17:00
Thursday 08:30 - 17:00
Friday 08:30 - 17:00

Website

Alerts

Be the first to know and let us send you an email when Асыранбек Мааткеримов атындагы орто мектеби posts news and promotions. Your email address will not be used for any other purpose, and you can unsubscribe at any time.

Shortcuts

Share

Category