Х.Карасаев атындагы Ысык-Көл лицейи Туркия Республикасынын «Себат» билим берүү мекемеси менен Кыргыз Республикасынын билим берүү Министрлигинин 1992 жылдын 2-майындагы келишиминин негизинде иш жургузуп келет.
Лицейде ар бир окуучунун билим алуусуна заманбап шарттар, жабдуулар менен камсыздалган . Физика, химия, биология жана информатика сабактарын мыкты денгээлде өздөштүрүү үчүн атайын лабораториялар, интерактивдүү доскага ээ. Окуучуларга англис тилин терендетип уйрөтүүгө басым жасалат жана турк тили окутулат.Окуучулардын социалдык жашоосун активдуу өткөрүү учун шарттар тузулуп, окуучуларды маданият жана спорт тармагына кызыктыруу учун атайын иш чаралар өткөрүлүп турат.
Х.Карасаев атындагы Ысык-Көл лицейи жалпы бирдиктүү тестирлөөнүн негизинде окуучуларды кабыл алат. 2016-2017 окуу жылында кабыл алуу учун жалпы тестирлөөгө 3730 окуучу катышты, анын ичинен 76 окуучу кабыл алынды.Жакшы окуган жана тапшыруу учурунда жакшы балга ээ болгон окуучуларга лицей тарабынан жеңилдиктер берилет.Учурда лицейде 297 окуучу билим алса, алардын ичинен 80%(278 окуучу) ар түрдүү даражадагы жеңилдиктерге ээ