02/02/2026
30.01.2026-ж.
Т. Сатылганов атындагы мектеп-лицей-интернатында мугалимдер арасында кафедралар аралык «Мээ таймашы» конкурсу жогорку деңгээлде өткөрүлдү.
Таймашка 6 команда катышып, 6 категория боюнча күч сынашты.
Суроолор акыркы 4 жыл ичинде мугалимдер арасында окулган кыргыз адабий китептеринин негизинде түзүлүп, лицейде мугалимдер менен окуучулардын китеп окуу маданияты туруктуу өнүгүп келе жатканынын ачык далили болду.
19.01–30.01 күндөрү өткөн “Китепкөй лицей” декадасын жыйынтыктоо максатында, мугалимдер арасында «Кесиптешиме менден китеп белек» акциясы уюштурулуп, анын алкагында бул интеллектуалдык таймаш өткөрүлдү.
Мугалим китеп окуса — окуучу окуйт, ата-эне китеп окуса — бала да китепке жакындайт.
Бул иш-чара агай-эжейлерге дем берип, чарчоону унуттуруп, китеп аркылуу кайрадан руханий кубат алууга шарт түздү. Бир саатка мугалимдер окуучу болуп, талкуулап, ой бөлүшүп, атаандаштык менен кызыктуу таймаш өткөрүштү.
Ар бир окулган китеп — жаңы ой, жаңы көз караш, жаңы өнүгүү!
Санариптешкен доордо мугалим тынымсыз окуп, өнүгүп турушу зарыл экенин дагы бир жолу тастыктадык.
Иш-чаранын соңунда жыйынтык чыгарылып, жеңүүчүлөр аныкталды. Аягында кесиптештер бири-бирине китеп белек кылышып, маанайыбыз 100% болуп, ар кимибиз бир жаңы китепке байып кайттык.
Мындай иш-чаралар мугалимдин чарчоосун кетирип, шыктанып, дем менен иштөөгө чоң мүмкүнчүлүк түзөт деп ишенебиз.