08/10/2024
Жамааттык келишим — бул жөн гана формалдуу документ эмес, иш берүүчү менен кызматкерлердин кызыкчылыктарын тең салмактоо менен туруктуу жана коопсуз эмгек шарттарын камсыз кылган күчтүү инструмент жана чыр-чатактарды алдын алууга, эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга жана кызматкерлердин социалдык бакубаттуулугун жакшыртууга жардам берет. Жамааттык келишим өз ара урматтоо жана кызматташтыктын негизинде түзүлсө, алар окуу жайдагы социалдык туруктуулуктун жана бакубаттуулуктун кепилдиги болуп калат.
Мына ушул максатта К. Тыныстанов атындагы ЫМУнун администрациясы менен Бириккен профсоюздар уюмунун биргелешкен “«Профсоюз жана университет: Жамааттык келишим кызматташтыктын инструменти катарында» семинары өткөрүлүп, бир катар маселелердин үстүндө сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.
Семинардын өтүшүнө колдоо көрсөткөн Америкалык тилектештик борборунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнө, Кыргызстан профсоюздар Федерациясынын төрагасы Жумадилде уулу Мурадил мырзага жана жаштар саясаты боюнча орун басары, Кыргыз Республикасынын куруучулар жана өнөр жай курулуш материалдары профсоюзунун республикалык комитетинин маалымат маселелери боюнча кеңешчиси, BWI Европа аймактык жаштар комитетинин Эл аралык профсоюзунун титулдук мүчөсү, кесиптик профсоюздук тренер, эмгек мамилелери боюнча консультант Асел Сартпаевнага Бириккен профсоюздар уюмунун атынан терең ыраазычылык билдиребиз.