Апиза эне Ислам институту

Апиза эне Ислам институту المعهد الإسلامي باسم حفيظة انا

Урматтуу абитуриент! Апиза эне Ислам институтуна тапшыруу же кошумча маалымат алуу үчүн +996 556 98 11 11 номерине кайры...
15/07/2026

Урматтуу абитуриент! Апиза эне Ислам институтуна тапшыруу же кошумча маалымат алуу үчүн +996 556 98 11 11 номерине кайрылыңыздар

“Апиза эне” Ислам институту 2025-2026-окуу жылынын жыйынтыгы.
20/06/2026

“Апиза эне” Ислам институту 2025-2026-окуу жылынын жыйынтыгы.

Бүгүн “Апиза эне” Ислам институтунда 2025–2026-окуу жылынын жыйынтыгы чыгарылып, салтанаттуу сыйлоо аземи өткөрүлдү.Иш-ч...
20/06/2026

Бүгүн “Апиза эне” Ислам институтунда 2025–2026-окуу жылынын жыйынтыгы чыгарылып, салтанаттуу сыйлоо аземи өткөрүлдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө үзүрлүү эмгек кылган устаздарга алкыш барактар тапшырылып, “Мыкты мугалим” номинациясы ыйгарылды. Ошондой эле окууда жана коомдук иштерде өзгөчөлөнгөн студенттер грамоталар менен сыйланып, жылдын эң мыктысы деп табылган студентке “Мыкты студент” номинациясы берилди.

Иш-чара соңунда ректор Абдирашит ажы Батыров устаздарга жана студенттерге ыраазычылык билдирип, мындан аркы окуу жана эмгек жолуна ийгиликтерди каалады.

Бүгүн, 6-июнь күнү “Апиза эне” Ислам институтунда студенттер үчүн ден-соолукту чыңдоо багытында пайдалуу семинар өткөрүл...
06/06/2026

Бүгүн, 6-июнь күнү “Апиза эне” Ислам институтунда студенттер үчүн ден-соолукту чыңдоо багытында пайдалуу семинар өткөрүлдү.

Семинарды Кара-Суу райондук үй-бүлөлүк медицина борборунун ден-соолукту чыңдоо бөлүмүнүн адистери, врач Насирова Минавар жана Абдурахманов Эмил мырза алып барышты. Иш-чарада жугуштуу эмес оорулардын алдын алуу, алардын тобокелдик факторлору, туура эмес тамактануунун кесепеттери, физикалык активдүүлүктүн мааниси, ошондой эле алкоголдук ичимдиктер менен тамекинин зыяндуулугу тууралуу кеңири маалымат берилди.

Адистер өзгөчө туура жана пайдалуу тамактануунун ден соолукка тийгизген оң таасирине токтолуп, ар кандай зыяндуу азыктардан алыс болуунун маанилүүлүгүн белгилешти. Семинардын соңунда студенттер кызыктырган суроолоруна жооп алып, пайдалуу кеңештерге ээ болушту.

05/06/2026

Тафсир сабагы.

“Апиза эне” Ислам институтунун улук окутуучусу, устаз Халилуллох Эсонбой уулу заманыбыздын Ислам аалымдарынын жана мыкты котормочуларынын бири болуп саналат. Мектеп курагынан тартып эле аймакка таанымал аалым Шайх Шомухаммад Шоюнус дамлага шакирт түшүп, диний билим алган. Азыркы учурда 2022-жылдан бери Кара-Суу шаарындагы “Апиза эне” атындагы Ислам институтунун Шарият бөлүмүндө мударрис болуп, жаштарга сабак берип келет.

Устаз, чыгармачылык багытта 15ден ашык диний китептердин автору жана араб тилинен өзбек тилине 20га жакын баалуу эмгектерди которгон адис. Анын калемине “Муаллими санийге кошумча”, 7 китептен турган “Хикматтар казынасынан”, “Исламий үй-бүлө”, “Аялдын Исламдагы орду”, “Мусулмандын күнүмдүк милдеттери”, “Хажнама”, “Зикир алтындан кымбат” сыяктуу китептер таандык. Ошондой эле ал “Тафсири Жалалайн”, “Куран сүрөлөрүнүн маанилеринин котормосу”, Имам Газзалинин “Мусулмандын кулку”, Имам Абу Ханифанын “Фикхул акбар” эмгектерин жогорку деңгээлде өзбек тилине которуп, басып чыгарган. Анын бир катар китептери 2023-жылы Өзбекстандын Дин иштери боюнча комитетинин корутундусу менен Ташкентте көп нускада жарык көргөн.
Ал эми учурда орус тилинен которулуп жаткан эмгектери: “Эгер сиз мусулман болсоңуз!”, “Исламда баары жеңил!”, “Намаз Исламда зарыл”, “Бейишке умтулуучулар”, “Алла силерге Бейишти каалайт”.

Курбан айтыңыз маарек болсун!
27/05/2026

Курбан айтыңыз маарек болсун!

20-май күнү, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер, ОшМУнун Чыгыш таануу институтунун профессо...
21/05/2026

20-май күнү, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер, ОшМУнун Чыгыш таануу институтунун профессору, тарых илимдеринин доктору Абытов Байболот агай “Апиза эне” Ислам институтунда конокто болду.

Кыргыз Республикасынын Президентинин №303 Жарлыгын аткаруу максатында жана Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын 2026-жылдын №35 буйругунун негизинде уюштурулган иш-чарада кыргыз элинин көрүнүктүү мамлекеттик ишмери Алымбек датканын өмүр жолу жана эл үчүн кылган кызматы тууралуу кеңири баяндалды.

Лекциянын алкагында, Алымбек датканын дипломатиялык чеберчилиги, лидерлик жана жол башчылык касиети менен көп улуттуу элдин ынтымагын сактоого өзгөчө көңүл бурганы айтылды. Ошондой эле медреселерди курдуруп, өзүнүн жеке каражатынан балдарды окутуп, диний илимдин өнүгүшүнө колдоо көрсөтүп, такыба инсан болгону да баса белгиленди. Элге суу чыгарып, Ош шаарынын өнүгүшүнө зор салым кошкону, мекенчилдиги жана мамлекеттүүлүктү бекемдөөгө кошкон зор эмгеги да өзгөчө эскерилди.

Иш-чара соңунда ректор Абдирашит ажы Батыров агайга ыраазычылык билдирип, иштерине ийгилик каалады.

Бүгүн 5-май күнү, “Апиза эне” Ислам институтунда Муфтияттын фатва бөлүмүнүн адиси Тагаев Акылбек устаздын катышуусунда с...
05/05/2026

Бүгүн 5-май күнү, “Апиза эне” Ислам институтунда Муфтияттын фатва бөлүмүнүн адиси Тагаев Акылбек устаздын катышуусунда студенттер менен жолугушуу болуп өттү. Жолугушууда устаз акыйда, салттуу Ислам жана илим алуунун мааниси тууралуу мазмундуу лекция окуп, пайдалуу насааттарын айтты.

28/04/2026
18/04/2026

Address

Ленина улица
Kara-Su

Opening Hours

Monday 09:00 - 17:00
Tuesday 09:00 - 17:00
Wednesday 09:00 - 17:00
Thursday 09:00 - 17:00
Friday 09:00 - 17:00

Website

Alerts

Be the first to know and let us send you an email when Апиза эне Ислам институту posts news and promotions. Your email address will not be used for any other purpose, and you can unsubscribe at any time.

Shortcuts

Share

Category