Международный Университет им Кантөрө Шарипович Токтомаматова - МНУ

Международный Университет им Кантөрө Шарипович Токтомаматова - МНУ

Share

Международный университет им. К. Ш. Токтомаматова (МНУ) был создан согласно Указа Президента Кыргызской Республики №УП-100 от 1 апреля 1993 года

Университет экономики и предпринимательства был образован в соответствии с Указом Президента Кыргызской Республики №VII-100 от 1 апреля 1993 года на базе Джалал-Абадского Кооперативного техникума (1966 г.) и Джалал-Абадского Кооперативного училища (1959 г.). Первоначально вуз назывался Джалал-Абадским Коммерческим институтом. В 2005 году вузу был присвоен более высокий статус и нынешнее название.

Photos from Международный Университет им Кантөрө Шарипович Токтомаматова - МНУ's post 04/06/2026

ЭАУнун ГУМАНИТАРДЫК-
ЭКОНОМИКАЛЫК КОЛЛЕДЖИНИН
АКАДЕМИЯЛЫК МОБИЛДҮҮЛҮК
АЛКАГЫНДА САПАРЛАРЫ
ЖӨНҮНДӨ

К.Ш.Токтомаматов атындагы Эл
аралык университеттин
Гуманитардык-экономикалык
колледжинин (Манас шаары) окутуучулары академиялык
мобилдүүлүк алкагында үстүбүздөгү жылдын 29-май - 2-июнь күндөрү Ош мамлекеттик университетинин Финансы-юридикалык колледжине жана Ош технологиялык университетинин Гуманитардык-технологиялык колледжине барышып, алардын материалдык-техникалык базасы, окуу жараяны,окуу-усулдук ишмердиги менен жакындан таанышып, конок лекцияларды жана практикалык сабактарды өтүп келишти. Жалпысынан аталган сапарлар чөлкөмдөгү окуу жайлар ортосунда кызматташтык мамилелерди бекемдөөдө абдан пайдалуу болду.

ЭАУнун Гуманитардык-экономикалык колледжинин дирекциясы

Photos from Международный Университет им Кантөрө Шарипович Токтомаматова - МНУ's post 04/06/2026

К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин Жаштар иштери боюнча комитети жана студенттери Жаштар борборунун ачылышында, 2026.4.06., Манас шаары

Photos from Международный Университет им Кантөрө Шарипович Токтомаматова - МНУ's post 02/06/2026

ЭАУнун СТУДЕНТИ НУРКАМИЛА ЧЕРИКОВА VI ДҮЙНӨЛҮК КӨЧМӨНДӨР ОЮНДАРЫНА КАРАТА “КӨЧМӨНДӨР ЖАҢЫРЫГЫ” СЫНАГЫНДА ЭЛ ТАНДООСУ МЕНЕН БАЙГЕЛҮҮ III ОРУНГА ЖЕТИШТИ!

Үстүбүздөгү жылдын 1-июнунда Бишкекте VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата “Көчмөндөр жаңырыгы” аттуу эл аралык этно-ыр сынагынын Улуттук тандоо сынагы өткөрүлдү. Бул тандоо сынагы массалык маалымат каражаттарында кеңири чагылдырылды. Финалдык бөлүгүндө 10 мыкты ырчы катышкан, алардын ичинде атактуу ырчыбыз, “Көчмөн бийи” автордук композициясы менен белгилүү болгон, Борбордук Азиянын алтын үнү Нур Чолпон да болду. Аталган тандоого К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин (Манас ш.) Гуманитардык –экономикалык колледжинин “Чет тили” (англис тили) адистиги боюнча 2-курстун ПДо-1-24 тайпасынын студенти, “Ала-Тоо жазы-2026” чыгармачылык сынагынын ыр боюнча жеңүүчүсү Нуркамила Черикова “Дарак ыры” (сөзү Б. Чотуров, обону Ж. Апасов) жана “Rolling in the deep” (“Туңгуюкта тоголонгон”, музыкасы жана тексти Адель, Пол Эпуорт) ырлары менен катышып, эл тандоосунда 3-орунга жетишти, ушуну менен VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын маданий программасында ырдай турган болду. Бул ийгиликтерге Нуркамила кызыбыз ЭАУнун Маданий-эстетикалык борборунун директору, маданияттын мыктысы Муктар Гайымовдун жетекчилигинде жетишти. Сынактын эртеси байгелүү орундарга жетишкендерди, анын ичинде Нуркамила Черикова менен Муктар Гайымов, Маданият, маалымат жана жаштар саясатынын министринин орун басары Тимурлан Ажымалиев тарабынан кабыл алынышып, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын маданий программасында ырдай тургандыгы тастыкталды. Нуркамила менен Муктар агайды аталган ийгилиги менен чын жүрөктөн куттуктайбыз! Бул ийгилик үчүн активдүү добуш берген ыр сүйүүчүлөрүнө, анын ичинде Жалал-Абад областынын, Манас шаарынын тургундарына чоң ыраазычылык билдиребиз!

ЭАУнун Жаштар иштери боюнча комитети

Photos from Международный Университет им Кантөрө Шарипович Токтомаматова - МНУ's post 02/06/2026

ЭАУнун ЭЛ АРАЛЫК КЫРГЫЗ-ТҮРК ИНСТИТУТУНУН ЖАНА КОЛЛЕДЖИНИН БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮНӨ АРНАЛГАН САЛТАНАТ ЖӨНҮНДӨ

Үстүбүздөгү жылдын 1-июнунда К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин (ЭАУ, Манас ш.) жыйындар залында окуу жайга караштуу Туран Язган атындагы Эл аралык Кыргыз-Түрк институтунун жана колледжинин бүтүрүүчүлөрүнө арналган салтанат өткөрүлдү. Салтанаттын расмий бөлүгүндө университеттин ректору э.и.д., профессор Айжамал Кантөрөева жана аталган институт менен колледждин директору, PhD, доцент Дурмуш Билге Аккуш бүтүрүүчүлөрдү окуусун ийгиликтүү аякташы менен куттукташып, эртеңки кесиптик ишмердигинде ийгиликтерди каалап кетишти. Муну менен бирге, мыкты бүтүрүүчүлөргө, т.а. окуунун мыктыларына жана коомдук-маданий, спорттук иш-чаралардын активисттерине ардак грамоталар, мактоо барактары тапшырылды. Расмий бөлүктөн кийин майрамдык концерт тартууланды: концертте кыргыз жана түрк бийлери көрсөтүлүп, кыргыз жана түрк ырлары ырдалды. Салтанатка бүтүрүүчүлөрдүн ата-энелери да чакырылган. Салтанат ЭАУнун мыкты салттарында, абдан кызыктуу жана шаңдуу өттү! Бүтүрүүчүлөрүбүздү окуусун ийгиликтүү аякташы менен куттуктайбыз!
Эскертип кетсек, Эл аралык Кыргыз-Түрк институтунун жана колледжинин бүтүрүүчүлөрүнө 2 диплом берилет: Кыргыз Республикасынын мамлекеттик үлгүсүндө жана Түркия Республикасынын үлгүсүндө.

ЭАУнун Кесиптик багыт берүү & коомчулук менен байланыштар кызматы

01/06/2026

ВЫПУСКНОЙ МКТИ МНУ 1.06.2026

Photos from Международный Университет им Кантөрө Шарипович Токтомаматова - МНУ's post 31/05/2026
28/05/2026

С Türk Dünyası Araştırmaları Vakfı — Я делаю успехи! Мне удалось стать топовым поклонником уже 27 месяцев подряд. 🎉

Photos from Международный Университет им Кантөрө Шарипович Токтомаматова - МНУ's post 28/05/2026

О МЕРОПРИЯТИЯХ МНУ ПО КИБЕР БЕЗОПАСНОСТИ

28 мая этого года в Международном университете имени К.Ш. Токтомаматова (МНУ, г. Манас) сотрудниками Управления внутренних дел Жалал-Абадской области МВД КР была проведена гостевая лекция на тему “Предупреждение кибер преступности”. Борьба с кибер преступностью — одна из наиболее актуальных проблем современности, обусловленная стремительным развитием технологий, глобализацией и цифровизацией общества. В рамках темы гостевой лекции сотрудники УВД ознакомили профессорско-преподавательский состав и студентов МНУ с такими понятиями и явлениями, практикой в этой сфере, как: борьба с кибер мошенничеством - это борьба с одним из видов кибер преступлений, который заключается в злонамеренных манипуляциях с личными данными, финансами, документами с использованием цифровых технологий; финансовая грамотность - это набор знаний, навыков и умений для защиты от финансовых рисков и мошенников; фишинг – это вид интернет-мошенничества для выуживания денег; deepfake (дипфейк) - это технология создания поддельных аудио записей, видео изображений с помощью искусственного интеллект для незаконного изъятия денег; автоматизированные хакерские атаки - это кибер атаки, которые выполняются с использованием технических средств и алгоритмов для массового, быстрого или целенаправленного воздействия на компьютерные системы, сети или цифровые устройства, позволяющие злоумышленникам ускорять процессы, масштабировать атаки и повышать их эффективность за счёт минимизации ручного труда; дроппер - это человек, который становится промежуточным звеном в цепочке незаконных финансовых операций. В целом названное мероприятие по тематике было очень содержательным и полезным. Организаторы гостевой лекции от МНУ: кафедра правоведения, заведующая кафедрой Нуржамал Тойгонбаева; лекторы от УВД: сотрудники отдела уголовных расследований и пресс-секретарь.

Служба по профориентационной работе и связям с общественностью МНУ

Photos from Международный Университет им Кантөрө Шарипович Токтомаматова - МНУ's post 26/05/2026

ЭАУнун Гуманитардык-экономикалык колледжинин чөлкөмдөгү окуу жайлар менен кызматташтык мамилелерди өркүндөтүүсү жөнүндө

К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин Гуманитардык-экономикалык колледжинин ( Манас шаары) математика, маалыматтык технологиялар жана техникалык-технологиялык сабактар кафедрасынын (башчысы Айгерим Эшкожоева) окутуучулары ушул жылдын 18-25-май күндөрү Ош мамлекеттик университетинин Индустриалдык колледжине жана Ош техникалык университетинин колледжине академиялык мобилдүүлүк алкагында барышып, материалдык-техникалык базасы, окуу жараяны жана окуу-усулдук ишмердиги менен жакындан таанышып, бир катар конок лекцияларды жана практикалык сабактарды өтүп келишти. Жалпысынан аталган сапарлар чөлкөмдөгү окуу жайлар арасында кызматташтыкты өнүктүрүүгө белгилүү салымын кошту десек болот.

ЭАУнун Гуманитардык-экономикалык колледжинин дирекциясы

Want your school to be the top-listed School/college in Jalal-Abad?

Click here to claim your Sponsored Listing.

Location

Telephone

Address


г. Манас, микрорайон «Спутник», Улица Тарсус 1А (Женижок-30)
Jalal-Abad
72100