31/08/2025
Аалам эл аралык мектеби
Contact information, map and directions, contact form, opening hours, services, ratings, photos, videos and announcements from Аалам эл аралык мектеби, Education, Жибек Жолу 1, Isfana.
31/08/2025
31/08/2025
Жаңы окуу жылын кубанычтуу жаңылык менен баштап жатабыз 🎉.
Биздин окуучубуз Ураимов Сыймык IELTS (Academic) сынагынан абдан жакшы жыйынтык көрсөттү:
🎧 Listening – 7.5
📖 Reading – 7.0
✍️ Writing – 6.0
🗣️ Speaking – 6.5
👉 Жалпы балл: 7.0 (CEFR – C1 деңгээли) ✅
Бул жетишкендик — Сыймыктын талыкпаган эмгегинин, ата-энесинин колдоосунун жана мугалимдерибиздин туура багыт берүүсүнүн жемиши. Айрыкча Сыймыкты сынакка даярдаган Мистер Густиге @Gusti Милла Куайди өзгөчө ыраазычылык билдиребиз 👏.
Сыймыкка келечекте дагы чоң ийгиликтерди каалайбыз! 🌟
Бул жаңы окуу жылыбыз дагы көптөгөн ийгиликтер жана кубанычтар менен коштолот деп ишенебиз.
20/08/2025
👨👩👧👦 Урматтуу ата-энелер!
Сиздерге кубанычтуу жаңылыкты сунуштайбыз! 🎉
ААЛАМ ЭЛ АРАЛЫК МЕКТЕБИ дагы бир эл аралык жетишкендикке жетишти!
🇬🇧 Мектептин кеңешчиси (College Counselor) Мистер Густи дүйнөдөгү эң таасирдүү уюмдардын бири — Times Higher Education (THE) жана Common Purpose тарабынан Accredited Counsellor 2025–26 деп расмий таанылды!
🔎 Эмне үчүн бул маанилүү?
✅ Бул аккредитацияны 170тен ашык өлкөдөгү 2000ден көп алдыңкы университеттер тааныйт, алардын катарында дүйнөнүн мыкты ЖОЖдору да бар.
✅ Бул аркылуу биздин мектеп чет өлкөлүк университеттер менен түз байланыш түзүп, окуучуларды кабыл алууда ишенимдүү өнөктөш катары каралат.
✅ Кеңешчи Мистер Густи окуучуларга кесип тандоо, университетке тапшыруу жана стипендия алуу боюнча эл аралык деңгээлде колдоо көрсөтөт.
🎯 Бул аккредитация Кыргызстандагы саналуу гана мектептерде бар. Аны алуу — мектептин келечекке кам көргөнүн жана сапатка умтулганын көрсөтөт.
📌 Ата-энелер үчүн — балаңыздын келечеги ишенимдүү колдо.
📌 Окуучулар үчүн — дүйнөлүк университеттерге ачык жол жана мүмкүнчүлүк.
📌 Мектеп үчүн — эл аралык статус жана таанылуу аброй.
✨ Ааламга жол — “ААЛАМ”дан башталат!
Sabrinho Romano 🔥
🇮🇩 HERE WE GO!
📣 ААЛАМ мектебине жаңы күчтүү мугалим кошулду!
🎓 Тааныштырабыз: Алхеру Акбар — Индонезиялык англис тили мугалими!
📚 Англияда магистратура окуган, IELTS жана TOEFL боюнча адис
🗣 Speaking, listening, writing? — баарын интерактивдүү, кызыктуу жана заманбап ыкмалар менен үйрөтөт!
👨🏫 Ал мугалим гана эмес — дебат машыктыруучу, мугалимдерге коуч, эл аралык лидер.
🌍 Кытай, Япония, АКШ, Таиланд сыяктуу өлкөлөрдө билим берүү тажрыйбасы бар.
📌 Эми болсо — “ААЛАМ” мектебинин окуучуларына сапаттуу англис тилин үйрөтүүгө даяр!
💬 Алхеру агай айтат:
> “Англис тили — бул жөн эле предмет эмес. Бул – дүйнөгө жол ачкан тил!”
📢 Даяр болгула!
Жаңы мугалим, жаңы дем, жаңы деңгээл!
#АнглисТилиМугалими #ЭлАралыкМугалим
📚 “ААЛАМ” эл аралык мектебинин мугалимдер жамааты менен тааныштырабыз!
Биздин эң чоң байлыгыбыз — бул билимдүү, жоопкерчиликтүү жана өз ишин сүйгөн мугалимдер.
🔹 Жамаатыбызда эл аралык тажрыйбасы бар, Cambridge программасын окуткан чет элдик жана жергиликтүү мугалимдер эмгектенишет.
🎥 Бул видеодо мугалимдер жамаатыбыз менен жакындан таанышасыз. Буюрса, алдыда ар бир мугалим тууралуу өзүнчө тааныштырууларды дагы чыгарабыз.
✨ Учурда дагы бир нече күчтүү адистер менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Жакын арада алар менен да тааныштырабыз!
📍Күчтүү команда — сапаттуу билимдин башаты!
🎓 245 окутуу борбору эми ААЛАМ эл аралык мектептери менен биргеликте!
2025–2026-окуу жылынан баштап, ААЛАМ мектебинин окуучулары ЖРТге “245” академиясы аркылуу даярданат.
📊 Акыркы эки жылда ЖРТ боюнча Кыргызстан биринчиси жана экинчиси чыккан бул академия эми ААЛАМдан да мыкты жыйынтыктарды күтөт!
245 төмөнкү мүмкүнчүлүктөрдү сунуштайт:
📚 Индивидуалдуу кураторлор
👩🏫 Тажрыйбалуу мугалимдер
📱 Онлайн окуу, интенсивдүү сабактар
🎯 Замандын талабына ылайык окутуу программасы
Биздин максат — ЖРТ боюнча эң мыкты жыйынтык!
7000ден ашуун бүтүрүүчү даярдаган ишенимдүү команда эми ААЛАМ мектебинде!
📍 Балдарыңызды ААЛАМ мектебине жаздырыңыз – ийгиликтүү келечектин жолун бүгүн баштаңыз!
11/06/2025
📣 ЖАҢЫ КАБАР!
Аалам эл аралык мектебинин жаңы мүдүрү болуп Анназаров Жоомартбек дайындалды! 🎉
Жоомарт агай – жеке менчик билим берүү тармагында 15 жылдык тажрыйбасы бар, жүздөгөн бүтүрүүчүлөргө жол көрсөткөн, жаңычыл жана стратегиялык көз карашка ээ жетекчи.
Анын жетекчилиги астында мектебибиздин дагы да өнүгүп, жаңы бийиктиктерге жетишине чоң ишеним артабыз! 🌟📚
Ошону менен бирге, мектептеги негизги пайдубал түптөлүп, жамаат бекемделишине зор салым кошкон Сатаев Тилектеш агайга терең ыраазычылык билдиребиз.
Агайдын жетекчилиги менен Аалам мектеби ишенимдүү багытта жолго түшүп, ата-эне, мугалим жана окуучу ортосундагы байланыш бекем орногон.
*Жаңы иш ордунда дагы ийгиликтер коштоп жүрсүн*! ❤️👏
25/05/2025
“ААЛАМ” ЭЛ АРАЛЫК МЕКТЕБИ 2025–2026-ОКУУ ЖЫЛЫНА 1-, 2- жана 6-КЛАССТАРГА ОКУУЧУЛАРДЫ КАБЫЛ АЛУУНУ ЖАРЫЯЛАЙТ!
Балаңызга заманбап, сапаттуу жана көп тилдүү билим берүүнү каалайсызбы?
Анда “ААЛАМ” мектеби — туура тандоо!
Бизде кабыл алуу:
• 1-класс — англис тилинде
• 2-класс — англис тилинде
• 6-класс — кыргыз тилинде
Эмне үчүн дал ушул мектеп?
• Эл аралык стандарттагы билим берүү
• 3 тилде окутуу
• Ишенимдүү, тажрыйбалуу мугалимдер
• Жарашыктуу форма, коопсуз шарт, жылуу мамиле
Дарек: Раззаков ш., Жибек Жолу 1
Байланыш: 0500 25 66 32
Instagram:
Балаңыздын келечеги — бүгүнкү чечимден башталат!
28/04/2025
5-май күнү саат 10:00дө мектебибизде 7–8-9-10-класстардын ата-энелери үчүн Ачык эшиктер күнү өтөт. Келип, мектебибиздин ишмердүүлүгү менен таанышып кетиңиздер!
📍Раззаков шаары, Жибек Жолу 1
📞0500256632
#билимберүү
30/03/2025
🌙 Орозо Айт маарек болсун! ✨
Урматтуу мугалимдер, окуучулар жана ата-энелер!
Сиздерди ыйык Орозо Айт майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайбыз! 🤲 Бул берекелүү күн үй-бүлөңүздөргө тынчтык, сүйүү жана жакшылык алып келсин. Туткан орозоңуз, кылган дуба-тилектериңиз кабыл болсун!
Айт – боорукерликтин, биримдиктин жана кайрымдуулуктун күнү. Жакындарыбызга жылуу сөз айтып, кубаныч тартуулоо менен бул күндүн маңызын дагы да арттырайлы.
Бардыгыңыздарга ден соолук, бакубат жашоо жана илим-билимде ийгиликтерди каалайбыз!
#билимберүү
Click here to claim your Sponsored Listing.
Location
Category
Website
Address
Жибек Жолу 1
Isfana
720400
Opening Hours
| 09:00 - 17:00 |