03/05/2026
КУЛАКТАНДЫРУУ
📌 Урматтуу студенттер!
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан 2025–2026-окуу жылына карата бекитилген календардык графикке ылайык, 2026-жылдын 1-майынан 10-майына чейин майрам күндөрүнө байланыштуу эс алуу күндөрү деп жарыяланат.
2026-жылдын 11-майынан тартып окуу процесси бекитилген ырааттамага ылайык улантылат.
📌 Эскертүү: 1-, 2- жана 3-курстардын студенттери 11-майдан тартып сабактарга толук катышууга милдеттүү.
“БИК” мекемесинин администрациясы
━━━━━━━━━━━━━━━
📢 ОБЪЯВЛЕНИЕ
📌 Дорогие студенты!
В соответствии с календарным графиком, утверждённым Министерством образования и науки Кыргызской Республики на 2025–2026 учебный год, с 1 по 10 мая 2026 года объявляются выходные дни в связи с праздничными днями.
С 11 мая 2026 года учебный процесс возобновляется согласно утверждённому расписанию.
📌 Внимание: студенты 1, 2 и 3 курсов обязаны приступить к занятиям с 11 мая и посещать их в полном объёме согласно расписанию.
Администрация учреждения «БИК»
01/05/2026
“Кыргызстандагы орто кесиптик билим берүү мекемелеринин абалы жана келечеги”
📌 2026-жылдын 28-апрелинде Бишкек шаарындагы КРЭАУнун “Unexus Hub” инновациялык борборунда “Кыргызстандагы орто кесиптик билим берүү ассоциациясы” Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги менен биргеликте кеңири масштабдагы I ФОРУМ өткөрдү.
🍀 Форумду Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Исаматова Гүлзат Тыныбековна ачып, куттуктоо сөзүн сүйлөдү. Андан соң билим берүү мекемелеринин жетекчилери, эксперттер жана иш берүүчүлөр баяндама жасашты.
🎯 Форумдун негизги максаты – орто кесиптик билим берүү системасынын учурдагы абалын талкуулоо жана аны өнүктүрүүнүн натыйжалуу жолдорун аныктоо болду.
📚 Форумдун жүрүшүндө санариптештирүү, билим сапаты, коррупциянын алдын алуу, академиялык мобилдүүлүк жана компетенттүүлүккө негизделген окутуу маселелери каралды.
📝 Жыйынтыгында кызматташууну күчөтүү, окуу программаларын жаңылоо, дуалдык билим берүүнү өнүктүрүү жана студенттердин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн арттыруу боюнча чечимдер кабыл алынды.
🤝 Ошондой эле академиялык мобилдүүлүк боюнча меморандумдарга кол коюлуп, катышуучуларга тастыктамалар тапшырылды.
💫 Форум жогорку деңгээлде уюштурулуп, коюлган максаттарына жетти.
«БИК» мекемесинин администрациясы
22/04/2026
19 апреля 2026 в Бишкек состоялась образовательная выставка ведущих вузов Китая с участием министра науки, высшего образования и инноваций КР и посла КНР в КР
Студенты БИК по направлению *Переводческое дело (китайский язык)* в сопровождении волонтера Института Конфуция Фен Фен лаоши с интересом приняли участие в данном масштабном мероприятии
Администрация учреждение ”БИК”
20/04/2026
2026-жылдын 16-апрелинде TTEOMER түрк тилин окутуу борборунун 30 жылдык мааракеси салтанаттуу түрдө белгиленип өттү.
Бул маанилүү дата борбордун көп жылдык үзүрлүү эмгегинин, жетишкен ийгиликтеринин жана туруктуу өнүгүүсүнүн айкын далили болуп саналат.
Маараке алкагында борбордун өнүгүшүнө салым кошкон кызматкерлерге ыраазычылык билдирилип, өнөктөштөр менен кызматташтыктын жаңы багыттары белгиленди.
TTEOMER борборуна мындан ары да өсүп-өнүгүү, жаңы ийгиликтер жана бийик жетишкендиктерди каалайбыз!
20/04/2026
🗓️10 апреля 2026 | Бишкек
Бишкекский инновационный колледж во главе с директором Эркинбековым К.Э. подписал двусторонний меморандум о сотрудничестве с Международной корпорацией «Цзинь Мань», возглавляемой генеральным директором господином Чэн Мин.
🤝 Укрепление кыргызско-китайских отношений и создание мощной базы для профессионального роста наших студентов.
Ключевые направления сотрудничества:
📍 Организация практики для студентов специальностей «Переводческое дело», «Юриспруденция» и «Экономика».
📍 Дальнейшее трудоустройство выпускников в структурах крупнейшего туристического оператора.
Корпорация «Цзинь Мань» специализируется на организации масштабных туров и экскурсий, предоставляя нашим студентам уникальную возможность применить знания в реальном бизнесе.
Развиваемся вместе, покоряем мировые стандарты! 🌎
✨
18/04/2026
“Профориентация - путь к осознанному будущему”
📌Преподаватели учреждения “БИК” в 2026 года в апреле месяце начали проводить профориентационную работу среди учащихся 9-х классов с целью набора студентов. Они посещали школы, ознакомили учеников с образовательными программами, специальностями и условиями поступления.
В ходе встреч преподаватели рассказали о преимуществах обучения в учреждения “БИК”, помогали школьникам определиться с выбором специальности и отвечали на интересующие вопросы учеников. Данная работа направлена на привлечение выпускников 9-х классов и их дальнейшее успешное профессиональное самоопределение.
Администрация учреждения “БИК”
18/04/2026
“БИК” мекемесиндеги адистиктер - СЕНИН келечегиң!
📌2026-жылдын апрель айында “БИК” мекемесинин окутуучулар жамааты жана студенттер кеңешинин курамы профориентациялык иштерди жүргүзө баштады. Бул иш-чаралар жалпы билим берүүчү мектептердин 9-класстарынын окуучуларына багытталып, алардын келечектеги кесибин туура жана аң-сезимдүү тандоосуна көмөк көрсөтүү максатын көздөйт.
Профориентациялык иштердин алкагында окуучуларга “БИК” мекемесинде ишке ашырылып жаткан билим берүү программалары, адистиктер жана окуу шарттары тууралуу кеңири маалыматтар берилди. Ошондой эле эмгек рыногунда талап кылынган кесиптер жөнүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, окуучулардын кызыгуусун арттырууга өзгөчө көңүл бурулду.
Иш-чаралардын жүрүшүндө окутуучулар тарабынан маалыматтык жолугушуулар, түшүндүрүү иштери жана кеңеш берүү үчүн баарлашуулар уюштурулуп, буклеттер таркатылды. Мектеп окуучулар өздөрүн кызыктырган суроолорго жооп ала алышты.
“БИК” мекемесинин администрациясы
08/04/2026
📌2026-жылдын 31-мартында
“БИК” мекемесинин математика жана геометрия сабактарынын улук окутуучулары: Стамбаева Миргүл Шамыркановна, Ашимова Зейнеп Арстанбековна эжекелерибиздин жетекчилиги менен 1-курсунун студенттери К. Көлбаев атындагы Бишкек автомобиль - жол колледжине “Илим, билим берүү, инновациялар: математика жана табигый илимдердин жаңы мүмкүнчүлүктөрү” аттуу экинчи эл аралык студенттик илимий-практикалык конференцияга катышып келишти.
💫Жыйынтыгында студенттерди жетектеп барган окутуучулар ЫРААЗЫЧЫЛЫК КАТТАР ал эми төмөндөгү 1-курсунун студенттери ТАСТЫКТАМАЛАР менен сыйланышты.
Алар:
1. Азисбеков Данияр Нурдинович, М-1-25 тайпасынын студенти
2. Асанова Самира Акылбековна, К-2-25 тайпасынын студенти
3. Медербекова Медина Медербековна, К-1-25 тайпасынын студенти
4. Назарбекова Амина Максатбековна, К-3-25 тайпасынын студенти
5. Осмонова Дияра Азаматовна, К-3-25 тайпасынын студенти
6. Садырбаева Мадина Нурбековна, Ф-1-25 тайпасынын студенти.
💐Жогорудагы илимий - практикалык конференцияга жигердүү катышкан окутуучуларга жана илимий баяндама жазган студенттерге терең ыраазычылык билдиребиз! Ар бириңиздерге бекем ден соолук, иштериңиздерге жана окууларыңыздарга албан-албан ийгиликтерди каалайбыз!!!
“БИК” мекемесинин администрациясы
07/04/2026
🎓 «Орхун» алмашуу программасы 🌍
Төмөнкү студенттер «Аланья» университетинде чет тили жана түрк тили багыттары боюнча 06.02.26 – 20.05.26 аралыгында билим алышууда:
Алтынбекова Айгерим
Талантбекова Асема
Осмонахунова Нурзат
Темирбекова Ажара
Жакыпова Элена
✨ Ийгиликтүү окуу каалайбыз! 📚🇹🇷
31/03/2026
Круглый стол работодателей экономического отдела — это форма профессионального взаимодействия представителей организаций и образовательного учреждения, направленная на обсуждение актуальных требований рынка труда.
С участием представители компаний-работодателей, администрация колледжа, преподавательский состав «Гуманитарно-экономического отдела», студенты и родители.
1. Акбаралиев Захриддин Аскаралиевич – зам. директора ОАО “Айыл Банк” Бишкекский филиал
2. Акматов Улан Насирдинович – главный управляющий, инженер ОсОО “Биовит”
3. Суйменалиев Койчуман Сагынбекович – ст. эксперт Департамента аналитики и отчетности ОАО “Госфинхолдинг
4. Исраилова Аида Айтикуловна – директор ОсОО “Универсал плюс”
5. Садырбекова Марал Данияровна - главный бухгалтер фирмы “Kagazgroup”
6. Чудубаева Кымбат Жолчубековна – руководитель ОсОО «Контора и Ко»
7. Маматов Темирлан Асанович – ведущий специалист по обслуживанию клиентов ОАО “Айыл Банк” Бишкекский филиал
8. Нуралиева Элмира Акимбековна – главный бухгалтер ОсОО «Бай Дыйкан»
9. Шамбетов Улан – представитель Социального фонда Ленинского района
10. Акунова Нурия Замирбековна – старший менеджер отдела международной логистики ОсОО «АРС Компании»
В ходе мероприятия рассматриваются вопросы совершенствования образовательных программ, соответствия компетенций выпускников требованиям работодателей, организации практик и стажировок, а также внедрения современных методов обучения.
По итогам круглого стола вырабатываются рекомендации по улучшению подготовки специалистов экономического профиля и укреплению сотрудничества с работодателями.