KTMÜ Mezunlar Derneği

KTMÜ Mezunlar Derneği KTMÜ Mezunlar Derneği Resmi Facebook Sayfasına Hoş Geldiniz!!!

31/01/2023

Welcome to the International Symposium “Microorganisms and the Biosphere (Microbios-2023)”, which will be held on June 15-16, 2023, at the Kyrgyz-Turkish Manas University.

Урматтуу бүтүрүүчүлөр!!! Тиркемедеги линкти толтуруп берүүңүздөрдү сурайбыз. Алдын ала ыраазычылык билдиребиз.
27/12/2022

Урматтуу бүтүрүүчүлөр!!! Тиркемедеги линкти толтуруп берүүңүздөрдү сурайбыз. Алдын ала ыраазычылык билдиребиз.

Урматтуу КТМУ бүтүрүчүлөрү. Университетибиз QS рейтинги үчүн иш-берүүчүлөр тууралуу маалымат топтоодо. Маалымат үчүн азыртадан ыраазычылык билдиребиз!

02/02/2022

Limon.KG запускает авторский видеопроект «StartUp», где молодые и успешные предприниматели, которые начинали с чистого листа, будут делиться собственным опытом создания ...

06/04/2021

Элибизди эл кылып улут кылып келаткан улуу белгибиз эне тил экени талашсыз. Бир канча акын жазуучуларыбыз тил жөнүндө көөнөрбөс мурас катары өздөрүнүн чыгарм...

ЭРНИС АБДЫКЕЕВ, «А плюс» камсыздандыруу компаниясынын жетекчиси.КТМУнун 2002-2003-окуу жылынын бүтүрүүчүсү
08/12/2020

ЭРНИС АБДЫКЕЕВ, «А плюс» камсыздандыруу компаниясынын жетекчиси.

КТМУнун 2002-2003-окуу жылынын бүтүрүүчүсү

КТМУнун 2002-2003-окуу жылынын бүтүрүүчүсү

Алыкул Осмонов "Көлдүн кечки көрүнүшү"Көркөм окуган:Тинатин Насирдинова
08/12/2020

Алыкул Осмонов "Көлдүн кечки көрүнүшү"
Көркөм окуган:
Тинатин Насирдинова

Көркөм окуганТинатин Насирдинова

-Саламатсызбы, өзүңүз жөнүндө айта кетсеңиз Саламатсызбы, аты жөнүм Адилет Абишов. Талас облусунда төрөлүп, чоңойгом. Ме...
06/11/2020

-Саламатсызбы, өзүңүз жөнүндө айта кетсеңиз
Саламатсызбы, аты жөнүм Адилет Абишов. Талас облусунда төрөлүп, чоңойгом. Мектепти аяктагандан кийин борборубуздагы бир канча окуу жайга тапшырып, анын ичинен "Манас" университетин тандап алганмын. Университетте убакытты сабактарга караганда коомдук иштерге көбүрөөк бөлүп, клуб президенти, факультет башчысы болуп, студенттик кеңештин комитеттеринде иштеп жүрдүм. 2014-жылы университеттин экологиялык инженерия бөлүмүн аяктадым. Андан соң Анкара шаарындагы Хажеттепе университетинде магистратурада окудум.
-Карьераңыздын алгачкы тепкичи
Расмий түрдө айта турган болсом, 2015-жылы Анкара шаарындагы кыргыз диаспорасынын башкы катчысы катары карьерамды баштагам. Аны менен катар Анкара шаарында окуган студенттердин студенттик кеңешинин төрагасынын да милдетин аткардым. 2016-жылы Анкара шаарында Нурбек Табышев байке менен чогуу консалтинг, авиабилет, логистика багыттарында иш алып барган биринчи кыргыз фирмасын түптөдүк. Ошентип ишкердик тармагында алгачкы тажрыйбабызды Түркияда топтогонбуз.
-Учурда эмне менен алектенесиз?
Учурда фирмабыздын офистери Анкара, Стамбул, Бишкек шаарларында иш алып барып жатат. Андан тышкары Талас жергесинде Түркия элине сый урмат катары "Анкара" деп атын атап, супермаркет, тез татым жайын иштетип жатабыз. Кудайга шүгүр, учурда жалпысынан 20га жакын адамды туруктуу жумуш орду менен камсыз кылып келебиз.
-Кесип тандоодо эмнеге көңүл буруу керек деп ойлойсуз?
Кесипти алып келген кирешесине эмес, көңүлгө жакканына карап тандаганга аракет кылыш керек. Тилекке каршы жашообуздагы эң маанилүү тандоолордун бирөөсүн көпчүлүк учурда туура эмес жасап алабыз. Анткени мектепти жаңы бүтүп, эмнени каалап жатканыбызды өзүбүз да билбейбиз. 1-2-курска келгенде гана так тандоо жасай алабыз. Ошол учурда бөлүмдү алмаштырыш керек болсо, эч ойлонбостон каалап жаткан, жагып жаткан кесипке өтүп кетиш керек. Өмүр бою жаккан жумушта иштөө үчүн 1-2 жылды текке кетирүү эч нерсеге арзыбайт. Мен өзүм инженерия багытында бакалавр, магистратураны бүтүрсөм да, тилекке каршы бир күн дагы кесибим боюнча иштеген жокмун. Бирок эч өкүнбөймүн, себеби учурда өзүмө жаккан иш чөйрөм бар.
-Учурда окуп жаткан студенттерге кеңешиңиз
"Манастын" студенти болуунун өзү эле өтө чоң сыймык жана зор бакыт. Себеби бардык шарттары бар кампус, тажрыйбалуу мугалимдер, өзүнө тарткан студенттик атмосфераны башка жерден табуу кыйын. Эң маанилүүсү жашоодо дайыма жөлөк таяк болгон жакын досторду ушул жерден табабыз. Студенттик 5 жыл убакыт өтө тез өтүп кетет. Колдон келишинче университеттин бардык мүмкүнчүлүктөрүн колдонуп, сабактарга гана байланбастан, коомдук иштер, дебат, спорттук иш чаралар ж.б. активдүү катышканга аракет кылыш керек. Анткени ошол иштерден алган тажрыйба, көп кырдуу кесиптин ээси кылып тарбиялайт. Студенттик кезде активдүү болуп жүргөн айланамдагылар, учурда баары өзүнүн ишинде чоң ийгиликтерди жаратып жатышат.
-Алдыга койгон максаттарыныз кандай жана бул жашоодо сиз үчүн эмне маанилүү?
Учурда эң чоң максатым - колдон келишинче айыл жергесинде көп сандагы жумушчу ордун түзүү. Себеби өлкөбүздүн чоң көйгөйлөрүнүн бири болгон миграцияга аз да болсо жолтоо болуп, үй бүлөөсүнүн жанында иштеп, балдарына жакындан тарбия бере турган шарт түзөлү деп аракет кылып жатабыз. Толук кандуу тарбия, жакшы билим алган балдар өлкөбүздүн келечегине чоң салым кошот деп ишенем.
Мен үчүн эң маанилүү нерсе - Кудайдын жана элдин ыраазычылыгына ээ болуу. Кичине болсо да элдин жашоосун жакшы нукка бурууга себепчи болуу. Менимче андан өткөн ыйык нерсе жок болуш керек.
-Маегиңизге чоң рахмат, иштериңизге ийгилик!
Даярдаган: Саадат Казакбаева

Address

Bishkek
720044

Alerts

Be the first to know and let us send you an email when KTMÜ Mezunlar Derneği posts news and promotions. Your email address will not be used for any other purpose, and you can unsubscribe at any time.

Contact The School

Send a message to KTMÜ Mezunlar Derneği:

Shortcuts

Share