23/04/2023
Балдар бакчасынын жетишсиздиги - өлкөбүздөгү эң негизги көйгөй. Билимдүү Кыргызстан / Образованный Кыргызстан каражат талап кылбаган жолдорду сунуштайт!
Кыргыз Республикасынын Балдар укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асель Чынбаеванын төмөндөгү маегинен алынган бир нече маанилүү маалыматтар менен бөлүшөбүз:
🔔 Балдарды мектепке чейинки билим берүү мекемелерине тартуу маселеси көп жылдардан бери чечилбей келет. Бала бакчаларга жалпы мектепке чейинки курактагы балдардын 24%ы гана барат. Мектепке чейинки курактагы 1 миллион 118 миң баланын 200 миңге жакыны бала бакчага барат, 900 миңге жакын балдар мындай мүмкүнчүлүккө ээ эмес. Бул балдардын көбү айыл жеринде, ошондой эле шаарларга чектеш жаңы конуштарда жашашат. Булар көбүнчө калктын аярлуу катмарындагы үй-бүлөлөрдүн балдары;
🔔 Көйгөй барган сайын күчөй берет. Калктын өсүшү чоң. Кыргызстанда жылына 150 миңдей бала төрөлөт;
🔔 Билим берүү министрлигинин эсеби боюнча өлкөгө 2,5 миңден ашык кошумча бала бакча керек;
🔔 Бүгүнкү күндө 1712 бала бакча (1500 мамлекеттик жана муниципалдык жана 212 жеке менчик) бар. 200 миң баланын ичинен 95%ы мамлекеттик же муниципалдык бала бакчаларга, 5%га жакыны жеке менчик бала бакчаларга барат. Жаңы бала бакчаларды курууга бюджеттен бөлүнгөн каражат жетишсиз;
🔔 2022-жылдын 22-декабрында балдардын мектепке чейинки билим берүү менен камтылышын жогорулатуу үчүн шарттарды түзүүгө багытталган Министрлер Кабинетинин №683-т токтому кабыл алынган.
🔔 Министрлер Кабинети төмөнкүлөрдү сунуштайт: санитардык нормаларды кайра карап чыгуу, жеке менчик турак жайларда жеке бала бакчаларды ачууга уруксат берүүнү, бала бакчаларды ачууда лицензиялоодон кабарлоо тартибине өтүү (+ санитардык жана өрткө каршы кызматынын корутундусу), мектепке чейинки билим берүү боюнча кызмат көрсөтүү укугун жеке ишкерлерге берүү, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун ишке ашыруу, баланын эрте куракта өнүгүүсүнүн маанилүүлүгү боюнча маалыматтык кампанияларды жүргүзүү ж.б.
Маек толугу менен бул шилтемеде:
https://kaktus.media/doc/473509_asel_chynbaeva_o_tom_kak_resh*t_problemy_doshkolnogo_obrazovaniia.html?fbclid=IwAR30AoBV_ecXX144ro60tHI6FlDhoOnoIIaT3M1s1M9y3BQypYnpNuhtxts