15/05/2018
Лаа иляха иллаллох
Келименин мааниси
● Далили:
﴾Адилеттүүлүктү орнотуучу Аллах өзүнөн башка сыйынууга татыктуу зат жок экенине, периштелер, илим ээлери күбөлүк беришти﴿ [Аали-Имран:18].
(Аллахтан башка сыйынууга татыктуу зат жок экенин билгин) [Мухаммад:19].
● Мааниси:
Аллахтан башка сыйынууга татыктуу зат жок.
● Мындан башка маанилер туура эмес (мисалы):
1 - Аллахтан башка маъбуд (сыйынылган) жок деген туура эмес:
Анткени ар бир сыйынылган акылуу же акысыз Аллах болуп саналып калат.
2 - Аллахтан башка жаратуучу жок деген:
Бул маанисинин бир бөлүгү бирок максаты эмес, эгерде лаа илааха иллаллох мааниси ушул болгондо пайгамбарыбыз, ага Аллахтын саламы жана салаваты болсун, менен коомдун ортосунда талаш-тартыш болмок эмес, анткени алар Аллах Тааланы жаратуучу экенине ишенишчү.
3 - Аллахтан башка өкүмдар жок:
Деген да маанисинин бир бөлүгү, бирок, бул жетиштүү эмес, максаты да эмес, эгерде, алар Аллах Тааланын жалгыз өкүмдарлыгына ишенгенде, бирок, Аллахтан башкага сыйынышса таухид пайда болбойт болчу.
● Түркүктөрү:
Түркүктөрү экөө:
1 - Жокко чыгаруу ( лаа илааха). Мааниси: Аллахтан башка бардык сыйынылгандардан ибадаттарды жокко чыгаруу.
2 - Бекемдөө (иллаллох). Мааниси: Ибадаттарды шериги жок жалгыз гана Аллахка бекемдөө.
Далили «Кимде ким тоогууттарды (шайтан, көзү ачык, бакшылар) жокко чыгарса ﴿ (бул жокко чыгаруу) ﴾ Аллахка иман келтирсе ﴿ (бул бекемдөө) ﴾ (диндин) бекем түйүнүн кармады» [Бакара:256].
﴾ Ибрахимдин атасына, коомуна силер сыйынып жаткан (буттарыңардан) баш тарттым﴿ ﴾бирок мени жаратканга гана (сыйынамын) ал мени туура жолго салат (деген сөзүн)﴿ эстегин. [Зухруф:26-27].
● Инсанга лаа илааха иллаллох деген келиме качан пайда берет?:
1- Эгерде маанисин туура түшүнсө.
2- Талабын аткарса (жалгыз Аллахтан башка эчкимге сыйынбаса).