19/09/2026
КМТУ жалпы шаардык ишембиликке активдүү катышты
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы №305 Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында 2026-жылдын 19-сентябрында Бишкек шаарында жалпы шаардык ишембилик өткөрүлдү.
Ишембиликтин негизги максаты — шаар аймагында тазалыкты камсыз кылуу, санитардык абалды жакшыртуу, көчөлөрдү жана коомдук жайларды көрктөндүрүү, ошондой эле айлана-чөйрөнүн тазалыгын сактоого коомчулуктун салымын жогорулатуу.
Жалпы шаардык ишембиликке И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин бардык кампустарынын кызматкерлери жана студенттери активдүү катышты. Тазалык иштери университеттин аймагында гана эмес, ага жакын жайгашкан бекитилген аймактарда, тротуарларда, арыктарда жана көчөлөрдүн жээктеринде жүргүзүлдү.
КМТУнун жамааты шаарды таза жана көрктүү сактоого өз салымын кошуп, Бишкектин аймактарын иретке келтирүүгө багытталган жалпы шаардык демилгеге активдүү катышты.
Тазалык — жалпыбыздын жоопкерчилигибиз!
_________________________________
КГТУ активно принял участие в общегородском субботнике
В рамках реализации Указа Президента Кыргызской Республики от 6 сентября 2022 года №305 19 сентября 2026 года в Бишкеке состоялся общегородской субботник.
Основная цель мероприятия — обеспечение чистоты городской территории, улучшение санитарного состояния, благоустройство и озеленение улиц, а также повышение ответственности жителей за состояние окружающей среды.
В общегородском субботнике активное участие приняли сотрудники и студенты всех кампусов Кыргызского государственного технического университета имени И. Раззакова.
Работы проводились не только на территориях университета, но и на прилегающих закреплённых участках: были очищены тротуары, арыки, обочины и прилегающие к улицам территории.
Коллектив КГТУ внес свой вклад в благоустройство столицы и поддержал общегородскую инициативу, направленную на сохранение чистоты и создание комфортной городской среды.
Чистота города — общая ответственность!
#КГТУ