09/11/2025
🌸 Японияга жазгы билим берүү туру — 2026-жылдын март айы 🌸
Токионун эң мыкты университеттери жана маданияты менен тааныш!
7 күндүк билим берүү туруна окуучуларды, студенттерди жана бүтүрүүчүлөрдү чакырабыз.
🎯 Турдун максаты:
Япониянын билим берүү системасы, маданияты жана тили менен жакындан таанышуу.
Катышуучулар Япониянын алдыңкы университеттерине, колледждерине жана жапон тили мектептерине барышат, кабыл алуу шарттары, студенттик жашоо жана келечектеги мүмкүнчүлүктөр тууралуу маалымат алышат.
🎓 Билим берүү программасы:
• Токио университети (The University of Tokyo) — кампус, багыттар жана атмосфера менен таанышуу
• Токио чет тилдер университети (Tokyo University of Foreign Studies)
• Хитоцубаши университети (Hitotsubashi University)
• Охара колледжи (Ohara College) — кесиптик программалар жана сабактар менен таанышуу
🏮 Маданий бөлүгү:
• Салттуу чай иче турган азем 🍵
• Кимоно кийип көрүү тажрыйбасы 👘
• Токионун белгилүү жерлери: Асакуса, Сибуя, Синдзюку, Одайба
• Музейлер жана маданий борборлорго баруу
• Токио боюнча сейилдөө
📅 Узактыгы:
7 күн / 2026-жылдын март айы
💰 Турдун баасы:
800 АКШ доллары
✅ Баага киргендер:
• Токиодогу жатакана толому
• Эртең мененки жана кечки тамак
• Билим берүү жана экскурсиялык программа
• Бардык иш-чараларга кирүү билеттер (чай аземи, музей ж.б.)
• SaatBilim координаторунун коштоосу
• Шаар ичиндеги транспорт (программа боюнча)
• Катышуу сертификаты
❌ Баага кирбегендер:
• Бишкек ✈️ Токио ✈️ Бишкек учак билети
• Түшкү тамак (7 күнгө болжол менен 150 АКШ доллары)
• Жеке чыгымдар
• Медициналык камсыздандыруу — 30 АКШ доллары.
👥 Кимдер үчүн:
• 10–11-класстын окуучулары
• Колледж жана университет студенттери
• Японияда билим алууну кыялдангандар 🇯🇵
👥 Катышуучулар саны:
Максимум 10 адам — ыңгайлуу формат, ар бир катышуучуга өзгөчө көңүл бурулат.
📍 Уюштуруучу:
SaatBilim — Япониянын билим берүү жана маданият долбоору