12/10/2025
Кыргыз Республикасынын Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы (КР ЖАМК) менен Кыргызстан Ислам университети эки тараптуу кызматташууну улантууда.
Кезектеги иш чара КИУнун Тарбия жана Социалдык иштери боюнча проректору Ниязов Бакытбек устаздын, аскердик кызматын өтөөгө жаңы келген жоокерлерге багытталган “Мекенди сүйүү — ыймандан” деген темада жасаган баяндамасы менен башталды.
Лекциянын жүрүшүндө Бакытбек устаз жоокерлерди мекенге чын ыклас менен кызмат кылууга, ыйман, адеп-ахлак, тартип жана тарбияга чакырды.