02/11/2014
Ашура куну
Мухаррам айынын 10-куну Ашура куну дейт. Бул куну ото коп маанилуу окуялар болгон. Ошондуктан биз дагы бул озгочо конул бурушубуз керек. Факих Абулайс Самаркандий бул куну болуп откон окуяларды айтып откон.
1. Жер асмандын жаралышы
2. Адам (ъалайхис салам)дын тообосу кабыл болуусу.
3. Муса (ъалайхис салам)дын Фираундын зулумунан кутулушу жана Фираундын олушу.
4. Иброхим (ъалайхис салам)дын торолушу. Намруттун отунан кутулуусу.
5. Аюб (ъалайхис салам) оорудан сакайышы. (Айыгуусу)
6. Юнус (ъалайхис салам) балык ичинен чыгуусу.
7. Сулайман (ъалайхис салам) га падышалык берилиши.
8. Нух (ъалайхис салам)дын кемеден тушуусу.
9. Азрети Хусейиндин олтурулушу.
Ашура куну уй-булоосун кубанту.
Абу Хурайра (розияллоху анху) дан риваят кылынган хадисте Пайгамбарыбыз (саллаллоху ъалайхи ва саллам) «Ким мухаррам айынын 10-куну ачык айтканда ашура куну кедей адамдарды кубандырса. Аллах ошол адамды кийинки жылга чейин кубанычка болойт. Ким жетимдин башын сыласа Алла Таала ал адамга жетимдин ар бир тал чачынын эсебиндей сооп жазат. Ким ашура куну бир момундун оозун ачтырса Пайгамбарыбыздын баардык уммотуно ооз ачар кылып бергендин сообун алат.»
Ашура куну окула турган дубалар
حَسْبُنَا اللهُ وَ نِعْم الْوَكِيلُ نِعْمَ الْمَوْلَى وَ نِعْمَ النَّصِيرُ
«Хасбуналлоху ва ниъмал вакиил. Ниъмал мавла ва ниъман насиир.»
Котормосу: «Аллах бизге жетиштуу. Ал кандай гана жакшы окул жана кандай гана жакшы жардамчы» деген дуба 70 жолу окулат.
Ал эми «Субхааналлохи мила ал мийзаани ва мунтахал илми ва маблагор ризо ва зинатал Арщи лаа малжа а ва лаа манжаа миналлоохи иллаа илайхи. Субхааналлоохи ъададаш шафъи вал витри ва ъадада калиматил лаахит таммати куллаха ас алукас салаамата бирохматика я архамар роохимиин. Ва лаа хавла валаа куввата илли биллахил Алийил Азийим. Ва хува хасби ниъмал вакийлу ва ниъмал мавла ва ниъман насииру ва саллаллооху аъла сайидина Мухаммадин хойри холкихи ва ъала аалихи ва асхаабихи ажмаъийн.»
Котормосу: «Тараза толгончо, илимдин аягынча, ыраазычылыгындын жеткенинче. Арштын кооздугунча сени аруулайбыз. Алланын озуно таянуудан башка жай жок. Жуп жана тактык санынча, озунун жалпы создорунун санынча, Алланы аруулайбыз жана сенин мээримдуулугун менен саламат сураййбыз. Оо мээримдуулордун мээримдуусу. Куч куббат Алладан гана. Ал мага жетиштуу. Кандай жакшы окул, кандай жакшы жардамчы жана кожоюн. Мырзабыз жаратылгандардын эн жакшысы Мухаммад (саллаллоху ъалайхи ва саллам) га жана анын уй-булосуно жана досторуна салават жана саламдар болсун» деген дуба 7 жолу окулат.
(с) Ыйык айлар жана кабыл болгон дубалар.