13/06/2024
STORKS DIAMOND, один из ведущих турецких брендов, скоро планирует войти на рынок Кыргызстана. В настоящее время требуются сотрудники на следующие вакансии в брендовом магазине в г. Бишкек:
* Консультанты по продажам
* Специалист по онлайн-продажам
* Специалист по маркетингу
* Бухгалтер
Номер WhatsApp для связи и для отправки резюме: 0555808007.
Репост объявления приветствуется.
13/06/2024
KARACA, один из ведущих турецких брендов, вошедший на рынок Кыргызстана в прошлом году, в настоящее время набирает сотрудников на следующие вакансии в своем магазине в ТЦ Asia Mall:
* Управляющий
* Администратор
* Специалист по маркетингу
* Консультант по продажам
* Бухгалтер
* Оператор
Если у вас есть знакомые, знающие турецкий язык, имеющие опыт работы в розничной торговле и ищущие работу, поделитесь, пожалуйста, данной информацией.
Номер WhatsApp для связи и для отправки резюме: 0555808007.
03/06/2024
Урматтуу бирикмебиздин мүчөлөрү,
Өткөн жылы Кыргызстан базарына кирген Түркиянын алдыңкы соода маркаларынан KARACA учурда Asia Mall СБдагы дүкөнүнө төмөнкү жумуш орундарына кадрларды кабыл алууда:
• Башкаруучу
• Администратор
• Маркетинг адиси
• Сатуучу-консультант
• Бухгалтер
• Операционист
Түркчө билген, retail багытында тажрыйбасы бар, иш издеп жаткан тааныштарыңыздар болсо, бул маалымат менен бөлүшүп коюуңуздарды суранабыз.
Байланыш жана резюмелер боюнча Whatsapp номери: 0555808007.
11/10/2023
📢📢📢 Исхак Раззаков боюнча поэзия жана дил баян конкурсу
Урматтуу мектеп окуучулары,
✅ Кыргыз Республикасынын Баатыры, калкыбыздын улуттук лидери, чыгаан мамлекеттик ишмер Исхак Раззаковдун 113 жылдыгына карата мектеп окуучуларынын арасында поэзия жана дил баян боюнча конкурс жарыяланат.
✅ Конкурска республикабыздын бардык мектептеринин 9-10-11-класстарынын окуучулары катыша алат.
✅ Чыгармаларды 2023-жылдын 20-октябрына чейин [email protected] электрондук дареги аркылуу уюштуруу тобуна жибере аласыздар.
✅Эскерте кетсек эң мыкты дил баян жана эң мыкты ыр деп табылган чыгармачылардын авторлоруна Бишкек шаарында өтө турган Исхак Раззаковго арналган иш чарага катышууга жолдомо жана кызыктыруучу белектер берилет. Андыктан чамдаңыздар!
✅ Бардык конкурсанттарга ийгиликтерди каалайбыз!
📩 Кошумча суроолор үчүн билдирүүгө же электрондук почтага жазсаңыздар болот.
08/02/2023
Урматтуу мекендештер,
Түркиядагы жүрөктү эзген апааттан улам жардам чогултуу демилгебизге жигердүү катышып бергенизиңдер үчүн ыраазычылык билдиребиз! ЕБК жана Эгемендик катары тез арада 1 миллион 200 миң сом каражат чогулду. Каражатты Түркия элчилгинин атайын эсебине которуп, Элчи мырзага көңүл айтып, атайын ачылган тазия дептерине тилектерибизди атыңыздардан жазып келдик.
Мындай кырсыктардан алыс бололу, аманчылык болсун!
07/02/2023
Урматтуу мекендештер!
Боордош Түркияда болуп өткөн жер титирөөдөн улам жабыркагандарга жардам берүү максатында каражат чогултуп жатабыз. Бул каражат же накталай түрдө берилет, же жол маселеси чечилип калса аркандай абзел буюмдарды алып берүүгө жумшалат.
Жардам берүүнү каалагандар болсо каражат которуу үчүн эсептер:
Мбанк - 0996555253333 (Окенов Мирбек)
Оптима - 4169585343524160 (Канайым Алыбаева)
Банк: ЗАО КИКБ
р/с: 1280010016556124
Бик: 128001
28/11/2022
Билет баасы: 2500 сом
Байланыш: 0778 15 84 29
06/10/2022
Чет өлкөлөрдө кыргыз аттары менен аталган жер-суу аттары тууралуу угуп же окуп жүрсөңүз керек. Дал ошондой жерлерден бирөө - Түркиянын Эскишехир шаарына жакын жайгашкан Кыргыз Тоосу. Деңиз деңгээлинен 1075 метр бийиктикте. Эмне себептен "кыргыз" аталып калгандыгы тууралуу кыргыз тарапта да, түрк тарапта да маалымат издеп көрдүк, бирок тилекке каршы ишеничтүү булак жокко эсе.
Ошого карабастан, биз, Эгемендик Коомдук Бирикмеси жана Евразия Бизнес Клубу ишкерлер ассоциациясынын мүчөлөрүнөн турган ишкерлер тобу, биринчилерден болуп үстүбүздөгү жылдын 30 сентябрь күнү Кыргыз Тоосуна барып, атыбызды калтырып келдик. Мындай тоо бар экенин бизге маалымдаган, учурунда TİKA Бишкек кеңсесин жетектеген Хакан Эргүн мырзага чоң ыраазычылык билдиребиз.. Кыргыз жарандары катары, бул тоону да өз тообуздай көрүп, эки боордош өлкөнүн ортосундагы мамилелерди бекемдөөгө салып кошо турчу дагы бир “курал” катары түшүнсөк, бааласак туура болобу деген пикирдебиз. Бул саамалыкты улантуу, расмийлештирүү максатында Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Элчилиги ал жердин жеригиликтүү бийлик өкүлдөрү менен бирге эки элдин коомчулугуна Кыргыз Тоосун таанытуу иш-аракеттерин алып барышса деген тилегибиз бар.
19/09/2022
Урматтуу Кыргыз элибиз,
Кыргыз-тажик чек арасындагы акыркы окуялар территориялык бүтүндүгүбүздү коргоо армиябыздын гана эмес, биз жарандардын да түздөн түз милдети экендигин көрсөттү. Ошондуктан, ар бир кыргыз жараны өзгөдөн жардам күтпөй, өлкөбүздүн тагдырын өз колубузга алып, чечкиндүү кадамдарды жасашыбыз керек. Биз жарандык коом жана бийлигибиз биргелешип, төмөнкү иш аракеттерди кылууга чакырабыз:
1. Жерибизди жана элибизди коргоону күчтөндүрүү үчүн:
1.1: Баткен жана Чоң Алайда аскердик базалардын санын көбөйтүү.
1.2: Чек арага жакын айылдарда ошол эле айыл тургундарынан коргоо кошуундарын түзүү. Бул тажрыйбаны Түркия көп жылдардан бери ишке ашырып келет. Мисалы, Вандык кыргыздардын айылын терорристтерден ошол эле айылдан чыккан коргоочулар коргойт. Коргоочулук – бул мамлекеттик кызмат катарына кирет.
1.3: Кыргыз армиясын күчтөндүрүү фондун түзүү. Фонддун негизги каржы булагы катары мамлекетибизге кен иштетүүдөн түшкөн кирешенин бир бөлүгүн жумшоо. Жарандарыбыз дагы өз ыктыяры менен бул фондго атайын банк эсеби аркылуу колдоо көрсөтөт. Бул практика Түркияда көп жылдан бери ийгиликтүү иштеп келет.
1.4: Аскердик өндүрүштү өнүктүрүү: ата-мекендик курал жарак, ок-дары, аскердик техника өндүрүүчү ишканалардын ачуу жана колдоо. Муну менен бирге эле, ЖОЖдорго алдыңкы аскердик технологияларды иштеп чыгуусун тапшырма берүү жана колдоо.
1.5: Орто жана жогорку окуу жайларында баштапкы аскердик даярдык (НВП) дисциплинасын иш жүзүндө жетиштүү деңгээлге чыгаруу.
2. Шейит үй бүлөлөрүнө жана согуш ардагерлерине жардам берүү үчүн:
2.1. Шейит үй бүлөлөрүн колдоо фондун куруу. Фонд алкагында шейит үй бүлөлөрүнө материалдык жардам көрсөтүү, балдарын окутуу (мисалы, бюджеттик окутуу мекемелеринде квота бөлүү, атайын стипендия берүү, ж.б.).
2.2. Туруктуу жардам көргөзгөн физикалык жана юридикалык жактарга салыктык жеңилдиктерди берүү.
---
Кыргыз тарыхында кара барак болгон акыркы окуялар коомубузда өкүм сүргөн жалпы жоопкерсиздиктин натыйжасы экендигин ар бирибиз түшүнүп турабыз. Бул өкүнүчтүү окуядан сабак чыгарып, ар бирибиз бул катаны оңдоо парзыбыз.
Шейиттерибиздин жакындарына жана жоготууларга дуушар болгон жарандарыбызга, дээрлик Кыргыз элибизге терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.
«Эгемендик» Коомдук Бирикмеси жана «Евразия Бизнес Клубу» ишкерлер ассоциациясы
31/08/2021
Эгемендигибиз кут болсун, журтубуз аман болсун, туубуз түбөлүк желбиресин!
19/05/2021
Өлкө жетекчилигинин Кумтөр компаниясы боюнча коюп жаткан чечкиндүү кадамын толугу менен колдойбуз.
Айрым чиновниктердин гана кызыкчылыгын көздөп келген бул долбоор, кеч болсо да мындан ары кыргыз элинин жалпы келечегине кызмат кылуусу, экологиялык кыянаттыктын токтотулушу ар бир кыргыз жаранын кубандырат. Бул процесстин ийгиликтүү аягына чыгышы үчүн жалпы элдик колдоого алынышы, ошондой эле дүйнө коомчулугуна туура маалыматтын өз учурунда жеткирилиши абдан маанилүү.
Улуттун келечегине таасир берчү бул чечимди жапа тырмак колдоого чакырабыз.
19/05/2021
Жакынкы Чыгышта ыйык Орозо айынын акыркы күндөрүнөн баштап бүгүнкүгө чейин уланып келе жаткан Израиль менен Палестина ортосундагы орду толгус окуяларды тынчсыздануу менен байкап турабыз.
Израилдин агрессиясына, Палестина элине каршы теңдешсиз күч колдонуусуна, балдар менен аялдарды, ооруканалар менен социалдык мекемелерди тандабай чабуул коюп жатканын кескин түрдө айыптап, каршы экенибизди билдиребиз.
Дүйнөлүк коомчулук менен катар кыргыз коомчулугун да кайдыгер калбоого үндөйбүз.