01/05/2026
Мир, труд, 1 май 🌸
С Elmira Abylbek
Кыргызстандын XX–XXI кылымдардагы «актай барактарын» изилдөө аянтчасы.
📩 Сунуштар жана кызматташуу үчүн:
+996777133383 БИЗ КИМБИЗ? t.me/esimdekg
WHO ARE WE? КТО МЫ?
Тарыхтагы жана элдин эсинде көмүскөдө калган окуяларды, фактыларды, процесстерди изилдөө жана аңдап түшүнүү боюнча изилдөө аянтчасы. Бул аянтчага XX-XXI кылымдардагы Кыргызстандын жана Борбордук Азиянын тарыхына көз чаптырып, салым кошууга ынтызар, ар түрдүү кесип ээлеринин өкүлдөрү чогулган. This is a research platform for study and understand events, facts, processes and “bl
01/05/2026
Мир, труд, 1 май 🌸
С Elmira Abylbek
01/05/2026
Мир, труд, май!
Фото Всеволод Тарасевич. 1963 г.
01/05/2026
Мир, труд, 1 май 🔆
Фото, герой снимка и пожелания @Андрей Сопуев-Бакетаев.
❕Пусть в каждом доме будет -спокойствие, в каждом сердце - тепло, а на нашей земле - мир 🌸
30/04/2026
📍Түп району, Балбай айылы
КАРА-БАТКАК эс тутум жайы. 2024 ж.
🔲 “ЭСИМДЕ ҮРКҮН” эскерүү жүрүшү
🔖 Жергиликтүү аталар 1916-жылы август айында бул эскерүү жайында 400 дөн ашуун адамдар кырылганын айтып беришти.
1991-жылы Үркүндүн жетимиш беш жылдыгына карата бул эскерүү жайында таш орнотулуп “Үркүн 1916” жазуусу чегилген. Бул аймакта чоң эстелик тургузуу маселелери көтөрүлүп, тилекке каршы, азыркыга чейин ишке аша элек.
Август айынын биринчи жумасы Үркүндү эскерүү жумалыгы. Көтөрүлүшкө кыргыздар, казактар, дуңгандар, уйгурлар, сарт-калмактар, татарлардын өкүлдөрү, кээ бир орус, украин дыйкандары катышкан. Көтөрүлүш мыкты куралданган падыша аскерлери менен куралдуу кагылышуунун деңгээлине өсүп жеткен. Июль айынын аягында элдик толкундоолор Жети-Суу облусунда кулач жайган. Ал эми августта куралдуу көтөрүлүштүн алоолонгон оту тутанган. Эң массалык кыргын август айында болгон.
🔲Памятный тур "Эсимде. Үркүн"
📍Түпский район, село Балбай
Место памяти - Кара-Баткак
🔖 Местные аксакалы рассказывали, что в августе 1916 года в этом месте было убито более 400 человек. Беженцы не смогли спастись от карательных отрядов из-за болотистости этого места.
В 1991 году по случаю 75-летия Үркүн, на холме близ Кара-Баткак установлен камень с выгравированной надписью «Үркүн 1916».
Сегодня местные гражданские активисты - ардагеры, поднимают вопрос установки в этом районе большого памятника, мемориала в память о сотнях жертв.
Первая неделя августа - Неделя памяти событий 1916 года.
В восстании приняли участие представители разных народов: кыргызы, казахи, дунгане, уйгуры, сарт-калмаки, татары, часть русских и украинских крестьян.
#үркүнбүтсүн
30/04/2026
Кыргызстан. 1939-жыл.
Фото С. Фридлянд
29/04/2026
Пятая и предпоследняя лекция Эсимде, посвященная 110 летию Үркүн, будет о том, как это событие осмысляется и представляется в мемориалах, искусстве и музеях. Три исследователя — художник Gamal Bokonbaev, музейный эксперт Asel Rashidova и исследовательница памяти Elmira Abylbek — рассмотрят тему с разных перспектив.
Эльмира Абылбек:
— Что происходит с памятью, когда исчезает образ виновника трагедии?
— Чем «живая» память очевидцев отличается от «официальной» памяти?
— О чем рассказывают и о чем врут барельефы об Үркүн?
Гамал Бөкөнбаев:
— Можно ли считать ранние произведения об Үркүн искренним художественным высказыванием, или это была идеологическая конструкция?
— Почему тема Үркүн сначала активно развивалась в искусстве, а затем оказалась под жесткой цензурой?
— Как художники 1970–80-х годов говорили о запретной теме, не называя её напрямую?
Асель Рашидова:
— Может ли музей быть нейтральным?
— Почему музей до сих пор воспринимается как «священное место», а не как пространство для обсуждения и споров?
— Как советское наследие продолжает влиять на то, как мы видим историю в музеях сегодня?
🗓 Дата и время: 11 мая, 19:00
📍 Место: ул. Юнусалиева, 80 (ololoPlanet)
📱 Регистрация: +996 777 133 383 (WhatsApp)
Лекция проходит в рамках цикла, приуроченного к 110-летию Үркүн. Вход бесплатный.
| 2026
28/04/2026
«Мезгил» романы жарык көргөндө компартия тарабынан катуу сындалган. Себеби анда орус тектүү Красин аттуу каарман алсыз, аялуу көрсөтүлгөн»
Эсимдеде филолог Gulzada Stanaliyevaнын «1916-жыл кыргыз адабиятында кандай чагылдырылган?» аттуу лекциясы өтүп жатат.
Бул Үркүндүн 110 жылдыгына арналган Эсимденин төртүнчү лекциясы. Буга чейин биздин аянтчада Рыскул Жолдошев, Гүлзада Абдалиева жана Элери Битикчинин лекциясы болуп өткөн.
| 2026
28/04/2026
«Мен бул темага кирердин алдында саналуу эле чыгармаларды табам го деп ойлогом, көрсө, 1916-жыл тууралуу өтө көп адабий чыгармалар бар экен»
Эсимдеде филолог Gulzada Stanaliyevaнын «1916-жыл кыргыз адабиятында кандай чагылдырылган?» аттуу лекциясы өтүп жатат.
Бул Үркүндүн 110 жылдыгына арналган Эсимденин төртүнчү лекциясы. Буга чейин биздин аянтчада Рыскул Жолдошев, Гүлзада Абдалиева жана Элери Битикчинин лекциясы болуп өткөн.
| 2026
28/04/2026
«Суу менен ооз ачып жатып, бала чагым эске түштү. Атам чабан болгондуктан, жайлоо, кыштоодо көчүп жүрөр элек. Суу алыс болгондуктан болсо керек, айтор, кээде түн ичинде суусап калганда:
— «Эне, суу ичем?» — десек, чоң энем (ыраматылык Гүлайым Жунушаалы кызы):
— «Чычкан аке, суу берчи?» деп кайталап жатсаңар, суусунуңар канат», — деп койчу...
Биз болсо «Чычкан аке, суу бер?» деп кайра-кайра кайталап жатып, уйкуга кетер элек.
Бул эмне сыйкырдуу сөз, кандай мааниси бар, алиге чейин билбейм. Чоң энемден сурап албаганыма өкүнөм...
Менин балалык оюмда уктап жаткан кезде «чычкан аке» оозума суу ташып куюп койчудай элестетчүмүн.
Кийин залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун «Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт» чыгармасын окуп жатып, «Чычкан аке, суу бер» деген сөздү окудум.
Гүлайым чоң энем сууну ысырап кылбоо, таза сактоо тууралуу бизге көп насааттарды айтчу.
А түгүл, «сууга кыл салбагыла, ал жыланга айланат», «сууга бычак сайсаң, ал өзүңө сайылат» деп коркутчу. Муну менен ал бизди сууну таза сактап, аздектөөгө үйрөтчү тура.
Суу түтүгүн унутуп, өчүрбөй агызып койсок: — «Илгери силерге окшогон балдар суу алып жатып, кудуктун үстүн унутуп, ачык таштап коюптур. Суу кудуктан ашып отуруп, бир шаарды бүт басып калыптыр», — деп суу тууралуу көптөгөн икаяларды айтып берет эле.
Шариятта деле даарат алганда да сууну ашыкча колдонуу туура эмес экени айтылат...
Айтайын дегеним, өсүп келе жаткан муунга суу тууралуу, аны ысырап кылбоо тууралуу тарбиялык сабактарды өткөрсөк жакшы болмок. Суу — өмүрдүн булагы. Балдарыбызга, келечек муундарга сууну кастарлоону, эл-жерибизди барктай, сактай билишти үйрөтөлү....»
© Майрамбек Деркембаев
| 2026
28/04/2026
Эсимде в Чернобыле.
5 лет назад.
Мы не могли туда не поехать. Знать и чувствовать эко-катастрафу это не просто Память, это Предупреждение. Слишком много знаков вокруг …
4️⃣0️⃣-ая годовщина аварии на Чернобыльской АЭС — крупнейшей техногенной катастрофы в истории атомной энергетики, произошедшей в 1986 год отмечается сегодня 26 апреля.
2 часа от Киева - расстояние от места катастрофы. Чернобыль это:
✔️ замороженная Советская действительность. В идеологии, политики, социальных инфраструктурах.
✔️ Холодная война, в ее самом главном проявлении - вооруженном противостоянии. Огромный радар, предназначенный улавливать атомные взрывы противника. Тот который потом, наоборот, дал сигнал всему миру о том, что происходит в Припяти в СССР. Может быть если бы не он трагедия скрывалась бы ещё долгое время, а люди так и заражались.
✔️ Чернобыль стал первым событием, забившим гвоздь в развал Советской системы. Доверие - то, что стало стремительно таять.
✔️ напоминание - «человек НЕ царь природы». Здесь природа об этом хорошо напоминает, прорастая везде - беря своё.
✔️ помнить, запоминать уроки.
P.S. Когда через пару десятков лет вошли ученные, первыми они запустили на заражённую территорию лошадок Пржевальского. Те оказались выносливыми и живучими и здесь.
27/04/2026
Эртеңки Үркүнгө арналган лекцияга камданып жатабыз. Унутуп калбаңыздар. Катталуу үчүн: +996777133383 (WhatsApp)
***
Эгер сиз көптөн бери 1916-жылдагы окуялар тууралуу терең жана ар тараптуу маалымат алгыңыз келип жүрсө, бул — эң мыкты мүмкүнчүлүк.
«Эсимде» аянтчасы Үркүн тууралуу лекциялардын сериясын уюштурууда. Алардын төртүнчүсүн филология илимдеринин кандидаты, адабиятчы Gulzada Stanaliyeva айым өтмөкчү.
Лекциянын негизги суроолору:
— Үркүн тууралуу сиз билбей жүргөн дагы кандай чыгармалар бар?
— Эмне үчүн Үркүндүн адабияттагы чагылдырылышын төрт этапка бөлүп кароого болот?
— Доор өзгөргөн сайын адабияттагы Үркүнгө болгон көз караш кантип өзгөрдү?
— Адабиятта бул окуянын себептерин түшүндүрүүдө кайсы тарыхый факторлор үстөмдүк кылат?
🗓 Күнү жана убактысы: 28-апрель, 19:00
📍 Өтө турчу жери: Юнусалиев көч., 80 (ololoPlanet)
Лекциялар Үркүндүн 110 жылдыгына арналат. Катышуу акысыз.
| 2026
27/04/2026
Мындан 5 жыл мурун кеңсебизге Dastan Temir - Дастан Темиров аттуу жапжаш 2-курстун студенти келип, колубузга он чакты Үркүнгө арналган өзүнүн сүрөттөрүн белек кылып кеткен эле. Андан бери биз бул графикаларды көтөрүп алып, Үркүндү эскерүү жүрүшүнө чыктык, жада калса Караколдогу барельефтин алдында көргөзмө өткөрдүк.
Бул сүрөттөр биз үчүн абдан баалуу — алардын мааниси, Эсимде менен байланышкан тарыхы. Ошол себептен аларды дале сактап жүрөбүз. Ал эми алардын айрымдары биздин жакында жарык көрө турган китебибизде да колдонулду.
Бүгүн Дастан мырзанын туулган күнү. Сизге чыгармачылык ийгилик, бекем ден соолук жана дем-күч каалайбыз. «Эсимде» алгачкы жылдары кадам таштап келатканда көрсөткөн тилектештигиңиз, колдооңуз үчүн чоң рахмат. Унутпайбыз. Эсимде.
| 2026
| Monday | 09:00 - 18:00 |
| Tuesday | 09:00 - 18:00 |
| Wednesday | 09:00 - 18:00 |
| Thursday | 09:00 - 18:00 |
| Friday | 09:00 - 18:00 |