Кыргызский Экономический Университет

Кыргызский Экономический Университет Кыргызский Экономический Научно-Исследовательский Университет им. М.Рыскулбекова (НИУ КЭУ)

Урматтуу студенттер жана кадырлуу кесиптештер!Сиздерди — Билим күнү жана жаңы окуу жылынын башталышы менен чын жүрөктөн ...
15/09/2026

Урматтуу студенттер жана кадырлуу кесиптештер!

Сиздерди — Билим күнү жана жаңы окуу жылынын башталышы менен чын жүрөктөн куттуктайбыз!

Билим — адамдын келечегин жарык кылган эң баалуу байлык. Ар бир жаңы окуу жылы жаңы максаттарга, жаңы мүмкүнчүлүктөргө жана чоң жетишкендиктерге жол ачсын.

Урматтуу студенттер, сиздерге талыкпас изденүү, бийик максат, бекем ишеним жана окууңуздарда ийгиликтерди каалайбыз! Ал эми окутуучуларга чыгармачылык дем, чыдамкайлык жана эмгегиңиздердин үзүрүн көрүүнү каалайбыз.

Жаңы окуу жылы ар бириңиздерге ийгилик, жакшы жаңылыктар жана жаркын мүмкүнчүлүктөрдү алып келсин!

Билим күнүңүздөр кут болсун! Жаңы окуу жылыңыздар ийгиликтүү болсун!

📢 СРОЧНАЯ ВАКАНСИЯ!НИУ «КЭУ им. Мусы Рыскулбекова» приглашает на работу преподавателя русского языка.🎓 Требования к канд...
11/09/2026

📢 СРОЧНАЯ ВАКАНСИЯ!

НИУ «КЭУ им. Мусы Рыскулбекова» приглашает на работу преподавателя русского языка.

🎓 Требования к кандидату:
• высшее образование, квалификация не ниже магистра;
• наличие ученой степени кандидата наук приветствуется;
• высокий уровень владения русским языком;
• опыт преподавательской работы в вузе будет преимуществом;
• ответственность, профессионализм и коммуникабельность.

📍 Место работы: НИУ «КЭУ им. Мусы Рыскулбекова»
⚡ Вакансия срочная!

📞 Для подробной информации и отклика:
+996 502 966 969

Будем рады видеть в нашей команде квалифицированного специалиста!

#Вакансия #КЭУ #КЭУимМусыРыскулбекова #Преподаватель Работа Бишкек Университет

28/08/2026
20/08/2026

Когда у приёмной комиссии есть список желаний😅

17/08/2026

АБИТУРИЕНТТЕР ҮЧҮН СОНУН МҮМКҮНЧҮЛҮК! 🎓

📢 Кабыл алуунун 6-туру башталды!

🗓 Каттоо: 17-августтан башталат
⏰ 19-август, саат 14:00дө аяктайт

💻 Каттоо «Абитуриент Online» платформасы аркылуу жүргүзүлөт.

✨ Мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбаңыз!
Келечегиңизге кадам таштаңыз — КЭУ ИИУга тапшырыңыз!

ОТЛИЧНАЯ ВОЗМОЖНОСТЬ ДЛЯ АБИТУРИЕНТОВ! 🎓

📢 6-й тур приёма начался!

🗓 Регистрация: с 17 августа
⏰ Завершается: 19 августа в 14:00

💻 Регистрация проходит через платформу «Абитуриент Online».

✨ Не упустите возможность! Подавайте документы и становитесь студентом НИУ КЭУ!

10/08/2026

Багыт тандоодо жалгыз эмессиң — КЭУ ИИУ дайыма жаныңда.

10/08/2026

Коммерция багыты – заманбап соода жана бизнести башкаруу боюнча кесипкөй адистерди даярдайт.

КЭУ ИИУнун ректору Гүлназ Супаева Кыргызстандын жана Өзбекстандын жогорку окуу жайларынын ректорлорунун III форумуна кат...
31/07/2026

КЭУ ИИУнун ректору Гүлназ Супаева Кыргызстандын жана Өзбекстандын жогорку окуу жайларынын ректорлорунун III форумуна катышты

2026-жылдын 29-июлунда Ысык-Көл облусунда «Кыргызстан менен Өзбекстандын университеттеринин стратегиялык өнөктөштүгү: кызматташуунун инновациялык моделдери, академиялык интеграция жана жогорку билим берүүнү, илимди жана инновацияларды өнүктүрүүнүн жаңы мүмкүнчүлүктөрү» аттуу темада Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын жогорку окуу жайларынын ректорлорунун III форуму болуп өттү.

Форум Өзбекстан Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасына мамлекеттик сапарына даярдык көрүүнүн алкагында уюштурулуп, ага эки өлкөнүн жогорку окуу жайларынын жетекчилери, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, илимий жана академиялык коомчулуктун өкүлдөрү катышты.

Иш-чарага “М. Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинин ректору Гүлназ Супаева катышып, жогорку билим берүү тармагындагы эл аралык кызматташтыкты кеңейтүү, академиялык интеграцияны өнүктүрүү жана университеттер аралык стратегиялык өнөктөштүктү чыңдоо боюнча талкууларга активдүү катышты.

Форумдун алкагында пленардык жыйын өтүп, Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын жогорку окуу жайларынын ортосунда кызматташуу боюнча меморандумдарга жана келишимдерге кол коюлду. Ошондой эле студенттик стартаптардын көргөзмөсү уюштурулуп, билим берүү, илим жана бизнес интеграциясы, академиялык мобилдүүлүк, биргелешкен билим берүү программалары жана илимий изилдөөлөрдү өнүктүрүү маселелерине арналган панелдик сессиялар өткөрүлдү.

Мындай эл аралык форумдар университеттер ортосундагы кызматташтыкты жаңы деңгээлге көтөрүүгө, тажрыйба алмашууга, биргелешкен билим берүү жана илимий долбоорлорду ишке ашырууга кеңири мүмкүнчүлүктөрдү түзөт. “М. Рыскулбеков атындагы КЭУ” ИИУ эл аралык өнөктөштүктү кеңейтүүгө жана дүйнөлүк билим берүү мейкиндигинде өз ордун бекемдөөгө багытталган демилгелерди мындан ары да ырааттуу колдоону улантат.

III Кыргыз-Өзбек ректорлор форумунда “М. Рыскулбеков атындагы КЭУ” ИИУнун стартап-долбоору көрсөтүлдү2026-жылдын 29-июлу...
31/07/2026

III Кыргыз-Өзбек ректорлор форумунда “М. Рыскулбеков атындагы КЭУ” ИИУнун стартап-долбоору көрсөтүлдү
2026-жылдын 29-июлунда «Кыргызстан менен Өзбекстандын университеттеринин стратегиялык өнөктөштүгү: кызматташуунун инновациялык моделдери, академиялык интеграция жана жогорку билим берүү, илим жана инновацияларды өнүктүрүүнүн жаңы мүмкүнчүлүктөрү» аттуу III Кыргыз-Өзбекстан жогорку окуу жайларынын ректорлорунун форумунун алкагында студенттик стартап-долбоорлордун көргөзмөсү өткөрүлдү.
Көргөзмөгө Кыргыз Республикасынын 10 жогорку окуу жайынан тандалып алынган мыкты студенттик стартап-долбоорлор катышып, санариптик технологиялар, жасалма интеллект, билим берүү, саламаттык сактоо, агротехнология, экология, өнөр жай жана социалдык ишкердик багыттарындагы инновациялык чечимдер сунушталды.

М. Рыскулбеков атындагы КЭУ ИИУнун атынан «TazaDem» инновациялык стартап-долбоору сунушталды. Долбоор Бишкек шаарындагы абанын булганышын азайтуу жана көмүр менен жылытуучу мештерден чыккан зыяндуу түтүндү тазалоо максатында иштелип чыккан.
«TazaDem» – жеке турак жайлардын морлоруна орнотулуучу электростатикалык чыпка. Ал түтүндөгү майда чаң бөлүкчөлөрүн (PM2.5 жана PM10), көөнү жана башка зыяндуу заттарды кармап калуу аркылуу атмосферага бөлүнүп чыккан булгоочу заттардын көлөмүн олуттуу кыскартууга мүмкүндүк берет.

Учурда долбоордун прототиби даярдалып, анын натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча инженердик сыноолор жүргүзүлүүдө. Стартаптын илимий-изилдөө иштери, прототипти иштеп чыгуу жана сыноо иштери М. Рыскулбеков атындагы КЭУ ИИУнун базасында жүргүзүлүп жатат.

«TazaDem» экологиялык көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган ата мекендик инновациялык долбоор катары абанын сапатын жакшыртууга жана өлкөдөгү туруктуу экологиялык өнүгүүгө салым кошууну көздөйт.

30/07/2026

Биздин окуу жай жана билим берүү багыттары тууралуу кененирээк маалымат алгыңыз келсе, экрандагы номерге кайрылыңыз. Биз сизге кесип тандоодо жардам берүүгө дайым даярбыз!

Address

58, Togolok Moldo Street
Bishkek
720033

Opening Hours

Monday 09:00 - 17:00
Tuesday 09:00 - 17:00
Wednesday 09:00 - 17:00
Thursday 09:00 - 17:00
Friday 09:00 - 17:00
Saturday 09:00 - 11:00

Telephone

+996504456456

Website

Alerts

Be the first to know and let us send you an email when Кыргызский Экономический Университет posts news and promotions. Your email address will not be used for any other purpose, and you can unsubscribe at any time.

Shortcuts

Share